«2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук иштерге «Ата Мекен» партиясынын депутаттарынын катыштыгы жок»,- деп ЖКнын депутаты, тиешелүү комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, «депутаттар Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбековдун талап-тоноочулукка тиешеси бар» деп айткан башкы күбө, камактагы Абдулла Юсупов менен аталган депутаттардын туруктуу байланышы аныкталган жок. Осмонов Асылбек Текебаевге коюлган Жалал-Абад облусунун Тейит айылындагы Бакиевдердин үйлөрүн өрттөө боюнча айыптар да далилденбегенин билдирди.