2012-жылдын 28-декабрында Чүй облусундагы Сокулук районунун 39 жаштагы М.К. аттуу тургуну ушул эле жылдын 25-декабрь түнү белгисиз бирөөлөр үйүнүн терезесин талкалап кирип, үй буюмдарын уурдап кеткенин айтып милицияга арыз жазган. Орто эсеп менен уурдалган чыгымдардын жалпы суммасы 13500 сомду түзгөн. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча иш козголуп, жыйынтыгында өткөн аптада 17 жаштагы Ж.С. аттуу Сокулук районундагы Шалта айылынын тургуну уурулукка шектелип кармалды. Бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.