Чүй облусунун Панфилов районунун 43 жаштагы Ш.Ы. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 16 жаштагы кызын үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү түнкү саат 03:00 чамасында чала тааныш бир жигит күч колдонуп зордуктап кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган факт боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Панфилов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 19 жаштагы А.М. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.