БЕТ КАПЧАНДАРДЫН КЫЛМЫШЫ АЧЫЛДЫ

2012-жылдын 27-декабрь күнү Базар-Коргон районунун тургуну, жеке ишкер Маматкадыр Мавляновдун үйүнө арматура, бычак, тапанча менен куралданган, бет капчан 6 жигит кирип келген. Аялы, балдары менен уктап жаткан бөлмөгө кирип, М.Мавляновду арматура менен уруп, колун байлап, оозуна скотч чаптап, үйүндө сакталып турган 4000 долларын,
142 000 сомун жана 20 000 сомдук алтын шакек-сөйкөлөрүн карактап, из жашырып кетишкен. Натыйжада Маматкадыр Мавлянов Базар-Коргон аймактык ооруканага кайрылып, медициналык жардам алган.
Ушул сыяктуу кылмыш иши 2013-жылдын 8-январында Таш-Көмүр шаарына караштуу Базыл-Ата айылынын тургунуна карата колдонулганы маалым болгон. Анда да аталган сценарий менен эле кирип, үй ээсин курал менен өлтүрөм деп коркутуп,
100 000 долларын карактап алышкан. Мына ушул сыяктуу кылмыштарга чек коюлуп, катталган каракчылык иштеринин негизинде шектүү делип 6 адам кармалды. Кармалгандар кылмыш иштерин толугу менен мойнуна алышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
_oichul_
2013-02-19 17:04:29
Kim atategi adresi jokgo
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан