Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы милиция бөлүмүнө жакын жерге 37 жаштагы эне 2 жашар кызын таштап кеткен. Маалыматтарга караганда, аял кызын жакырчылыктан улам калтырып кетүүгө аргасыз болгон. Буга чейин бул үй-бүлөгө бир туугандары тамак-ашына, үй-тиричилигине көмөктөшүп келишкен.
Эненин бул кызынан башка да балдары бар экени, аларды багууда кыйналганынан улам ушундай кадамга барганы маалым болду. Азыр бул факты боюнча милиция кызматкерлери тергөө ишин жүргүзүшүүдө.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg