МАНТЫНЫ ТҮРЛӨП ТҮЙӨБҮЗ

Манты – көпчүлүгүбүздүн сүйүктүү тамагыбыз. Анын эт, картошка, ашкабак, жусай жана башкалар менен жасалган түрлөрү бар экени белгилүү. Курамы бирдей болгону менен, бирөөнүн жасаган мантысы экинчисиникине окшошо бербейт. Мунун себеби мантынын түйүлүшүндө. Төмөндө манты түйүүнүн ыкмалары.

РОЗА
Камырдын формасы – тегерек
1. Камырды чоң жана кичирээк стакандардын жардамы менен тегерекче кылып кесип алабыз.
2. Ортосуна фарш салып, экиге бүктөп четтерин бекитүү керек.
3. Алгач кичинекей, анан калган эки мантыны анын сыртынан кучакташтырып бекитиңиз.

МАНДАЛАК
Камырдын формасы – төрт чарчы
1. Фарш салынган камырдын карама-каршы эки учун бириктиребиз.
2. Эми калган эки учун да бириктирүү керек.
3. Эми мантынын ич жаккы учтарын чымчып бекитип чыгуу зарыл.

ЖАЛБЫРАК
Камырдын формасы – тегерек
1. Камырды кичинекей бөлүкчөлөргө бөлүп, ар бирин тегерек кылып жайып алуу керек.
2. Анан фарш салынган камырдын четинен кармап, эки жагын алмак-салмак бекитүү керек.
Эскертүү! Түйүп келатканда камырдын ортосунан токтотуп, кайра экинчи учунан баштап четтерин бекитип коюуга болот.

АЛТЫН БАЛЫК
Камырдын формасы – тегерек
1. Камырдын бир четинен жака сымал кайрып алыңыз.
2. Ичине фарш салынган камырдын четтери сүрөттө көргөзүлгөндөй бекитилет.
3. Балыктын куйругун жасоо үчүн тиш чукугучту пайдаланып из салып, анан камырды тилип, учтарын чымчып коёбуз.

ҮЧ БУРЧТУК
Камырдын формасы – тегерек
1. Фарш салынган камырдын үч четин бириктирип бекитип алыбыз.
2. Бардык четтери бүйрүлүп бекитилет.
Эскертүү! Камырды майда тегерекчелерге бөлүп жаюу керек. Себеби учтары кайрылбагандыктан, мантыңыз эбегейсиз чоң болуп калышы ыктымал.

КАМЫР ЖУУРУУНУН СЫРЛАРЫ

  • Камырга жумуртка кошуп жуурубай эле койгон оң. Анткени бул учурда камыр катуу болуп калышы ыктымал.
  • Суунун ордуна сүзмөнүн же айрандын сары суусун кошуп жуурусаңыз, камыр оозго салса эрип кетчүдөй назик болот.
  • 30-40 мүнөт тыныккан камыр жакшы жайылат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Mirko.93
2013-02-11 19:36:33
оорун алмашуу менен сумма озгорбойт, :) мага Апам жасаган манты гана жагат,
0
AtankulovaB
2013-02-11 22:16:53
Мага баардык туру жакты буйруса баарына жасап кором чон рахмат жакшы кенеш экен.
0
Periwa
2013-02-12 00:50:51
Rozanyn bashkachasy dagy bar ,al tochno Roza bolot bul pelmendin ele jabywkany eken ))))
0
Naziwka
2013-02-12 17:22:52
sonun go))ehh Kg baryp mamam menen sindim jazagan mabtyny jesem))) restorandyn tamagynan tajay bawtadym, bizdin tamaktardyn janynan italyano kuhnyasi dele otdyhaet)))
0
jibeka09
2013-02-12 21:52:48
Мен жасаган оромо мантыны жолдошум суйуп жейт
0
Atamdynkyzymyn
2013-02-13 09:59:58
.Ollo sonun go.No altyn balyktyn kuyruk jagyn jakshy tushunboi koidum.....Surotu bjashy korunboi kalyptyr.Chagylyshyp.(((
0
Happymom
2013-02-13 12:47:30
Мен Салтанат Мусакова ыраазычылык билдирип кетем,жашоодо кең келечек жана берекелүү өмур сүрүүсүнө тилектешмин.Себеби мен дагы аз да болсо ашканада кандайдыр бир тажырыйба алдым.
+1
Ais__star
2013-02-13 13:17:30
Охоо мага мандалак манты жакты. Корунушу да жакшы экен, туйушу да оной окшойт балык мантыга караганда.
0
Gundula
2013-02-14 00:19:02
Мен да эки турун жасап кордум.Сонун болду.Рахмат супер гезити
+1
minomu
2013-02-15 01:39:30
жакшы экен кенешинерге рахмат супер гезити
0
mila9
2013-02-15 21:07:21
жасап коруш керек экен.корунушу оной корунгон менен жасаганда кыйын болушу мумкун...рахмат бирок
0
777bek
2013-02-15 22:00:28
бардыгы жакты. Бирок фаршы жонундо да жазып койсонор
-1
nazka.nsk
2013-02-15 23:29:57
менин жасагаган мантыны жолдошум оло тамшанып жейт алтын балык озгочо экен
-1
aiman1983
2016-08-16 10:07:44
nazka.nsk,мактануунун эмне кереги бар.
0
Gsky
2013-02-16 14:36:23
A maga baary ele jakty.
0
ZUR.NUR8693
2013-02-23 10:44:48
Чон рахмат силерге мантыны турлоп жасаганды уйронуп алдым
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан