ЖЫЛДАРДЫ КАРЫТКАН БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ

14-фераль – Сүйүшкөндөр күнү. Адам баласы өмүрү өткөнчө канча деген сүйүүнү башынан өткөрүп, канча жолу сүйүү деңизинен сүзүп өтөт болду экен? Бирок баарынан таза, унутулгус баёо сезим бул – балалык сүйүү экенин эч ким танбас. Сүйүү үчүн адам баласы кандай гана жолду баспайт, эмнеге гана барбайт… Сүйүүнүн жан эргиткен жыргалы менен катар анын азабы, ачуусу да бар. Жүрөк түпкүрүндө өчпөс болуп жашап калган бир кездеги балалык сүйүүлөрүн эске салып, ал үчүн кандай кадамдарга баргандыгы тууралуу атактууларга суроо узаттык.

Жаныш Кулмамбетов, драматург, режиссёр: "ТУН СҮЙҮҮМ ҮЧҮН ЖАНЫМДЫ КЫЙМАК БОЛГОМ"
– Эң алгачкы балалык сүйүү сезимим классташ кызыма арналган. Адегенде ага сезимимди билдире албай, кат жазып, ыр арнап, айтор, акыры анын сүйүүсүн өзүмө багындырып алдым. Экөөбүз жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп эле бир күнү болбогон нерсе үчүн таарыныша кеттик. Өспүрүм кезде аябай курч болуп, күтүүсүз кадамдарга барат турбайбызбы. Эмне кыларымды билбей, жанымды кыюуга бел байлагам. Айыл ичине «дүң» эле дей түштү го бул окуя.
Катуу эле жаракат алсам керек, үйдөгүлөр ооруканага жаткырышкан. Тиги кыз ооруканага чейин келип, ден соолугумду сурап, кечирим сураган. Бирок ушундай кадамдарга барып, сүйүүм үчүн канчалык күрөшпөйүн, экөөбүздүн жолубуз бириккен жок. Андан бери канча мезгилдер өттү, сезимдер өзгөрдү. Учурда ал классташым небере-чеберелүү, бир үйдүн куту болуп жүрөт.

Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:"ЖИГИТИМ ВЕЛОСИПЕДИН ТАШТАЙ КАЧКАН"
– Биздин убакта азыркыдай телефон, интернет деген жок. Жүрөкчөлөрдү тартып, сүйүүбүздү жалаң кат аркылуу билдирчүбүз, бирөөлөрдөн бердиртип дегендей. Келген каттардагы кол жазмаларга карап, «бул катасы жок жазыптыр, демек, жакшы окуйт» деп сындан өткөрүп тандачубуз жигитти.
Окуучулук кезимде чачым аябай узун, калың болчу. Форма, фартукту тизеден өйдөрөөк кылып кийип, чачымды экиге өрүп таштап койчумун. Жигиттерге ошол турпатым жакчубу, айтор, жогорку класстын балдарынан далай кат алдым. Улуу агам да «неге менин классташтарымдын баары сени жакшы көрүшөт?» деп сурап уялтчу. Эсимде, бир жолу кечке жуук кат алышып жүргөн бала жолугушууга велосипедчен келди. Үйдө эч ким жок болчу. Экөөбүз баданы күтүп көчөдөгү отургучта отурабыз. Бир убакта тиги бала велосипедин таштап качып жөнөсө болобу?! Көрсө, көчөнүн башында энем келе жатыптыр. Энем келип «ээ, балам, бул кимдин машинасы?» дегенде эмне дээримди билбей апкаарып калгам.
Учурда бир кезде мага кат жазган агалар небере-чеберелүү болуп калышкан. Азыр да алар көзүмө бир башкача көрүнүшөт. Анткени каттарында сөз берметтерин тизип жазышчу эле.

Тынар Курбаналиев, куудул:«АЛГАЧКЫ ЖОЛУГУШУУДА ЭКИ СӨЗ АЙТКАНГА АРАҢ ЖАРАГАМ»
– Чыныгы сүйүүгө жогорку класста окуп жүргөндө кабылдым. Ага чейинкилер азыркы тил менен айтканда тоок сүйүү болчу. Менден 1-2 класс төмөн окуган кызды жактырып, сүйүүмдү билдерсем, ал да тилектеш экендигин айтты. Ошентип, мен жолугушууга бармай болдум. Кыш мезгили аяктап жаткан учур эле. Эшик суук. Эсимде, ал кезде «Адидас» деген спорттук кийим мода болчу. Эшиктин суугуна карабай күрмөмдү чечип, "Адидасымды" кийип алып, жолугушууга бардым. Калчылдап үшүп тиги кызды 1 сааттай күттүм окшойт. Үйүнүн эшиги кыйч ачылып бирде апасы чыгат, бирде атасы чыгат... А мен турам калчылдап, улам-улам моюнду созуп коюп. Бир убакта чыкты сүйгөнүм. Сүйүүнүн сүрүн караңыз, тиги кыз чыгары менен «Орозбай акелер жайлоого качан көчөт?» деп сураптырмын. "Причём тут" Орозбай аке десеңер?! Көрсө, андан сүрдөп, оозума ушул суроо келген го дейм. Бир аздан кийин «эртең мектепке барасыңбы?» деп суроо узаттым. Ал «ооба» деп жооп берди. Экөөбүздүн алгачкы жолугушуубуз ушул эки суроо менен эле аяктаган.
Ал кыз экөөбүз 4-5 айдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Кийин эмне болуп кетти түшүнбөй калдым, сүйлөшпөй калдык. Азыр кошуна айылда жашайт. Бала-чакалуу болуп, бир үйгө жарыгын чачып, бактылуу турмуш кечирүүдө. Айылга барганда жолуккан жерден учурашып, ал-абалыбызды сурап турабыз.

Айнура Турганбаева, куудул:«БАЛАЛЫК СҮЙҮҮМ ЖҮРӨГҮМДҮН ТОЛТОСУНДА ЖАШАЙ БЕРЕТ»
– Муну сүйүү дейбизби же жактыруу дейбизби, айтор, бул көз ирмемдер жүрөк толтомдо жашап келет. 6 жашымда биздин үйдөн 5-6 үй арыраакта жашаган кошунабыздын баласын жактырчумун. Негизи, анча-мынча балдарга «койчу, ээ» деп чыкпай коймой адатым бар эле. Тиги бала таң атпай биздин үйдүн алдында пайда болчу, «Айнура, ойнойсуңбу?» деп. Анда мен жөн турамбы, ичкен ашымды таштап чуркап чыгар элем. Жактырган үчүн чыгам да ага, эмесе эмнеге чыкмак элем?! Ошону менен экөөбүз кетчүбүз, үйдөгүлөр түшкү тамакка араң алып келишчү. Анан да экөөбүз эч кимге кошулбай өзүбүзчө ойноор элек. Ошол күндөр эле сонун экен. Эч нерсе менен ишиң жок, бейкапар ойноп жүрөсүң. Кээде ошол балалык күндөрүмө кайткым келет.
Кийинчерээк алардын үй-бүлөсү шаарга көчүп кетти. Тиги бала каникулда айылга келип калчу. Бирок мурдагыдай болбой калат экенсиң. Эми ал «гора» болуп. А биз айылда, "торпок бет" болуп жүрөбүз. Ошентсе да ал келгенде чачы-башымды оңдоп-түзөнүп калчумун.
Кийин мектепте, студент кезде деле сүйүүлөрүн арнаган жигиттер болгон. Баары бир таза, тунук балалык сүйүүмө жеткен жок. Мен жактырсам, алар жактырбайт, алар жактырса, мен жактырбайм дегендей. Алардын баарын жайына коюп койгом. Эстегим да келбейт.

Самаган Кочкоров, «Нур» тобунун жетекчиси:«ТУН СҮЙҮҮМ 20 ЖЫЛДЫК КЕЧЕГЕ КЕЛБЕДИ»
– 2-класста классташым Гүлмирага аябай ашык болгом. Ал кезде кызды артына учкаштырып алып велосипед тээп бараткан жигиттин сүрөтү бар календарь эл арасына жайылып кеткен эле. Менде велосипед жок болсо да, «тиги сүрөттөгүгө окшоп Гүлмираны учкаштырып алып чогуу жүрсөк» деп элестетер элем (күлүп). Ушунун айынан «велосипед сатып бер» деп апамды далай кыйнаганым эсимде.
Кийин 8-класста сүйүүм Назира аттуу классташыма бурулду. Ал менин балалыгымдагы баёо сезимимдин ээси болуп кала берди. Назира шаардан келген кыз болчу. Ал келери менен 4 бала бирдей жактырып калыптырбыз. Алардын бири ага белек алып бергенин же жардамдашканын көрсөм, андан ашыра жасаганга аракеттенчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин Назира ЖОЖго тапшырды. Ошондо гана анын менде көңүлү бар экенин билдим. Анткени ал да мага сүйүү катын жаза баштаган болчу. Экөөбүз кат алышып жүргөнүбүздө аны айыл тарапка ала качып кетишти.
Былтыр мектепте 20 жылдык кече өткөргөнбүз. Тилекке каршы, Назираны таба албадык.

Дамира Арстанова, Гүлжан Эшбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атактуулардын алгачкы сүйүүсү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
merim
2013-02-13 16:06:32
ТЫнар акебиздин турганы эле кулкулуу,аябай кулдук!
0
Jamalym
2013-02-14 00:35:46
Орозбай аке качан кочот хаха аябай кулбодукпу.
0
zzari-83
2013-02-17 01:45:09
ооба ар бир адамдын балалык суйуусу болот тура
бирок ошол суййуу тээ журок тупкурундо кулпулануу болуп сакталып кала берет
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан