АЛСУ АКШда КӨЗ ЖАРДЫ

ЫМЫРКАЙГА АТАСЫ САФИНА ДЕГЕН ЫСЫМ ЫЙГАРДЫ

Алсунун кызынын салмагы – 3 килограмм 200 грамм, бою – 50 сантиметр. “Седарс-Синай” клиникасында Голливуд жылдыздарынын көбү көз жарган. Ар бир палатанын өзүнүн жеке кароолчусу бар, маалыматтар жашыруун сакталып, ал эмес абдан абройлуу кишилер үчүн бир канча жашыруун чыгуучу эшиктери да бар.
Алсунун жаткан жайы абдан кеңири үч бөлмөдөн турду. Башкача айтканда, меймандар үчүн бөлмө, кү­йөөсү жаткан бөлмө жана баласы менен энеси жатуучу бөлмө.
Ымыркай кызына атасы – бизнесмен Ян Абрамов өзү ат койду. Болгондо да Сафина деп, башкача айтканда, Алсунун кыз кезиндеги фамилиясын койду.
Муну уккан Алсунун чоң энеси таарынып чыгат. Анткени, ал бө­бөктүн атын мусулмандарча Айгүл деп коёлу деп жаткан. Бирок, кызына европа манерасында ат койгусу келген атасы Сафина деп коюуга жетишти.
Ырчынын журналисттерге билдиргенине караганда, төрөт жакшы өтүп, азыр өзү да, кызы да жакшы абалда. 11-сентябрда төрөтканадан чыккан Алсу учурда үйбүлөсү менен Голливуддагы үйүндө жашоодо.

ЫРЧЫГА КИМДЕР ЭМНЕ ТАРТУУЛАШТЫ?

Алгач эле Алсуну куттуктап Яндын ата-энеси келишкен. Небереси менен келини клиникадан чыкканча алар бөбөктүн бөлмөсүн даярдап, дубалдарын назик кызгылт түскө боёп, ага окшош эмерек алып коюшкан. Ошондой эле ата-энеси ымыркайдын жанында отурсун үчүн кресло-качалка да сатып келүүнү унутушпаган. Ал эми келини Алсу үчүн баалуу сөйкө, шакек белек кылышкан.
Ал эми Яндын достору атайын заказ менен даярдалган коляска алып коюшкан.
Күйөөсү Ян Абрамовдун Алсуга тартуу кылган белеги – ак түс­төгү укмуштай “Жип”.

ЖАШ ЖУБАЙЛАР ЖЕННИФЕР ЛОПЕСТИН КОҢШУСУ

Америкалык атуулдукту алуу мүм­күн­чүлүгү бар болсо да ыр­чы кыз Россиянын жараны бойдон кала бермекчи. Бул дагы Алсунун күйөөсүнүн принцибинен улам десек болот. Азырынча алар Россияга кайтып келүүнү ойлошо элек. Алар келсе Жаңы Жылга жакын келишет.
Жаш жубайлар өздө­рү туурасындагы “Лондондо жашап калышат экен” деген сөздөрдү четке какты. Бул туурасында ойлошкон да эмес. Ошентип, азырынча Алсу, Ян жана ымыркай Сафина “Бел Эйр” аттуу үч этаждуу особнякта жашашууда. Абрамовдордун үйүнүн аянты 1000 чарчы метр. Ичинде бассейн, теннис ойноочу аянт да бар.
Булардын үйлөрүнүн жанында голливуд жылдыздары Женнифер Лопес, Анжелина Жоли менен Брэд Питтин үйлөрү катар жайгашкан.

АЛСУ ЭМИ САХНАГА ЧЫКПАЙБЫ?

Бул суроого Алсу: “Мен сахнадан кеттим деген эмесмин. Мен дайыма ырдай бермекчимин!” деп жооп берген.
Ал эми ырчы эмне үчүн чет өлкөгө кетип калды экен деген суроого ар кандай басмалар маалымдагандай, Алсунун “күйөрмандарым мени кош бойлуу кезинде көрбөй эле коюшса” дегени себеп болгон дешет.

Даярдаган Карим Нур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан