СЕНДЕН СУЛУУ БОЛСО ДАГЫ АЛГАНЫМ...

Кимдир бирөөгө менин окуям баналдуу көрүнүшү мүмкүн. А балким, «кайдагы жомокту айтат» дегендер да четтен табылар. «Уул, табыңа нан бышат го, чиркин» деп айтышчу жеңелерим. Мен дал ошондой энергиялуу, бир жерде токтобогон, өңдүү, келбеттүү, акылдуу жигит элем. Жигит элем дегеним, анткени азыр 45тин тамагын ичип жатам. Облус боюнча атка минер болдум, акча көп... Анан калса сулуу десе эт-бетимден кете турган жиндилигим да бар эле. Бир күнү мас болуп калып, дөгүрсүгөн теңтуштарым менен райондун сулуусу болгон Маржан аттуу кызды ала качтык. Боздоп, аялдардын ортосунда чабалактап жаткан кургурду тиктеп туруп азоого чалма таштагандай маашырланганым да эсимде. Чарчап, эки ийини дирилдеп, өпкө кагып отуруп калганда жанына бардым.
– Бул жоругуңа өкүнөсүң!- деди.
– А сен отуруп калганың үчүн өкүнбөйсүң!- деген элем ошондо. Бирок бармакты эмес, чыканакты кошо тиштээр күн келерин аңдабапмын. Маржан жоошуп, ыймандуу, иштерман, жакшы аял болуп берди. Балалуу да болдук. Бирок... Алтынчы туюм деген бекер берилбесе керек. Бир жолу командировкадан келгенде Маржанды башка адам менен кармап алдым. Андагы абалымды эч кимдин башына салбасын, сүйлөй албай же кыймылдай албай, жаным, дилим сенек болуп катып эле калды.
– Ортобузда эмне болгонун эч ким, сенин ата-энең да, меники да билбесин. Мага эч нерсенин кереги жок, болгону, баланы атамдарга ташта да, изиңди суут,- дедим.
Ажырашып кеткенибиз менен көкүрөгүм какыр чөлгө айланды. Кетип баратып «сен өмүрү бир аялдын сезимин багып, бир аялдын сүйүүсүнө татыбайсың. Сен андай бакыт эмне экенин түшүнбөйсүң» дегени кулагыма жаңыра берди. Чындыкты айтты. Ажырашкандан кийин Кудай берип салды. Ары урунуп, бери урунуп жүргөн күндөрүмдө, ажырашкандан 7 жыл өткөндө мен токтой турган, мени токтото ала турган аялзатына жолуктум. Ошондо мен жашоонун даамын, чыныгы бакыттын даамын сездим. Жо-ок, ал мени аркандап, байлап, өзүнөн кеткис кылып алды. Болгондо да тиш каккан аял эмес, эне сүтү оозунан кете элек секелек байлап алды. Мен анда 35тен өтсөм, ал болгону, 11-класстын окуучусу болчу.
Турмуштун запкысын көрүп чоңойгон экен. Атасы түрмөгө түшүп калып, апасы таштап кетип, чоң апасынын колунда жашаган кыз эле. Балким, ага ошол учурда колдоо керек болдубу же чоң дүйнөгө тез аралашкысы келдиби, билбейм. Кийин чындап сүйүп калды. Биринчи жолу аялзаты менден коргонуч, жардам күтүп, идеал кылып, жан дили менен сүйгөнүн сездим. А мен андан чыныгы аялдык берилгендик, жароокерлик, туруктуулукту таптым.
– Жаныңыздан чыккым келбейт,- дейт ал машинамда отуруп утур-утур чачымдан сылап.
– Чоң апаң урушат эми, үйгө кир.
– Мен мектепти бүткөндөн кийин Закир аганын баласына турмушка чыгасың деди апам. Кудалашып коюшкан экен. Сизге жолуга электе баары башкача болчу. Бирок мен эми жаныңыздан чыккым келбейт. Апам болсо "анын атын угузба" деди.
– Өзүңдүн апаңбы? Ал коңшу айылдагы айыл өкмөтүнүн баласын сага ыраа көрүптүрбү?
– Ии. Бишкекте окуйт. Ал...
– Айдай, үйгө бар, эртең кабарлашабыз...
Ыза болдум, жашым өтүп кеткенине, турмушум мен каалагандай болбогонуна, айрым адамдардын талаптарына жооп бере албаганыма.
Ортодон атам каза болуп калып, дагы бир маселелер болуп кетти. Бир топ убакыттан кийин Айдай турмушка чыгат деп угуп калдым. Аалам аңтарылып кетчүдөй сезилди. Дароо машинамды айдап аны менен жолуга турган жерге бардым.
– Качан?- дедим үнүм буулуп.
– Эки жуманын ичинде,- деп ыйлап жиберди.
– Ыйлаба, эмнеге ыйлайсың? Жашооңдо аз ыйладыңбы сен? Баары ушундай чечилгени жакшыдыр. Балким, мен сени бактысыз кылып коёт элем. Билесиң го мени...
– Сиз менен гана бактылуу болмокмун...- деп өпкө кагып ыйлап жатты. Ошондо мен Маржанды эстедим. Мына, мен кимдир бирөөдөн зордук менен бактысын жулуп кетсем, менин бактымды да бирөө жулуп кеткени жатат. Мына, мен чыныгы сезимдин даамын татканымда, Маржан айтмакчы, бир аялдын сүйүүсүнө арзыганымда, тагдыр мени ажыратканы турат. Ушул ысык, таза, жароокер жанды мага буйруп койсо, эки дүйнөдө бактылуу болбос белем... Куюлуп бараткан жашымды силкип туруп Айдайды боорума кыстым.
– Ыйлаба, баса, тойго эмне керек, колукту?- дедим жаш аралаш тамашалай.
– Баары эле бар,- деди ал намыстана.
Кайдан, карыган чоң энесинин пенсиясы эмнеге жетмек? А апасынын көздөгөнү кызы эмес, бай күйөө бала эле да... Аны ой-боюна койбой дүкөндөрдү кыдыртып бир сыйра кийим, чемодан, майда-барат, айтор, баарын алып бердим. Кызын турмушка узатып жаткан ападай кылдат тандаганымды айт. Барган жеринде Айдай башын жерге салбасын, бактылуу болсун деп жаттым ичимден. Биз ошентип айрылыштык.
Айдай жакшы жигитке турмушка чыкты. Бирок мени көргөндө, той-топурда кезигип калганда ийни дирт эте карек нуру бир өчүп, бир жанып алар эле. Аны менден башка ким байкамак. Баса, андан жарым жыл өткөндөн кийин мен дагы үйлөндүм. Таң калганым, ал Маржанга окшош.
"Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей асыл бир өмүрдө табылбас..." деген ырды ошондо түшүндүм. Азыр 2 балалуу болдук. Кечээ жакында эле көчөдөн Айдайды көрдүм. Колундагы баласынын мурдунан өөп, күйөө бала менен амандашып туруп Айдайымдын көзүнө тигилдим. Араң даадым ошого... Биздин сүйүү биздин жүрөгүбүздө гана калганын түшүндүм. Бактылуу бол ылайым, менин Айдайым...

Болот

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Gundula
2013-02-12 18:19:04
Кана эми ошол кундорду артка кайтара алсак.Омурдо бир гана жолу келебиз.Ошол учун баардык инсанга суйуп жашаш насип кылган болсун.
+1
Ella_0321
2013-02-12 21:52:51
Эх суйуу-суйуу...мага качан келет...
+1
jibeka09
2013-02-13 17:06:12
Эхх суйуу суйуу. Суйгонуно жетип азап таркандан коро жетпей калган жакшы. Жаш кызды бактылуу кылышына коз жетпептир да...
+2
Talant84
2013-02-13 18:21:20
суйуудогу тагдырыбыз окшошуп кетет экен, мен суйгон кыз да кудалап коюшуптур экообуз суйлошуп турганыбыз менен тагдыр жолубуз эки болок окшойт. Суйууно жетпей калгандан коро олгон артык окшойт.
+2
kaniet
2013-02-16 13:37:50
Бир чети чыныгы эркектик кылыпсыз, бирок бир чети ала качып кетсениз, Айдайыныз андан да бактылуу болмок, бирок азаматсыз!
+1
Kanya_Love...
2013-02-16 16:13:48
Чындыгында ар бир адамдын жашоо таржымалы озунчо бир чыгарма. Ал эми Болот аганын суйуу таржымалы, канчалаган жылдарды камтыбасын, жаза келсе бир кичинекей чыгармага айланыптыр.
+1
santi
2013-02-16 16:16:44
Туура кылыптырсыз, чечиминизге ыраазы болдум, Эгер Айдай сизге турмушка чыкса апасы, чон энесинин алдында жада калса озунун алдында бир омур тили кыска болуп отмок, анткени жигитке болгон суйуудон ата-энеге болгон суйуу бийик турушу керек. Баянынызга караганда экоонуздордун тен жашоонуздар оз нугунда отуп жатыптыр. Чын эле турмуш сизди таразалап, бир сулууну суйуктуусунон ажыраткан болсонуз, сиздин суйуунузду ыраа корбоптур.
+1
Ruslan78
2013-02-16 20:32:45
Жомок
-1
landysh
2013-02-16 21:47:36
buirubagan suiuu
0
mi-li-na
2013-02-17 20:34:02
men da 4yndykka okwowtura albadym bul myrzanyn bayanyn
0
mairam170792
2013-02-20 10:19:16
неге жаратканым суйуу берет да ошол замат кол жеткис бийиктике алып кетет!аттин суйуу суйуу...!
+1
venchiko88
2013-02-20 11:26:40
достор бул чындыкка эле окшошуп турат, мен ишендим, бирок мен сиздин ордунузда болгондо айдайды ала качып кетмекмин, анткени сиз чындап суйгонсузда аны. а бир чети ал турмушка чыгып кеткени деле туура, анткени сиз омур боюн чыныгы суйууну баалап жашайсыз, ушундай суйууго кезиккем бир кезде деп.
+1
patriottkg1
2013-06-10 03:40:56
болот красавчик
-1
janys
2013-06-27 19:30:18
Суйууго жетип азап тарткыча ,жетпей журокто таза сактаган очпос суйуу болуш керек го дейм .....
+1
anila
2014-12-21 04:09:51
мдааа суйуу деген ушулбу...?
+1
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан