Бакыт Осмонканов:«9 ЖЫЛДАН БЕРИ СҮЙЛӨШҮП ЖҮРГӨН КЫЗЫМА ҮЙЛӨНӨМ»

«Тамашоудо» «Сулуулук дүйнөнү сактайт!» деген ураанды тутунган «Моника Беллуччи» командасын билсеңиз керек. Аталган команданын капитаны, сакадай бою сары алтын Бакыт Осмонканов бүгүн биздин сыйлуу төрүбүздөн орун алып, жараткан ийгиликтери, өзүнүн командасы жана жеке жашоосу тууралуу кызыктуу кеп салып берди.

– Кандай, Бакыт, өтүп кеткен 2-февраль туулган күнүң менен! Өздүк майрамыңды кимдердин курчоосунда тостуң?
– Чоң рахмат. Адатта туулган күнүмдү жоро-жолдоштор менен көңүл ачып таң аткыча тоссок, быйыл өзгөчөлөнгөн туулган күн болду. Сочи шаарынан чарчап келгенгеби, ызы-чуудан тажап, бир аз мээни сергитип, үйдө эс алгым келди. Балдардын баарына «быйыл туулган күнүмдү белгилебейм» деп алдын ала айтып чыккам. Ал күнү сүйүктүүм менен болдум. Буюрса, 26га чыктым. Жашың өткөн сайын шаан-шөкөттөн көңүл калып, чоң кишилердей жашагың келип калат экен. Учурда үй-бүлө тууралуу көп ойлонуп калган кезим.

– Мм-м, үй-бүлө дечи? Сени биз өткөн жылдын күз айында үйлөнөт деп уктук эле?
– Ооба, күз айына пландап жатканбыз. Казакстандагы, Орусиядагы КВН оюндарына байланыштуу тойду жылдырганга туура келди. Сүйлөшкөн кызыма бир ай бир жылдай сезилип жаткан кези. Жакында мамилебизди мыйзамдаштырып, биротоло кол кармашалы деп жатабыз. Кудай буюрса, март айынын этегинде тоюбуз болот. Мына азыркы тапта мен силер менен маектешип отурсам, экөөбүздүн апаларыбыз кафеде биздин маселе тууралуу сүйлөшүп жатат.

– Сендей тамашакөй, шамдагай жигиттин жүрөгүнө чок салган бийкеч ким болду экен?
– Аты – Жылдыз, өзүм менен тең. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 9 жыл болду. Тагыраак айтканда, 10-класстан бери сүйлөшүп жүрөбүз, параллель класста окучу. Бул жылдар аралыгында бири-бирибизди беш колдой билип калдык. Ал мен үчүн төгөрөгү төп келишкен «от души» кыз да. Эми үйлөнсөк такыр урушпайбыз, анткени буга чейин урушуп бүтүп койгонбуз.

– Кезинде сенин «IUK», андан соң «Моника Беллуччинин», кийин «Тамашоу» курама командасынын капитаны болгонуңду билебиз. Табиятыңдан лидерлик сапатка ээсиңби?
– Ооба, табиятымдан лидермин. Капитандык милдет – абдан жоопкерчиликтүү иш. Мактанбайын, бирок мектепте абдан жакшы окудум. Бала бакчага барганда бир айдын ичинде орусча сүйлөгөндү үйрөнүп алган экем. Классымда староста, 10-классымда мектептин президенти болгом. Билим жагынан менден бирөө ашып кетип, мугалимдер аны мактады дегиче апама кадимкидей ыйлачумун «мени мактабай койду» деп. Бир жолу тарых мугалими чейрекке «4» коюп салганда жаман болуп, кийин ошол мугалимдин сабактарын үтүр, чекитине чейин жаттап айтып берип «5» алгам. Университетте калп айтпасам 2-курска чейин жакшы окудум, кийин эле «жыргализм» башталып, өзүмдү таштап койдум. Бирок окуумду кызыл диплом менен аяктадым.

– Кепти «Тамашоуго» кантип келип калганыңдан улантсак?
– «Тамашоуго» чейин мен Евгений Акопяндын «Кыргызстан КВНи» Лигасында «Весёлый строитель» командасында ойночумун. Ошол жактан топтогон баалангыс тажрыйбам үчүн Евгений Акопянга жана ошол кездеги КВНдин редактору Арслан Ибрагимовго абдан ыраазымын. Ал эми «Тамашоуго» кокусунан эле келип калгам. Досторум ойногон «ДНК» командасы оюнга катышып жатыптыр, кызыгып, ошол фестиваль күнү «мени да алгылачы» деп сурансам, албай коюшкан, «биз даярданып алдык» деп. Эртеси «IUK» командасы ойномок, аларга барып «мени кошуп алгылачы, бүгүн эле ойноп берем. Калганын өзүңөр уланта бересиңер» деп айттым. Жигиттер макул болуп, мени командага кошушту. Эч даярдыгы жок эле ошол команда менен чыгып, «Мыкты оюнчу» аталып жатпаймынбы. Ошондон кийин кумарга айланып, улантып кеттим. Кийинчерээк «IUK» командасынан чыгып, «Моника Беллуччини» түздүк. «IUK’дин» жигиттеринин жумуштары чет мамлекетте болуп, чогула албай калыштыбы, айтор, кийин тарап кетишти.

– Командаңардын аталышы кызыгуу туудурат, эмне үчүн Анжелина Жоли эмес?
– Болгону, сүйүктүү актрисабыз Моника Беллуччинин атынан коюлган. Айрымдарга окшоп бычактын күчү менен эмес, табигый сулуулугу менен белгилүү болгон актриса. Башында Чарли Чаплин коёлу дегенбиз, бирок окшошпой калды.

– «Моника Беллуччинин» ушул сезондо чемпион аталууга канча пайыз мүмкүнчүлүгү бар?
– 100 пайыз мүмкүнчүлүгү бар, эгер эмгек кылса. Финалга да жетпей калышыбыз мүмкүн, эгер тамашаларыбыз начар болсо. Андыктан эмгек жана аракет керек. Бирок биздин максатыбыз – чемпион аталуу эмес, биздин аудиторияга да, Москванын аудиториясына да жага турган материал топтоо. Азыр ушул иштин үстүндө кызуу иштеп жатабыз. Мисалы, биздеги «мырктар», көгүштөр тууралуу тамашалар орустар үчүн күлкүлүү деле эмес. Андыктан издениш керек, жалаң жаңылануунун үстүндө жүрүшүбүз шарт.

– Башка командалардан эмнеңер менен айырмаланасыңар?
– Ар бир команданын өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Мисалы, «Ак-Өргө city» командасынын Актан менен Акылайы, «Ак кеменин» бийлерин айтсак болот. Ал эми биздин фишкабыз – Жеңиш, «Сулуулук дүйнөнү сактайт!», Айбектин «поехали» деген сөзү.

– «Тамашоу» курама командасы менен Сочи шаарынан кайтып келдиңер, оюндун жүрүшү тууралуу айтып берсең?
– Ар бир КВНчи үчүн эл аралык КВН союзунун Жогорку Лигасынын чемпиону болуу кыялдардын туу чокусу болсо, ал эми Сочи – кыялдардын Меккеси десек болот. Бизден кем калышпаган 600дөй команда ат салышып, биз алардан озуп Премьер-Лигага өткөнүбүз чоң жеңиш деп эсептейм. Ал жакта жүргөндө «мусор» сөздөрдү колдонбой, маданияттуу сүйлөгөнгө үйрөнүп калат экенсиң.

– Кепти өзүңдүн үй-бүлөңө бурсак...
– Апам – кесиби боюнча инженер, атам – эколог. Тилекке каршы, мен 12 жашымда атам каза болуп калган. Үй-бүлөдө эки бир тууганмын. Менден кичүү карындашым бар. Учурда 1-курста окуйт. Кыскасы, ушундай.

– Кээде жакындарыңды катуу тамашага салып алган учурлар болобу?
– Ооба, көп эле болот. Негизи, мектепте жакшы окуганым менен, жеткен тентек, анан «наглый» элем. Ар кимге ат коюп, шылдыңдап, мазактай берчүмүн. Атамдын бир жакшы сапаты бар эле, аял киши менен такыр айтышып, кол көтөрчү эмес. Ошол сапат менде да бардай. Айтышып баштаса эле «ээ барчы» деп басып кетем, такыр теңелбейм. Акыл менен «психологически» түшүндүргөнгө аракет кылам. Ушундан улам кээде сүйлөшкөн кызым күлүп, «ушинтип мээни жегенден көрө баштан ары бир чаппайсыңбы» деп айтып калат.

– Кызыктуу маегиңе чоң рахмат! Сага үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бакыт Осмонканов жакында үйлөнөт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Cunade
2013-02-11 09:46:31
obojayu ego!!!
0
janylka
2013-02-11 12:25:38
азамат, ийгилик. Быйыл созсуз чемпион болооруна ишенем,! Алгаа!!!
0
tavsan
2013-02-12 00:40:28
oratorluk kurska baryshyn kk eken, suilogondu uiron4u.ayabai maktanchaak eken :((((
0
monchok
2013-02-13 12:42:41
tavsan,мага эч жакпайт ушул кулдуром деп ашыкча эле бирдеме боло берет. Озун укмуш эле жылдыз сезип алганго.
0
N.Bakazova
2013-02-12 00:46:52
Ooo. Baktyluu bol!
0
Churok
2013-02-12 13:49:35
аябай таланттуу жигит. ийгилий жана бакыт
0
Emine
2013-02-12 18:32:01
билинип турат кандай адам экени. Азамат акылдуу, билимдуу сендей жаштарга акжол...
0
Kg.lady
2013-02-13 13:35:59
ушундай жигиттерди суйомда,кен келечек каалайм
0
Jamalym
2013-02-13 23:41:24
Мыкты жигит,азамат! Бактылуу бол!
0
kytm
2013-02-15 13:37:27
Команданын аты неге "Моника Анна Мария Беллуччи" деп аталган билип алганга мумкунчулук бергилечи kytm@yandex.ru-га жонотсонор болот жообун...
0
Aisuluu7
2013-02-16 11:54:12
Бир аз мактанчаак окшойт,калганы баары OK!
0
chyna_kg
2013-02-17 17:53:14
Бакытка бактылуу бол демекчимин, ал эми мумкунчулук болгондо жазып коеюнчу команданын аты жакпайт мага, Моника да карып баратат анын да сыны кетет дегендей, бир кишинин атынан коюлганы жакпайт. Башка ат тапкан жоксунарбы?
0
Talastan
2013-02-18 02:05:08
Жакшы эле мактаныптыр жигит.
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан