39 ЖООКЕР АСКЕРДИК КЫЗМАТТАН ЭМНЕГЕ КАЧТЫ?

Бул жуманын башкы жаңылыгы аскерден качып, кайра кайтып келишкен жоокерлер болду. Кызыгы, буга чейин аскерде кызмат өтөп жүрүп таяк жеп же түрдүү себептерден улам качкандар «молодойлор» болуп келсе, бул сапар жалаң «деддер» качып отурат. Кызматтык милдеттери аяктаарга аз калганда эмне үчүн мындай кадамга барышты?

ОФИЦЕРЛЕР АША ЧААП КЕТКЕНБИ?
3-февралда, түндө ИИМдин Ички аскерлеринин №702-аскер бөлүгүнүн 39 жоокери аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кетишкен. Качкандардын баары аскердик тил менен айтканда «деддер». Качкандар кайрадан топ-топ болуп кайтып келип отурушуп, акыркы экөө 5-февраль түнү туугандарынын коштоосунда келишкен.
Аскер жетекчилиги «жоокерлер кызматтык түйшүккө чыдабай качып кетишкен» дешсе, жоокерлердин ата-энелери «офицерлер катуу кыйнап жиберишкен» деп түшүндүрүшүүдө. Ал эми жоокерлер офицерлер тараптан болгон кысым-басымга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында качышканын, бирок ич ара кайра кайтып келмекчи болуп сүйлөшүшкөнүн билдиришти.

430 СОМДУН 30 СОМУН ГАНА АЛЫШЧУ ЭКЕН
Алгач качкан жоокерлердин ата-энелеринин сөздөрүн угуп көрдүк. «Бардыгы өз каалоолору менен аскерге кетишкен. Жөнөкөй себеби жок болсо, качышмак эмес» деген ата-энелер «балдарыбыздын кызматын аяктаганга дагы 3-4 ай убакыт бар. Биздин аты-жөнүбүздү, сүрөтүбүздү чыгарсаңар, балдарыбызга оор болуп калат. Ошондуктан аты-жөнүбүздү чыгарбагыла» деп коркуп жатып сүйлөп беришти. Ата-энелердин айтымында, балдарынын качканын угуп аскер бөлүккө келгендерге офицерлер «балдарыңар «молодой» жоокерлерди сабап, бирөөсүнүн колун сындырып койгон. Сабалган жоокерлердин ата-энелери арыз жазып, эми балдарыңар камалат» деп коркутушкан. Бирок кайтып келген жоокерлер «бизди батальон командири чүпүрөктү мойнубузга илдирип пол жуудуруп кордоду. Аскердик турмуштагы жазылбаган эреже боюнча дембель болгон убакта пол жууган сыяктуу иштерди кылбаш керек. «Молодойлордун» көзүнчө бизди басынтты. Биз ошого нааразычылык иретинде убактылуу кетип калдык. Айтсак деле бизди баары бир эч ким укмак эмес» деп түшүндүрүшкөн.
Мындан сырткары сурак учурунда алар буга чейин айтылбай келген дагы бир сырды ачып салышты. Мыйзам боюнча ар бир жоокерге керектөөсү үчүн айына берилүүчү 430 сомдун 30 гана сомун алып, калганын сержанттар чогултуп алышчу экен.

«МОЛОДОЙЛОР» ГАНА БАРДЫГЫН ЖАСАШ КЕРЕК ДЕГЕН ЖОК»
ИИМдин Ички аскерлеринин №702-бөлүгүнүн командиринин орун басары АНВАР КАСЫМОВ:
– 17 жоокер аскердик бөлүктөн, 22 жоокер мамлекеттик резиденциядан качып кетишкен. Бардыгы 11-батальондун 1-2-роталарынын жоокерлери. Алар мамлекеттик резиденцияны, ИИМдин кампаларын кайтарышып, кайгуул-күзөт кызматтарын да аткарышат. Ал эми аскердик бөлүктө жүргөн убакта физикалык жана башка даярдыктан өтүшүп, мындан сырткары ар кандай наряддарга бөлүнүп, ар бирине бөлүнгөн аймактарды тазалап турушат.
Буга чейин деле ушундай болуп келген. «Мурунтан кызмат кылгандар нарядга турбаш керек, «молодойлор» гана бардыгын жасаш керек» деген түшүнүк жок. Устав бардыгына бирдей каралган. Жоокерлер күнөөлөп жаткан батальон командири өзүнө тиешелүү окууларды өткөргөн. Түйшүктү көтөрө албагандар качууну уюштуруп, башкаларды да ала кетиши мүмкүн. Учурда кызматтык иликтөөлөр жүрүп, аскер прокуратурасы териштирип жатат. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында эмне үчүн качкандарынын чыныгы себебин аныктайбыз.

«КАДИМКИ МАШЫГУУЛАРДЫ ООР ДЕП ЖАТЫШАТ»
Бишкек гарнизонунун аскер прокурору АЗАМАТ МАМБЕТОВ:
– Уставдан сырт болгон мамилелерден (ред. дедовщина) улам кийинки чакырууда келген жоокерлердин биринин колу сынып, ал «жыгылдым» деп коюптур. Комбат чыныгы себебин аныктамакчы болуп, окууларда болгон талаптарды күчөтүп, жыйынтыгында жаш жоокердин колун мурунку чакырылган жоокерлер сындыргандыгын аныктаган. Андан соң командири «ар бириңердин ата-энеңерди чакырып, аларга «балдарыңар кийинки келгендерге зомбулук көрсөтүп жатат» деп айтам» деп коркуткан. Ошол себептүү жоокерлер качып кетүүнү чечишиптир.
Жоокерлерди суракка алганыбызда, алар командири нарядды аткарууда катаал мамиле кылгандыгын, аскерде үйрөтүлүүчү машыгуулардын оор экендигин айтышты. Мындан сырткары противогаз кийип чуркатты деп да даттанышты. Булардын бардыгы аскердик даярдыкта өткөрүлүүчү кадимки машыгуулар. 7 жоокер аларга батальон командири кол көтөргөндүгүн жазышкан эле. Бирок эртеси кайрадан «качканыбыз үчүн жоопкерчиликке тартылып калуудан корккондуктан, ушундай көрсөтмө бергенбиз» деп көрсөтмөлөрүн өзгөртүштү. Ошого карабастан соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Мындан сырткары 4 жоокер «айына берилүүчү 430 сомдун 30 сомун гана алабыз» деп айтышкан эле. Кийин бул көрсөтмөлөрүнөн да баш тартышты. Бул боюнча да иликтөө жүргүзүп көргөнүбүздө жөн гана жалаа болуп чыкты.
Иликтөө бүткөндө аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендиги, уставдан сырт мамилелер жана комбаттын аракеттери боюнча юридикалык баа берилет.
Кылмыш жана жаза кодекси боюнча аскер бөлүгүнөн уруксатсыз чыгып кеткен жоокерлер үч күндүн ичинде кайтып келсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Ошондуктан кылмыш иши козголгон жок.

Жоокерлер чын эле коркуп кетип алгачкы көрсөтмөлөрүн кайра өзгөртүштүбү же көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө мажбурлаштыбы азырынча табышмак. Же чын эле көпкөндүкпү...

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
АСКЕРДИК КЫЗМАТТЫ ӨТӨӨ МИЛДЕТИМ ДЕП БИЛЕСИЗБИ?

Таласбек Узакбаев, студент:
– Милдетим деп эсептейм. Өзүм Ички аскерлер бөлүмүндө кызмат өтөгөм. Аскерге барганыма өкүнбөйм, себеби ата-энемдин колунда эркелеп жүрүп, так ошол аскер болгондо жашоонун оор-жеңилин түшүндүм, быштым.

Урмат Оруналиев, айдоочу:
– Албетте, милдетим. Себеби ар бир жигит мекенди, элди коргош керек. Өзүм тууралуу айта кетсем, ден соолугума байланыштуу аскерде толук кызмат өтөгөн эмесмин. Ортодо ооруп калып, кызматымдын аягына чыга албай калгам.

Сабырбек Тургунбаев, күзөт кызматчысы:
– Мен Союз убагында Свердловск шаарында кызмат өтөгөм. Ал убакта тартип, шарт деген бар болчу. Жакшы тамак берип, жакшы кийинтчү. Азыр болсо Кыргызстанда шарт жок, армияга көңүл бөлүнбөй, жаштар ошон үчүн баргысы келбейт.

Мирлан Алпайызов, студент:
– Мен армияга барган эмесмин. Менин оюмча, кээ бирөөлөр ден соолугуна, окуусуна байланыштуу аскердик кызмат өтөй албай калышат. Окуп жаткандыгыма байланыштуу аскерге барбасам да, өзүмдү мекенимдин патриотумун деп эсептейм.

Талгат Абдрасаков, экономист:
– Мен ЖОЖдогу аскердик кафедраны бүткөм. Ал деле аскердик кызмат өтөгөн болуп эсептелет. Аскердик кафедраны аяктагандын жакшы жагы, запастагы офицер, кенже лейтенант наамын алгам. Бирок азыркы учурда аскерге барып, милдетимен толук кутулгум келет.

Нурбек Иманкулов, унаа оңдогуч:
– Армияда кызмат өтөп милдетимди аткаргам. Чынын айтсам, биздин өкмөт аскерлерди жакшы карабайт. Аскердин жакшы жагы, биринчиден, туура тарбия аласың, экинчиден, ата-энеңе, айылыңа, жашоого болгон көз карашың өзгөрөт.

Мирдин Ысмайылов, сантехник:
– Ооба, милдетим деп билем. Анткени өзүң жашап жаткан мекенди коргош керек. Мен 2001-жылы Бишкектеги Ички аскерлер бөлүмүнө барып кызмат өтөгөм. Ал жактан чыныгы эркектин жашоосун көрүп келгем.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
39 жоокер эмнеге качты?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Nurtilek82
2013-02-12 11:58:24
Биздин убакта да молодойлорду уруп койсон Ком.Бат бизди 2,3 кун кыйнап жатып калчу ал корунуш молодойлорубузга аябай жакчу эми кыйналдым деп эле кача берсе туура эмес азыр 1 жыл эми армиянын кызыгына жеткенде уйлоруно келе беришет биздин убакта 1,5 жыл кетерге 1 ай калганда армияда эч кимге керегин жок болуп калчусун мен ошондо кыйналгам.
0
sadagasy
2013-02-12 17:39:58
Аскердик милдетти отоо бул абдан сонун кызматты кылуу керек менда кызмат отогом албетте бирок командир кыйнаган бизди бирок уставтын негизинде 10кун качыш оюбузга келгенда эмес кичине кыйынчылыкты коруш керекта мен Россияда журуп уктум аябай уялдым аларды башынан кызмат кылдырыш керек!!!!
0
aizish
2013-02-13 09:16:54
Абииринер айрандай эле тогулуптурго. Ишеничинер кетип жатат элге ботом!:$
0
nurka85
2013-02-14 06:28:05
менин эки уулум бар. чон уулум 9га, кичинем 3ко толот. кудай буюрса эр жетишсе озум эле аскерге жиберем. бул эркек баланын милдети. айланайын аскерлер, кыргыз элин уят кылбай кызматынарды отогуло.аскердин кыйынчылыгына чыдабаган жоокер, турмуштун оорун которо алабы.
+1
chikago
2013-02-16 05:37:59
Аскер милдетин отогон жигиттерди сыйлайм,чыныгы эркек деген наамга татыктуусунар,ал эми ушунтип кача берсенер
Анда ордунарга турмушка бышкан кыздарыбыз барат окшойт.уят еле,эч ким укпасын кокуй...
+1
Churok
2013-02-16 21:54:55
эми кичине урса деле урду деп кача бергенге болбойт да. биз аларга ишенип журобуз. Аллам бетин ары кылсын эртен согуш болуп кетсе да качып кетишеби? алар бизди атат деп. эркектердин иши эмес. уят эле болдук коншу мамлекеттерге, бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей 39 аскердин айынан баардык аскерлерге, офицерлерге соз тийгизип жатышат.
0
tursunkulov
2013-02-19 21:58:51
оо тугандар качыптыр ошого жараша себеби бар турабы? мына мен барам деп журчу елем бара албадым и баргымда келбеди армиядан олуп келген досторум коруп конулум калган армиядан мейли физичиский кыйнаса кыйнасын уруп салган ал болбоит и анын устуно жакшы конул бурулбаит аларга бирок кыргызстаным учун даярмын ардаим
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан