КЕКИЛИК

Ала-була кекилик,
Кырдан кырга бекинип.
Өз атын өзү чакырат,
Таштан-ташка секирип...
Ырда сөз болуп жаткан кекилик илбээсиндерге кирет. Бул канаттуунун эти ширин келип, аңга чыккандардын негизги буталарынын бири.

КӨБҮНЧӨ ЖОРГОЛОП ЖҮРӨТ
Кекиликтин денесинин узундугу 35 сантиметрге, ал эми салмагы ургаачысыныкы 350-500, эркегиники 500-800 граммга чейин жетет. Тумшугу, көздөрүнүн тегереги жана буттары ачык кызыл түстө болот. Орто Азияда Кызыл-Кум, Кара-Кум, Жунгар, Кашкар кекиликтери деген түрлөрү кездешет.
Кекиликтердин көпчүлүк түрү деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктиктеги жарым чөлдүү, бадалдуу, таштак жана сууга жакын аймактарды байырлайт. Кооптуу жагдай түзүлгөндө гана жакын аралыкка учпаса, көбүнчө жорголоп басып жүрүшөт. Качканда өйдө карай же тоону капталдап чуркайт. Эч качан ылдый көздөй бет албайт. Өсүмдүктөр жана курт-кумурскалар менен тамактанат.

ЖАГЫМДУУ ҮНҮ ҮЧҮН ЧАЙКАНАДА КАПАСТА КАРМАШАТ
Жаз алды менен эркеги-ургаачысы болуп жуп түзүп, жерди бир аз оюп уя салышат. Уянын оозуна өсүмдүктөрдү жана майда шагыл таштарды төшөп коюшат. Ургаачысы 7-22ге чейин жумуртка тууп, 24 күндө басып чыгарат. Балапан басып чыгаруу учурунда бир түгөй кекилик 100 метрге чейинки аралыкты ээлейт жана ал аймакка башка кекиликтердин уя салышына жол бербөөгө аракет кылышат. Ал эми жумурткалап, балапан чыгаргандан кийин топ-тобу менен жашашат.
Кекилик кыштоочу канаттуулардын катарына кирет. Колдо да багышат. Жакшы бакса, 20 жылга чейин жашайт. Сайраган жагымдуу үнү үчүн чайкана, кафелерде капаста кармашат.

АҢЧЫЛЫК
Бул канаттуунун ширин эти үчүн адамдар аңчылыкка ит, куш, мылтык менен чыгып келишет. Андан тышкары кармоо үчүн кылтак, кыл тузак колдонулат. Булар жылкынын туу куйругунан, бышык жиптен жасалат. Таластагы мергенчилер «кекилик тор» дегенди да колдонушат. Тор кантип жасалат?
Кадимки кекиликтин жүнүн көп кылып чогултуп, анан аларды 5-6дан топ кылып жип менен байлап чыгышат. Буларды узун-туурасы 1 метр (же андан ашык) келген матанын бетине араларын бир аз ачык кылып тигишет. Матанын өңү кызыл ала (же башка ачык түс) болушу зарыл. Акырында матаны ичке жыгачтарга (рейка же бутактар) керип байлайт.
Кекиликтер ачык түстөргө кызыгышкандыктан, торго топ-тобу менен учуп келип конгондо, мергенчи удаасынан атып алууга үлгүрөт.

ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Эти өтө даамдуу, ширин, тоок этинен да жумшак. Кекиликтин этиндеги заттар кандагы гемоглобиндин нормалдашуусуна шарт түзөт. Анда нервди бекемдөөчү В12 витамини, фосфор жана темир бар. Холестерин жок болгондуктан, диетологдор толук адамдарга, жүрөк-кан тамыр оорусу барларга сунушташат. Ошондой эле жеңил жана сиңимдүү болгон үчүн ооруп-сыркагандарга, оорудан эми айыгып келаткандарга, жаш балдарга да пайдалуу.
Кайнатканда 1 саатта бышат. Союлуп, тазаланышы тооктой эле. Бөтөгөсүн оодарып, кургатып койсо, ашказан оорусуна миңдин бири.

ТАЛАА ШАРТЫНДА ШИРИН ДААМ
Аң учурунда жаңы атылып алынган олжону бышырып жегенден өткөн чүйгүн тамак жок болсо керек.
Бул үчүн кекиликтин башын, шыйрактарын кесип, жүнүн жулуп, ичин тазалап алуу керек. Эми аны төрткө бөлүп, туздап, андан соң фольгага ороп, 30-40 мүнөт очоктогу чокко көмөт. Очокту даярдоо үчүн өтө терең эмес кылып жерди оюп койсо жетиштүү. Даяр болгон этти көк чөптөр менен жесеңиз, оозуңузда эстен кеткис даам калат.

Бегалы Наргозуев, экс-депутат:«КЕКИЛИК АТУУ – АҢЧЫЛЫКТЫН ЭҢ ОҢОЙ ТҮРҮ»

– Кекиликке аңга чыгуу үчүн мергенчиден эмнелер талап кылынат?
– Мен мектепте окуп жүргөн кезде Аксынын тоо арасындагы Мундуз айылындагы таякелеримдикине көп барчумун. Алар бирден мылтык көтөрүп, тоо аралап эле жүрүшчү. Мен аларды ээрчип, эликке, коёнго жана кекиликке көп эле аңчылык кылдым.
Башталгыч класс экенимде мага мылтыкты, албетте, карматышчу эмес. Ошондуктан жылкынын жалынан кесип алып кыл тузак даярдачубуз. Анан тоого чыгып, кылтактарды кекиликтер такай суу иччү булакка тегерете тартып, өзүбүз буктурмада жатчу элек. Алар жабыла суу ичип жатышканда биз тура калып чочутсак, артка кескин кетенчиктеген кекиликтердин эки-үчөөсү кыл тузакка илинип калчу. Мындан улам биз дайыма кекиликти тирүү кармап алып, уча албай тургандай кылып канатын кыркып, үйдө багабыз деп эле кыйналып жүрчүбүз. Кекиликтерди капаска салып алып сайраткан күндөр, жорголоп качкандарын жөө кубалап кармаган убактар да болгон.
Кекилик жумуртка басып жаткан кезде кокустан үстүнөн чыгып калышың мүмкүн. Андайда капысынан бут алдыңдан учуп чыкса, өзүң да чочуп кетесиң. Бирок басып жаткан жумурткада түйүлдүк пайда болгондуктан, аны жегенге болбойт да. Ошон үчүн тийишчү эмеспиз. Улуу кишилер айтып калышар эле, «уясын адам көрүп койгондон кийин кекилик ал уяга жатпайт. Адам алыстагандан кийин башка жакка жумурткасын ташып, көчүрүп кетет» деп.
Кийин жогорку класстарда окуп калганда тоо ылдыйлай кекилик издеп, аны мылтык менен аткан күндөр болду. Кар калың түшкөн жылдары жем издеген кекиликтер ачкалыктан айылга чейин кирип келишчү. Мындай учурда байкуштар жакшы качпай да калышат, айылдын балдары кууп эле кармап алчубуз.
Аңга чыгуу үчүн тоодо жакшы баса алышың, анан чачма октуу мылтыгың болуш керек. Мен кекиликке дайыма N5-патрон аламын.

– Кекилик атууда кыйынчылык жаралбайбы? Себеби жан-жаныбар, канаттуулар сезгич болушат го...
– Аңчылыктын эң оңой түрү – кекилик атуу. Алар улар сыяктуу сак болуп, тээ алыстан келатканда эле качып кетишпейт. Кыргоол, өрдөк сыяктуу камыш, бадал токойдун арасына жашынбайт. Ошондуктан ити жок эле барып атып алса болот. Болгону ыгын билиш керек. Ылдыйынан барып калсаң, бул канаттуу өйдө көздөй жабыла жорголоп качат. Өңү-түсү чаар ала, ташка окшош болгондуктан, ташка жашынганга аракет кылат. Өйдө качып баратканда атуу кыйыныраак. Ошон үчүн учканда атсаң, олжолуу болосуң. Ал эми үстү жагынан келип калсаң, ылдыйды көздөй учушат, ошондо мылтыкты басып каласың.
Азыркы күндө кекиликке мергенчиликке машиналар менен эле чыгып жүрөбүз. Анткени кекилик атчан, жөө кишиден качып, ал эми машина жакын келмейинче качпайт. Жүрүп бараткан машинаны токтото коюп, айнегин ылдый түшүрүп эле атса болот. Ташка окшош түстөгү атайын мергенчилердин кийимин кийип алсаң, жакын барганча байкабайт. Ал тургай буктурма жасаса болот. Таш өңдүү мергенчилердин кийимин тартып коюп жашынып отурсаң, кекилик коркпой эле жакын келе берет. Анан жакын келгенде, албетте, олжого оңой марыйсың.

– Аң уулап жүргөндө кекиликтин этин кантип даамдуу бышырса болот?
– Кекилик жүргөн жерде коён да көп болот. Кекилик атып жүрүп коён да атып аласың. Анан казанга кекилик менен коёндун этин салып, кызарта кууруйсуң. Анын үстүнө пияз, сарымсак, картошка кошуп эзилте дымдап бышырсаң, «аңчынын шүлүмү», орустар айткандай, «охотничий шулюм», «охотничья шулейка» тамагы даяр. Эми даамы укмуш. Эттин калганын үйгө алып келип, палоого кошуп же бууга дымдап бышырып жесең, тамактын эң бир сонун чүйгүнү ушул болот.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан