БИР ЫРДЫН ЖАРАЛЫШЫНА КАНЧА КАРАЖАТ КЕТЕТ?

«Азыр таш ыргытсаң эле ырчылардын башына тиет» деген тамашалуу сөз бар. Бирок атаандашуудан сапат жаралат. Туура, учурда аракети күчтүү ырчылар аз эмес. Арасында жөн гана сахнанын «убалына калып» ырдамыш этип жүргөндөрү да кездешет. Жөн гана ырдамыш болобу же жан дили менен угармандын жүрөгүнө жеткире ырдайбы, айырмасы жок, ырдын жаралышы үчүн бир топ эле акча жумшайт...

«АРУУЗАТЫМА» 2200 ДОЛЛАР КЕТКЕН»
Бир жакшы ырды жаратып, эл алдына алып чыгуу орто эсеп канча каражатты талап кылат? Мисал катары Аскат Мусабековдун «Аруузатым» аттуу ырына канча чыгым кеткенин ырчынын өз оозунан угалы.
– «Аруузатымды» алгач 2009-жылы Токтогулга барганда уккам. Сөзү-обону Элмирбек Иманалиевге таандык экен. Биринчи укканда эле жагып, Бишкекке келгенде Элмирбек байкеге жолугуп, ырын сурадым. Ал чыгарманы чын жүрөгү менен жазган, ырларын сата турган адам эмес. Ошондуктан мага белек катары «Аруузатымды» ырдаганга уруксат берип гана тим болбостон, батасын да берген. Учурдан пайдаланып ал кишиге ыраазычылыгымды айта кетким келет.
Андан соң Рамис Алиев аттуу аранжировка жасаган байкеге барып, тааныш катары аранжировкасын 150 долларга жасаттым. Ал эми аранжировка даяр болгондо комуз менен аккордеонду Рахат Көчөрбаев бекер эле кошуп берген. Кийинки кезек үн жаздырууга келди. Алманбет Исаков деген үн режиссёруна барып, 2000 сомго үн жаздырдым. Ал эми бэк-вокал, 2-3-үндөрдү өзүм эле алгандыктан, ал жагына чыгым деле болгон эмесмин. Ошентип, ыр даяр болгон соң радиолорго таштадым. Баары «жакшы жазылыптыр» дешип дароо эле кабыл алышты. Чынын айтсам, радиолорго акча берип көрө элекмин.
Арадан эки жума өткөндө жеке концертимди бердим. Ошондо бул ыр чыкканына аз болсо да, элге жакканын байкагам. Себеби Элмирбек Иманалиев менен «Аруузатымды» ырдаганы чыкканда эл аябай кол чаап сүрөгөн эле. Кийин Акжол Бекболотов деген режиссёр 2000 долларга клип тартып берди. Ошентип, жалпы жонунан тааныш-билиш аркылуу «Аруузатыма» 2200 доллар каражат корогон. Бирок ушул ыр мени жалпы элге таанытты, хит болорун алдын ала сезгем, чындыгында эле мен ойлогондой болду.

Р.S. Жогорудагы сумма бир эле ырга кеткен каражат (анда да көп нерсени белек катары бекер бүтүргөндө). Ал эми эч кандай тааныш-билиши жоктор ыр жаздырып, клип тартып сахнага чыккысы келсе, канча акча короторун чогуу эсептеп көрөлү.
Жакшы чыгарма жаралыш үчүн алгач ырдын сөзү жаралып, андан соң ага обон чыгарыш керек. Ал эми бүгүнкү күндө алгач кайрык жаралып, ошого жараша сөз жазып жүрүшөт. Ошол себептен сөздөрүнүн мааниси терең эмес ырлар жаралууда. Анда ирети менен баштайлы.

1. СӨЗ
Учурда жаш ырчылардын арасында сөзү да, обону да эптемей болсо деле өзү жазып ырдоо модага айланган. Бирок «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» дегендей, кээ бирөөлөр ырдын сөзүн акындарга акча төлөп жаздырышат. Жаш ырчыларыбызга Кыялбек Урманбетов, Сейит Жээнбаев, Лариса Асанбекова, Алтынбек Алымов, Кундуз Качкынбаева, Кудрет Тайчабаров жана башкалар сөз жазып берип жүрүшөт. Ар биринин ставкасы ар кандай. Орто эсеп менен 100 доллардан 300 долларга чейин. Бирок кээ бир акындарыбыз ырчынын талантына ишенсе, ырдын хит болоруна көзү жетсе же таанышы болсо, сөздү жөн гана белекке берип коюшат.

2. ОБОН
Алгач сөз жазылып, анан ага обон жаралат. Ошондуктан сөз менен обонду эгиз козудай деп койсок болот. Себеби жакшы сөзгө жакшы обон жаралбаса, ыр элге сиңбейт. Ал эми жакшы обондун баасы канча турат? Ар бир сахнага чыккысы келген адамды ушул суроо кызыктырса керек. Биздин жаш ырчылар көбүнчө Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип, Өктөм Сапар уулу жана Азамат Такырбашевдин обондорун ырдап жүрүшөт. Бир обондун баасы орто эсеп менен 100-500 долларга чейин бааланат.

3. АРАНЖИРОВКА
Ырдын сөзү-обону даяр болгондо аны «кийиндириш» керек. Мындай учурда аранжировкачылардын эмгеги чоң. Кыргыз шоу дүйнөсүндө азыркы тапта Ильяз Абдыразаков, Азамат Такырбашев, Медер Турсуналиев, Мирлан Ниязов, Мирлан Абдраев, Өктөм Сапар уулу сыяктуу аранжировкачылар баалуу-барктуу. Орто эсеп менен бир ырдын аранжировкасы 300 доллардан 1000 долларга чейинки баада жасалат.

4. МУЗЫКАЛЫК АСПАП
Аранжировка бүткөндөн кийин «кооздош» үчүн айрым ырчылар музыкалык аспаптарды жандуу ойнотуп коштурушат. Көпчүлүк ырчыларга Закирбек Дүйшөнбек уулу – комуз, Рахат Көчөрбаев – комуз, аккордеон, Залина Касымова – кыл кыяк жана Ролан аттуу жигит гитарада жандуу ойноп беришет. Ар бир аспапты ойноп берүүгө 1000-2000 сом төлөнөт.

5. ҮН ЖАЗДЫРУУ
Ырчыларда үн жаздыруу деген дагы бир түйшүк бар. Кыргыз сахна жылдыздары үчүн жылдызга айланган үн режиссёр Эрнист Үмөталиев аттуу «Ekarecords» студиясынын жетекчиси кызматы үчүн 200-500 доллар алат. Ал эми андан тышкары Кубат Тургумбаев, Эрнист Жоошев деген жигиттерге да үн жаздыргандар көп. Баасы 50-200 долларды түзөт.
Үн жазылгандан кийин айрымдар экинчи же үчүнчү үн, бэк-вокал коштурушат. Азыр Кыргызстанда атайын бэк-вокалисттер жок болсо да, айрым таланттуу кыз-жигиттерибиз 1000-2000 сомго ырдап, ырдын көркүнө көрк кошуп келишет.

6. РАДИО
Качан ыр даяр болгондо аны элге жайылтыш үчүн радиого ташташ керек. Жакшы, сапаттуу ырларды радиого бекер эле кабыл алышат. Бирок угушубузга караганда, анчалык сапаттуу эмес ырларга жана таанышы да, таланты да жок жаш ырчыларга ыры радиодон байма-бай кетиш үчүн акча жардамга келет. Айрым жаш ырчылардын айтымында, радиого ырды өткөрүүдө 3000 сомдон 6000 сомго чейин чөнтөгүң жукарат экен.

7. КЛИП
Кызды көркүнө чыгарган жигит болсо, ырды көркүнө чыгарган – клип. Мирлан Саткымбаев, Сүйүн Откеев, Эрнист Сыдыков, Арсен Мендебаев, Александр Белов жана Санжар Абдыжапаров сыяктуу таланттуу жигиттерибиз азыр кыргыз клибин өнүктүрүп келишет. Бир клиптин баасы 1000 доллардан жогору. Ал эми 40 000 (Бактыгүл Бадыева, «Жүрөк тагы») долларды чапчыган да клиптер тартылган, албетте, эгер ырчы айткан маалымат чын болсо.

Мына, окурман. Элге таанылыш үчүн ырың хит болушу кажет. «Эшегине жараша тушагы» демекчи, сапаттуу, хит ырды мыкты жазуу үчүн да акчаны аябаш керек. Ошондуктан жогорудагы биз сөз кылган сумманын эң жогоркусу менен эсептесек, Кыргызстанда бир хиттин "куну" орточо эсеп менен 3200 доллар. Ал ыр элге сиңип, хит болуп кетсе жакшы, болбосо «банкрот».

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бир ыр канча турат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
begusia
2013-02-11 10:02:14
Бадыева,Китайга барган расходун,ары бери ойногонун да эсептеп койгонго. Клиби озу ашып кетсе 5мин доллар кетсе керек. Укмуш дегидей эч нерсеси жокко...
0
altinim
2013-02-12 01:19:35
begusia, begusia, бадыевага соз жок да эми, эс алганы барып эле байкуш эчтеке коро элек туркторду шок кылып 30мин долларга мончок тагынып 30мин долларга шмотка алса ананле бир клипти 40мин тартып койуу ниче да
+1
konya
2013-02-11 14:25:55
Чыныгы талантка клиптин деле кереги жок го дейм...
0
Lovebaby
2013-02-11 22:45:44
konya, elge jakwy yr chykkanda kim yrdait eken degen kyzyguu paida bolot. Emne bul yrdy men yrdaim dep ar kimdin aldyna baryo yrdamak bele. Klip bul azyrky ubakta yrchylarga en jakwy wans go deim,ozun da, yryn da korsotkongo.
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан