«ГҮЛДӨР УРУШ-ЖАҢЖАЛ БОЛГОН ЖЕРДЕ СООЛУП КАЛЫШАТ»

Үй шартында гүл өстүрүү кимдир бирөө үчүн жакшы көргөн иши болсо, кайсы бир замандашыбыз гүл өстүрүүнүн сырларын билбей жүдөйт. Каарманыбыз көп жылдан бери гүл дүйнөсүндө жашап келет. Дегеним, гүл өстүрүүнүн устаты болгон Шаангүл эже өз ишинин сырлары менен бөлүштү.

– Шаангүл айым, гүл өстүрүүнүн чебери экенсиз, канча убакыттан бери алектенесиз?
– Кырчындай кыз кезимде гүлдөрдүн түрүн өстүрүп, жалаң ошолорду карачумун. Үйдөгүлөр гүлүмдүн бутагын кайрып же сындырып койсо, анда эле үйдө чоң жаңжал чыкчу. Ошондуктан менин гүлдөрүмө баары аяр мамиле жасашчу. Кийин келин болгондо гүл өстүрүүгө убактым жок эле. Көп өтпөй жолдошумдун бүлөсүнө аралашып кеттим да, баягы эле сүйүктүү ишим болгон гүл өстүрүүнү баштап, азыркы күнгө чейин өстүрүп келем.

– Канча түрүн өстүрөсүз?
– Учурда 25-30дай түрү бар. Гүлдөрдүн түрүн көбүнчө эл арасынан жыйнайм. Жактырган гүлдөрүмдү алып келип отургузам. Анан менде өспөй калганы көп болбойт, алардын дээрлик 90 пайызы көктөп чыгат. Гүлдөр да жаш балага окшош болуп, аз убакытка эле көңүл бөлбөй койсоң куурап калат. Ар бир түрү өзгөчө мамилени талап кылат. Мисалы, герань, бугу мүйүзү, коңгуроо гүлү, ийне жалбырактуу гүлдөрдүн түрүн өстүрөм. Кыш мезгилинде көпчүлүгү куурап калышат. Себеби алар назик болуп, бөлмө температурасында да кыштын ызгаар суугуна туруштук бере алышпайт. Алар үчүн атайын бир бөлмөнү кыш мезгилине даярдап, жылытып, ошол үйдө калкалайм. Ал эми жазында гүлдөрүмдүн түрү көбөйөт. Үйдө эле эмес, эшигимдин астында да түрдүү гүлдөрдү өстүрөм.

– Гүл өстүрүүнүн сырларынан бөлүшө кетсеңиз...
– Аны идишке отургузууда топурагына жакшы көңүл буруш керек. Топуракты электен өткөрүп, ага кык жана кум аралаштырып, жакшы ой-тилектерди айтып отургузуу зарыл. Сууну өз маалында куюп, такай көңүл буруп турган жакшы. Гүлдүн өсүшүнө үй-бүлөдөгү жакшы маанай, тынч абал да таасирин берет. Эгер үй-бүлөдө уруш-жаңжал болуп, жаман сөздөр айтылса, алар гүлдөргө терс таасирин бериши мүмкүн.

– Гүлдөрдүн адамга кандай пайдасы бар?
– Мисалы, мен гүл коюлган үйгө киргенде маанайым ачылып, ырахаттанам. Герань кан басымы жогору адамдарга пайдалуу. Анын жыты мээни сергитет. Азыр техниканын өнүккөн заманы. Ошол техниканын зыяндарынан сактоо үчүн тикендүү гүл колдонулат. Алоэ да организмге өтө пайдалуу. Булардын пайдасы өтө көп.

– Үй-бүлөңүздө сизден башка адам гүл өстүрүү менен алектенеби?
– 2 уулум, 1 кызым бар. Алардын да өздөрү сүйүп алектенген нерселери бар. Уулдарым, жолдошум кызыкпаса да, кызымда кызыгуу бар. Бирок ал азыр турмушка чыгып, гүл кароого убактысы жок. Келечекте гүл өстүрүү менен алектенет деп ишенем.

– Гүлдөрүңүздү сурагандар барбы?
– Ооба, көпчүлүк учурда чоң-чоң гүлдөрүмдү ишканаларга сатып алышат. Аларды үй шартында өстүрүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, сатууга туура келет. Адам боюнан жогору болгон гүлдөрүмдү сатып алууга ашык болгон адамдар көп. Бирок өстүргөн гүлүңдү бирөөгө берүү да кыйын. Себеби гүлдөр да өстүргөн адамдын мамилесине жараша өсөт. Ушунчалык аяр мамиле кылып өстүргөн гүлүң башка бирөөнүн колуна барып соолуп калса, бооруң ооруйт.

Ар бир ишти ушундай ырахат алуу менен жасаса, бардык нерсенин кайрымжысы болсо керек. Эженин гүлгө айланган үйүнөн биз да жакшы маанайда кайттык.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgMM
2013-06-14 01:34:02
Гул остургонго менин апамда аябай кызыгат. Апам гулдордун кактус турун коп остурот...
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан