Сооронбай жээнбеков,Өкмөттүн Ош облустук коллегиясында катышып жаткан жетекчилердин бирине:
«Сен жакшы баласың, бирок бизге жакшы балдар эмес, жакшы иштегендер керек».
Ыргал Кадыралиева,ЖКнын депутаты:
«Баарын эле сата беребизби? Депутаттарга тиешелүү «Алтын-Көл» пансионатын сатсак, кийинки муунга гимнде айтылган аска-зоолор жана талаалар эле калабы?»
Абдымиталип Кочкорбаев,ЖКнын депутаты:
«Акыркы 22 жылда 18 жолу Айыл чарба министри алмашыптыр. Креслосу тынбай шалкылдап турса, ким эле жемиштүү иштесин?»