Кыргызстандын АР БИР БЕШИНЧИ ЖАРАНЫ ЖАКЫР деп эсептелет. Бул маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктайт.
Мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, мүлкү тууралуу декларацияны тапшыруу мөөнөтү 2013-ЖЫЛДЫН 1-МАРТЫНДА аяктайт.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы маалымдагандай, өткөн жылы өлкөбүздө өндүрүш иштеринде 58 КИШИ каза болгон.
ЖК депутаттарынын саясий көз карашы фракциясына төп келбей калса, ал ЭРКИН бойдон калат жана фракция ичинде же андан сырткары түзүлгөн топторго кошула алат. Мындай мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Жазгы талаа иштерине карата 419,6 чакырым СУУ КАНАЛЫ оңдолгондугун Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.
Бишкек шаардык прокуратурасы 2012-жылы коррупцияга байланыштуу 90 КЫЛМЫШ ИШИН козгогон.
«Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги материалдар 20 ЖЫЛДАН бери жаңыланган эмес»,- дейт Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов.
Өткөн жылы Нарын облусунда МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН 2 БАЛА БАКЧА мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
Орусиянын Маданият министрлиги Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун 85 ЖЫЛДЫК мааракесин белгилейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Вице-премьер ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ Кытай Кыргызстанда 8 кургак сүт чыгаруучу завод курарын жана гранттык негизде бир учак берерин айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.