«ТАЛАС АЙЫЛ КӨМӨК» БАЗАРЫНДА ӨРТ ЧЫКТЫ

2013-жылдын 31-январында Талас шаарынын «Талас Айыл көмөк» базарында өрт чыкты. Талас шаардык өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы, майор ТИЛЕК РЫСПЕКОВ болуп өткөн окуя тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
– Аталган дарекке саат 20:00дө Талас шаардык ӨКМКБнын 2 күжүрмөн бөлүмчөсү барган кезде базарда бири-бирине жакын жайгашкан темир контейнер жана вагон толугу менен күйүп, алардын эки тарабындагы контейнерлердин ичи түтөп жаткан экен. Ал жерге өрт өчүрүүчү автоунаалар кирүүгө мүмкүн болбогондуктан, болжол менен 30 метр аралыктан магистралдык линияларды 2 тараптан тартып, өрт толугу менен 24:00дө өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен базардагы «Кыздын себи» аттуу чакан цех толугу менен күйүп кеткен. Ал эми чыгыш жана түштүк тарабындагы 2 контейнердин буюмдарынын бир бөлүгү ысыктан эрип калыптыр. Базардын кароолчуларынын берген көрсөтмөлөрүнө караганда, өрт бөлмөнүн ичин жылытуу максатында коюлган темир мештен чыккан. Ал жерден 3 темир меш табылды. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын январь айынын ичинде 10 өрт кырсыгы катталган. Облустагы өрт кырсыктарын азайтуу максатында Талас облустук өрткө каршы башкармалыгынын өздүк курамы 2013-жылдын январь айында жеке менчик турак жайларда, ошондой эле инспекторлор курамы 26 мектепти кыдырып окуучуларга жана мугалимдерге өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан