Буга чейинки сандарыбызда жакын арада «Жди меня» берүүсү Кыргызстанда өз марафонун баштай тургандыгын жазган элек.Кайрылгандардын арызы 8000ден ашып, анын ичинен иргеп жарыялоонун алдында берүүнүн Кыргызстандагы жардамчысы Салтанат Адылбек кызы: «Биз Москвадан жөнөтүлгөн тизме боюнча адамдарды издемекпиз. Бирок көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөдө жоголуп, дайыны билинбей жүргөн туугандарын издеп жатышканын айтып чалышууда. Мындан улам андай арыздарды да кабыл алуу менен аларды «Жди меня» берүүсүнүн сайтына жайгаштырууну чечтик»,- деди.
Издөөгө арыз таштоочулар, (0312) 66-14-24 телефон номерине чалып, билдирүү калтыра аласыздар.