Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү эки жаран кармалды. 2013-жылдын 4-февралында Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылынын 34 жаштагы И.М. аттуу тургуну белгисиз бирөөлөр талаадан 5 жылкысын (3 бээ, 2 айгыр) уурдап кеткени тууралуу арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.
Бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) боюнча иш козголуп, көп узабай ыкчам иликтөө кызматкерлеринин тузагына кылмышка шектүү Нарын облусунун тургуну М.Ж. жана Ысык-Көл облусунун тургуну С.Ж. колго түштү.