Жашообуздагы жагымдуу көз ирмемдерди эстеликке сактап коюу үчүн сүрөткө түшөбүз. Сапаттуу тартылган сүрөт маанайды да көтөрөт. Андыктан фотоаппараттын сапатына көңүл буруу керек. Кандай фотоаппарат кайсы учурда колдонулат жана сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек?
ТАНДООНУН АЛГАЧКЫ КАДАМЫ
Санариптик фотоаппаратты тандоодо алгач кандай максатта колдоносуз, аныктап алыңыз. Бул сиздин капчыгыңызга гана пайдалуу. Анткени чоң көлөмдөгү сүрөттөрдү тартуунун зарылчылыгы жок болсо, кымбат баадагы фотоаппаратты сатып алуунун кереги жок.
ОБЪЕКТИВ
Оптикалык чоңойтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ (оптикалык зум) объектив нерсени жакындатып же алыстатып көрсөтөт. Ал алыстагы нерсеге басып барып убакыт коротпой, жакындатып тартууга шарт түзөт. Ал эми көпчүлүк сүрөт тартууну сүйүүчүлөргө ылайыкталган санариптик фотоаппараттар 3 эселик оптикалык чоңойтуучу объектив менен жабдылган. «Санариптик зум» деген да түшүнүк бар. Бул да сүрөттү чоңойтууга багытталган. Бирок бул объектив эмес, ал болгону, сүрөт тартылгандан кийин гана чоңойтот. Айтып койчу нерсе, алыстан туруп жакындатып тартууда сүрөттүн сапаты начар чыгат.
МАТРИЦА
Фотоаппаратта негизги мааниге матрица ээ. Матрицадагы пикселдин (пиксель – сүрөттүн элементи дегенди түшүндүрөт) саны көп болсо, сүрөт сапаттуу тартылат жана анын майда бөлүктөрүнө чейин даана көрсөтөт. Мисалы, 10 мегапиксель болгон фотоаппараттын матрицасы 10 миллион пикселден турат дегенди түшүндүрөт.
ЭС ТУТУМ КАРТАСЫ (КАРТА ПАМЯТИ)
Фотоаппараттык эс тутум картасынын көлөмү канчалык чоң болсо, ошончолук көп сүрөт батат. Андыктан сатып алууда фотоаппараттын өзүнүн эс тутум картасында орун аз болсо, анда эс тутум картанын көлөмдүүсүн алыңыз. Учурда 2 мегабайттан 16 гигабайтка чейинки эс тутум карталары популярдуу.
БАТАРЕЯ
Санариптик фотоаппараттын кубатын толтуруп турууга ылайыкталган өзүнүн фирмалык батареясы менен болгону жакшы. Улам алмаштырып туруу фотоаппараттын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Себеби санариптик фотоаппараттарга бардык эле үлгүдөгү батареялар ылайык келе бербейт. Эгер батарея алмаштырууга мажбур болсоңуз, анда фотоаппаратыңызга гана ылайыкталган батареяларды колдонуңуз. Себеби күчтүү кубаттагы батарея фотоаппаратка зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.
ФОТОАППАРАТТЫН КАБЫ
Фотоаппараттын кабы анын өмүрүнүн узун болушуна шарт түзөт. Сырты чийилип калуусунан сактайт. Андыктан анын кабын сөзсүз ала жүрүңүз.
СҮРӨТ ТАРТУУНУ СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫЛАЙЫКТУУ САНАРИПТИК ФОТОАППАРАТ
Эгер сиз үйрөнчүк болсоңуз, жаныңызда алып жүрүүгө ыңгайлуу, чакан, колдонууда функциялары татаал эмес, жөнөкөй санариптик фотоаппарат ылайыктуу. Тартуу режими (жарыкта, караңгыда) автоматтык түрдө иштеп, кол менен тууралоонун кажети жок. Баасы да анча кымбат эмес. Мындай санариптик фотоаппараттардын матрицасы 16 мегапикселге чейин болот. Абдан сапаттуу болбосо да, үй шартында сүрөттөрдү тартууга болот. А4 форматындагы кагазда, тактап айтканда, 20Х30 сантиметрге чейинки өлчөмүндөгү сапаттуу сүрөт чыгарууга мүмкүн. Ал эми көрсөтүлгөн өлчөмдөн чоңураак сүрөттөрдүн сапаты начар болуп чыгат.
ПРОФЕССИОНАЛДЫК САНАРИПТИК ФОТОАППАРАТТАР
Эң чоң өлчөмдөгү, сапаты мыкты сүрөт чыгарууну кааласаңыз, анда профессионалдык санариптик фотоаппараттарды тандаңыз. Мында сүрөттү каалагандай тартуу үчүн бардык функциялар тууралап, башкарууга ылайыкталган. Мындай фотоаппараттардын матрицасы 16 мегапикселден жогору болот жана эң мыкты сапаттагы оптика менен жабдылган. Сүрөткө тартуу ылдамдыгы жогору. Тактап айтканда, үлгүсүнө жараша 1 секундда 5-10 жолу сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындай мегапикселдүү фотоаппараттар чоң өлчөмүндөгү сүрөттөрдү да жогорку сапатта берүүгө жарайт. Кемчилиги катары жогорудагы санариптик фотоаппараттарга салыштырмалуу салмагы абдан оор, 1 килограммга чейин жетет. Баасы да кымбат. Андыктан профессионалдык сүрөт тартуу менен алектенбесеңиз, анда сизге жогорудагы сүрөт тартууну сүйүүчүлөр үчүн ылайыкталган фотоаппарат ылайыктуу.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg