Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюшулган фонд республикалык алкакта бөбөктөргө арналган ырларга кароо-сынак жарыялайт. Мындай иш-чараны өткөрүүгө айыл жерлеринде бала бакчалардын жоктугу, ата-энелердин ар кайсы мамлекеттерде иштеп, балдардын тарбиясына көңүл бурулбай калгандыгы түрткү болгон.
Сынакка акын, композиторлор, авторлор тобу, өнөрпоз бөбөктөр менен ата-энелер катыша алышат. Билдирмелер 2013-жылдын 5-майына чейин кабыл алынат.
Сурап-билүү үчүн (0312) 66-03-82 телефон номери аркылуу Алтынай Бегалиевага кайрылып же offise@roza.kg электрондук дарегине кат жөнөтө аласыз.