Сүйүү эмне? Сүттөй таза
колукту!
Ансыз анан алтын өмүр
толукпу?
Ошондуктан эң биринчи,
жаш сүйүү,
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту,- деп залкар акын Алыкул Осмонов айткандай, аруу махабат ар бир адамга келери анык. Келе жаткан Сүйүү күнүнүн урматына сахнада аты белгилүү ырчылар Сапар Эркебаев жана Гүлнур Асанова менен сүйүү сезимдери тууралуу кеп кылабыз.
– Сапар, келаткан Сүйүү майрамын кантип белгилейин деп жатасыз?
– Бир компаниянын кечелеринде дайыма ырдап жүрөм, менин ырларымды жактырышат. Бул ирет да чакыруу алдым. Алар «Жаңы жылда болобу, тойдо болобу, жай ыргактагы ырларды ырдайсың. Мына, сенин күнүң келатат. Конок болуп ырдап кет» дешти. Андан сырткары Ошко гастролго барып калышым мүмкүн.
– Жеке өзүңүз майрам катары белгилебейсизби?
– Жок, азырынча жеке жашоо «уйкуда».
– «Сүйлөшкөн кызым бар» деп калчуңуз эле, ал эмне болду?
– Кыздардын өтө катуу сүйүп калганы да жакшы эмес экен. Баскан-турганыңды кайтарып, көчөдөн меникине окшош машина көрсө да, «сен ал жакта эмне кылып жүрөсүң?» деп суракка ала берчү, шаар боюнча бир да меникиндей машина жоктон бетер. Кызга караганда жигит сүйсө турмуш жакшы болот, менимче. Анткени кыз күйөөсүн угуп, сөздөрүнө макул болуп жашайт. Ал кызды жакшы көрчүмүн, бирок кечке кызгана бергенинен тажап калдым. Жаш баладай көрүп, кадамымды кайтарчу. Мен чоң эле жигитмин го, 31ге чыгып жатам. Негизи, эркек кишиде сезим күчтүү болбосо өз билгенин кылып, ойноп жүрө берет экен.
– Көңүл ачканды жакшы көрсөңүз, эми үйлөнгөндө кантесиз деген суроо туулат экен?
– Мен толугу менен ойноп бүттүм окшойт (күлүп). Экинчи жолу турмуш курганда мындай нерсе кайталанбайт.
– «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» демекчи, турмушту ары жак-бери жагынан сындап көрдүңүз, кайра үй-бүлө күтүүгө даяр окшойсуз?
– Бул жолкусунда адашпашым керек. Азыр чайга отурсам деле, атам менен сүйлөшсөм деле «тиги үйлөндү, бул үйлөндү» деп айтып башташат. Айылда байке, туугандарга жардам берип, быйыл Кудай буюрса, тамды тургузуп алсам, анан бул тууралуу ойлоном. А негизи, албетте, турмуш курууга даярмын.
– Кызыңыз чоңоюп жатабы? Ырчы болчудай шыгы жокпу?
– Кызым жакында мектепке барайын деп калды. Бат-баттан үйүмө алып келип, чогуу убакыт өткөрөбүз. Кебетесинен мага такыр окшошпойт, апасын тартса керек. «Ырдайм, бийлейм» деп калат, бирок бул чөйрөгө жакындатпайм. Аял кишинин үйдө эле отурганы жакшы. Бирок алдын ала айтпаш керек экен. Кубик байке «мен кызымды такыр чыгарбайм» деди эле, Айпери ырдап жүрбөйбү.
– Ырчылар арасында сиздин табитиңиздеги кыздар кимдер?
– Бизде көп эле татынакай кыздар бар: Сайкал, Бактыгүл Бадыева, Анжелика, Жаным Айзат...
– Алардын арасында идеал тутуп, менин келинчегим ошондой болсо экен дегениңиз барбы?
– Жок, келинчегим музыкадан алыс болот. Ырчы болушунан Кудай сактасын.
– Келиңиз, эми махабат тууралуу сүйлөшөбүз. Кыздарга гүл сунуп далай жолу Сүйүү күнүн майрамдасаңыз керек?
– Туура, андай күндөр далай болгон. Бирок эстесем, ушул кезге чейин бир кызга да гүл берип көрбөптүрмүн. Гүл көтөрүп көчөдө баскандан уялам негедир. Мурунку сүйлөшкөн кызыма да «гүлдөн башка каалаганыңды алып берейин» десем, «сен гүлдү көтөрбөй эле алып, машинаңа салып кой, мен өзүм алып алам» деп жүрдү. Ага болбой «эң негизгиси менин сүйүүм эмеспи» деп алдап койчумун. Гүлгө «фобиямды» билген досторум «бир күнү катуу сүйүп калганда кантип гүл көтөрүп жөнөп калганыңды билбей калба» деп күлүшөт. Эгер чындап аруу махабатымды тапсам, сүйүктүүм үчүн гүл көтөрүп баргандан арданбайм.
– Бул майрамга карата кандай өзгөчө белек бергенсиз?
– Айылда атам темир устачылык кылчу. Темирди кескенде астына майда күкүмдөрү түшүп калат эмеспи. 6-класста элем, майрам жакындап жатат. Бир классташ кызым «мен 23-февралда сага белек берем. Ошого мага Сүйүшкөндөр күнүндө белек бер» деп «заказ» кылып койгон. Ал кезде ата-энемден акча сурагым келчү эмес, өз алдымча базарда тамеки сатып иштечүмүн. Анан жанагы атамдын темиринен түшкөн күкүмүн чогултуп, эжемдин көз боёгучунукуна окшош кутуча таап салып, тень кылып берип койгом. Классташ кызым боёнчу эмес да, аны колдонбой башка бирөөгө берип салса керек.
– Сүйүү үчүн кылган эрдигиңизди эстей аласызбы?
– Студент кезде баш айланткан сүйүүгө кабылгам. Алыс кете албай, жатаканадагы бөлмөсүндө аны менен чогуу жашаган күндөрүм болгон. Бөлмөлөш курбусу алгач мени жаман көрүп жүрдү, акыры ал да көндү. Кыздын эже-жезделери билип, мени жакалап, жаман эле болгонбуз. Жадакалса окуудан айдалып, жакшы эле азап тарткам. Кийин ал окуусун бүтүп, турмушка чыгып кетти. Мен унута албай бир-эки чалып жүрүп, кийин токтотком.
– Гүлнур, бүгүн майрамга карата сүйүү темасында сүйлөшсөк деп турам.
– Жакшы болот. Бирок майрам келе жатканын унутуп калыпмын. Сессия менен убара болуп, план деле койгон жокмун.
– Сени дайым «тамашоучу» жигит Шаймерден эртеби-кечпи, жандап жүрөт. Ал сени кайтарып жүргөн мырзалардан эмеспи?
– Аа, ал жакын досум да, мага көп жардам берип келет. «Тамашоучу» Бакыт Тынайбеков менен Шаймерден экөө жүрөгүмө жакын, доспуз. "Кыз менен жигит дос болбойт" деп айтышат, бирок мен ага ишенбейм. Жигиттерден досторум көп жана алар түндө чалсам да келип жардам берип кетишет.
– Нурзат Токтосунова сени «бирөөнү катуу сүйүп калып ыйлаган күндөрү болгон» деген эле. Чын эле көз жаш алганча сүйдүңбү?
– Ушуну да айтып койдубу, ха-ха. Жок, көз жаш төккөнчөлүк сүйгөн эмесмин. Ыйлаганымдын себеби, анын мага кылган мамилесине капа болгом. Кийин кечирим сурап келгенде ого бетер шолоктогон элем. Бул нерсе өтө ишенчээк жана жашыктыгымдын кесепетинен болсо керек.
– «Ырчыга үйлөнбө» деп коюшат го элибизде. Кесибиң турмушуңа кедергисин тийгизет деп ойлобойсуңбу?
– Ар бир кесиптин оң, терс жагы болот. Мен бул чөйрөгө аралашар алдында аябай ойлонуп кадам таштагам. Албетте, ушак сөздөр болот, ага көнүп деле бүтпөдүмбү. Азыр чыгармачыл адамдардын кимисинен сураба, «ой, ал айтылып эле жүргөн сөз» деп кол шилтеп коюшат. Ар бир адам өзүнө-өзү маселе жаратат. Мен, мисалы, коркпойм. Кыздар көбүнчө ойлоно беришет, «кантет экем, мени түшүнгөн адам чыгабы?» деп. Кудай ар бирибизди түгөйү менен жаратат деп ойлойм.
– Эгер сүйүп калсаң, тартынбай барып сүйүүңдү билдире аласыңбы?
– Ушул кезге чейин мен жигитти жактырган 2-3 учур болгон. Бирок уялчаактыгымданбы, башкаларга алдырып жиберчүмүн. Ал үчүн өкүнүп да жүргөм, анткени мен жактырган адамдар жакшы болуп чыкчу да (күлүп).
– «Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат» дегенге кошуласыңбы?
– Азыр өз бактысы үчүн күрөшкөн кыздар бар. Күрөшүп, ыйлайбы, коёбу, ал сүйүүсүнө жетет. Жигитине барып сүйүүсүн билдирип, ага турмушка чыккан деле эрдик да. Андан аркысын деле алып кете алышат деп ишенем.
– Турмуш курууга даярсыңбы?
– Бир ай болду, 25 жашка чыктым. Мурун эч нерсени ойлонбой жүрө берчүмүн. Туулган күнүмдө да эч кимди чакырбай, тоскум келбей, үйдө эле отургам. Классташтарым «сен деген 25ке чыкпадыңбы, майрамдайбыз» деп алып кетишти. Ошондо ойлонуп көрүп, өзүмдүн турмуш курууга даяр экениме көзүм жетти.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg