ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ 15-МАРТКА ЧЕЙИН «ӨМҮР» БЕРИЛДИ

ИИМдин ИРИҢИ...
Шамиль Атаханов УМККнын төрагалыгынан Ички иштер министрине секирик жасагандан бери милиция курамындагы тымызын тиреш бүтпөй койду. ИИМдеги чоң башкармалыктын жетекчилеринен тартып катардагы кызматкерлерине чейин жаңы министрди тоотпогондой мамиле кылышууда. Атаханов жаңы бекитилгенде милициялар чөйрөсүндө: «Өз киши эмес. Биздин тармакта иштесе да, тээ Союз менен бүгүнкү милициянын айырмасы асман менен жердей» деп чыгышкан. Бирок «кыргыз милициясын буга чейин башкарып келе жатышкан «өз кишилер» эмнени кыйратып ийишти эле?» деген суроо жаралат. Шамиль мырза айткандай, эл азыр милицияга караганда криминалдык чөйрөнүн авторитеттерине көбүрөөк ишенип калган.
Өткөн аптада «Атаханов отставкага кетчү арызын жазыптыр» деген сөз желдей тараган. Адатта, төгүндөөгө шашкан мамлекеттик машина бул саам жымжырт калып кетти. «Асылып» турган суроого Шамиль мырза өзү бул аптада гана жооп берип, анын чындыкка жатпасын билдирди.
Министр Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиевди кескин сындап,  аталган ведомствону кара-бууралыктар каптап кеткендигин билдирди. Айтмакчы, минтип трайбалист катары сындалып жаткан Сатыбалдиев менен министр Атахановдун мамилеси бычак мизинде турганы айтылууда. Калыбек мырза учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканада, бул арада ал жетектеген башкармалык тең укуктуу эки органга ажырап кетти.
Министрликтеги абал боюнча мурдагы Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев партиялык бөлүштүрүүнүн кесепетинен министрликте ырк кетип баратканын айтты. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Атаханов ИИМдеги реформаны ишке ашырмайын кызматтан кетпей турганын билдирди.
Реформа демекчи, акыркы күндөрү бул сөздүн өзүн гана укканыбыз менен, ишке ашкан күнүнө жетпедик. Албетте, Шамиль Атаханов кыйратып ийсе, алкыш алары белгилүү иш, бирок азырынча анын бийлигинин таасири кабинетинен алыс чыга элек көрүнөт.

АСКЕРЛЕР ДАГЫ КАНДАЙ ОКУЯ МЕНЕН БЕЛГИ БЕРИШИ КЕРЕК?
Кыргызстанда аскер кызматы маселелерге белчесинен батканын далилдеген окуялар биринен сала экинчиси болуп, залалдуу шишикке айланганы качан? Ата Мекенге кызмат өтөп жаткан жоокерлердин кылбаганы калбады. SOS сигналы, тагыраагы, жардамга чакырчу белги кандай гана окуялар менен коштолбоду? Армияда жүргөндөр тууралуу «атынып өлүптүр, асынып өлүптүр, сууга агып кетиптир, шериктерин ит аткандай атып салыптыр» деген маалыматтар барган сайын кадыресе көрүнүшкө айланууда. Өткөн жылкы «Эчкили-Таш» чек ара тозотундагы окуя жоокердин беш адамды өлтүрүүсү менен аяктаганын эч ким унута элек.
Бул маселелер бир да ирет расмий түрдө моюнга алынбаганы менен, «дедовщина» жана каржылоонун начардыгынан экени анык.
Анын бирине бул аптада да күбө болдук. Жоокердик милдетин аткарып, анын бүтөрүнө саналуу айлар калганда 39 жигит ИИМдин Ички аскерлигине караштуу бөлүктөн уруксатсыз качып чыгышкан. 3 күн аралыгында кайтып келишпесе, кылмыш иши козголорунан чочулаштыбы, алар өз ордуларына кайтышты.
Ач калат, ток калат, урулат-согулат, «эркек болосуң» деген ураан менен «деддердин» тарбиясынан өтүшөт, мунун баарын билебиз. Бирок минтип 40ка чукул жигиттин качып чыкканына кантип көз жумабыз? Дегеле канчага чейин куралдуу күч түзүмдөрүндө орун алган зордук-зомбулукка кайдигер карайбыз?
6-февралда депутаттар кызматтык үй жана машина, командировка үчүн акча, жардамчылар боюнча көпкө чейин талашып-тартышты. Ишенип шайлаган 120 эл өкүлү өздөрүнө ыңгай түзүүнү токтото туруп, ушундай маселелерге да көз салып койсо... Аскерлер деле электорат, эртең эле шайлоо келгенде керек болуп калышар.

«МИТИНГДЕР СЕЗОНУ» ЖАКЫНДООДО
«Азыркы парламенттен баш тартышыбыз керек» деген ураан менен коомдук ишмер Мирослав Ниязов чыкты. Ал «Кыргызстандын бириккен прогрессивдүү күчтөрү» коомдук бирикмесинин жетекчиси катары парламенттик башкаруу системине каршы билдирүү жасады.
Мирослав мырза өкмөт түзүмүнүн ишмердүүлүгү боюнча: «Азыркы өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалып, колу-буту байланып, партиялардын «барымтасында» калган»,- деди.
«Кыргызстандын бириккен прогрессивдүү күчтөрү» Жогорку Кеңешке бир катар талаптарды койду. «Алар аткарылбаса, 15-марттан тарта массалык каршылык акциялар башталат»,- деди М.Ниязов. Коомдук бирикменин пикиринде, парламенттик башкаруу мамлекеттүүлүгүбүздүн негизин бузат. Андыктан парламенттик башкаруу жараксыз деп табылсын дешет. Ошондой эле депутаттар ЖКнын жыйынында өзүн-өзү таратуу маселесин карасын, президент жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алсын, 3 айдын аралыгында конституциялык реформа жүргүзүлүп, президенттик-парламенттик башкарууга өтөлү дешет.
Кыргыздар Баш мыйзамды өзгөртүүдөн жалкып деле бүткөндөй болду. Буга байланыштуу кашкайган чындыкты мындан 70 жыл илгери Отто фон Бисмарк айтып кеткен: «Чиновниктер мыкты болсо, начар мыйзамдар менен да өлкөнү башкарса болот. Эгер чиновниктер начар болсо, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт».

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nurtilek82
2013-02-12 03:10:04
Мен ошо качкан балдарга кайрылгым келет кудай анын бетин ары кылсын кокус согуш болуп кетсе мени атып жатат деп апанардын жанына качып барасынарбы же болбосо айымдар кызмат кылсын эркектер уйдо отуралы кандай дейсинер?
0
Kg.krasavchik90e
2013-02-13 03:13:31
Тура мен да кошулам.олуб албайсынарбы качкандан коро.мен да кызмат оттогом.качпай эле.бир нерсени унутпасанар э "а если завтра война"дегенди.ошондо да качыб кетесинерби.
0
Kg.krasavchik90e
2013-02-13 03:19:18
Ата энелер да балдарым дейт.да камандирлерди жамандай берет."карга деле баласын аппагым дейт"уротор.чыдабасан апанардын юбкасында жашай бербейсинерби келбей.завтра война,а на войне пащады не бывает.эсинерге тутуб алгыла армияга бара турган балдар!
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан