АПРЕЛДЕ ЭЛ АК ҮЙДҮН АЛДЫНА ЖЫРГАГАНЫНАН ЧЫКТЫ БЕЛЕ?

Курманбек Бакиевдин өз элине каршы ок атып, 90дон ашуун эр-азаматты кийиктей аттырып, жүздөгөн бейкүнөө жаранды өмүр бою майып кылып туруп Минскиге кире качканына үч жылга аяк басты. Кандуу режимдин кулашына түрткү болуп, октон жалтанбай, элинин эркиндиги, келечеги үчүн күрөшкөн Апрель революциясынын катышуучуларынын бүгүнкү жашоосу кандай? Айрым саясий күчтөр айтып жаткандай, алар ошол революцияга катышып калганынан бүгүн бир пайда чыгарып алууну көздөшөбү? 2010-жылдын 7-апрелинде алар ошондой максатта Ак үйдүн алдына чыгышты беле? Ошол каргашалуу күнү жарадар болгон Данияр Ашыралиев менен маектештик.

– 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта болгон окуяны сыналгыдан көрдүк. Элдин нааразычылыгында чек жок эле. Биз да кымбатчылыктан кыйналып, эмне кылар айлабызды таппай турганбыз. Эртеси эл менен чогуу «Форумдун» алдына бардым. «Эл эмне себептен митингге чыкты эле?» деп сурагандар дагы деле бар. Бакиевдер кыргыз мамлекетин атасынан мураска алгандай, каалагандай калчай башташты. Электр энергиясы, уюлдук байланыш өңдүү эл муктаж болгон негизги нерселердин баасын көтөрүп, элди кыйнап жиберишти. «Түндүк электрди» ачык эле аукционго коюп сатмакчы болушту. Кыргызстандагы майлуу жерлердин баарын Максим өз көзөмөлүнө алып калды.
Бүтүндөй кыргыз элин бир ууч адамдар бийлеп калганына чыдай алган жокпуз. Тынчтык митингине чыккан элге бийлик өзү биринчи ок чыгарды. Менин оң ийиниме ок тийип, 15 күндөй жандандыруу бөлүмүндө жаттым.
Элдин ошондогу биримдигин сөз менен айтып жеткизүү кыйын. Мага окшогон жарадарларды тебелеп кетпестен, көтөрүп барып «Тез жардамга» салып жатышты. Бир эсиме келсем, «Тез жардам» машинасында баратыптырмын, дагы бир эсиме келсем, реанимацияда, андан кийин №4-шаардык ооруканага алып баратышкан экен. Айтор, Кыргызстанда төрт айдан ашык дарыландым. Ден соолуктун айынан Москвага да барып операция жасаттым. Кудайга шүгүр, азыр ок тийген колума жан кирип, кыймылдап калды. Бул үчүн Кыргызстандын дарыгерлерине, жарадар болгондо таштап кетпеген карапайым элге ыраазычылык айтам. Ак үйдүн алдына жыргаганымдан эмес, куураганымдан чыккан элем. Тагдыр экен, азыр майып болуп отурам.

– Апрель окуясы боюнча сот ишине кандай баа бересиз?     
– Мени ал процесске киргизишпейт. Чырылдап акыйкатты издегеним аларга жакпайт. Азапты тартпаган, жаны кыйналбаган адам ал күндүн кайгысын түшүнө албайт. 7-апрель күнү канча адам жарадар болду, канча адам шейит кетти?
Мен азыр кара жумуш кыла албайм. Иштейин десем, ишке да алышпайт. Ошондуктан элге ок чыгаргандарды жазалаш керек. Кылган күнөөлөрүн моюндары менен тартышсын.

– Азыр абалыңыз кандай?
– Эч жерде иштебейм. Ден соолук күндөн-күнгө начарлап баратат. «Өтүшүп кеткен остималит» деген диагноз коюшкан. Сөөк акырындап чирип жатат. Муун жок. Дарыгерлер «өмүрүңүзгө кепилдик жок» деп айтышкан. Дагы канча жашай турганыбызды билбейбиз. Алган пенсия дары-дармекти толук алганга жетпейт. Өкмөт мүмкүнчүлүктүн жетишинче жардам берип жатат. Бийликтин иштөөсүнө анын тегерегиндеги саясатчылар мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарын айтат элем.

– Айрым саясатчылар үчүнчү революция тууралуу үн чыгара башташты. Кереги барбы?
– Эгер ошол саясатчылар революцияны каалашса, өздөрүнчө бир кабинетке кирип алышып жасай беришсин. Эмне, мурунку бийликтин тушундагыдай бийлик бир үй-бүлөнүн колундабы? Же бир үй-бүлө рейдерлик жол менен Кыргызстанды талап-тоноп жатабы? Саясатчылар кызматы жок калса эле же баласын кызматтан алып коюшса эле бийликке нааразы болуп калышат. Антип өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн элди дүрбөтө берүүнүн кажети жок.

Марат Амантуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
fariuri
2013-02-11 16:35:52
остималит деген оруу абдан коркунучтуу.Мындайча айтканда чирип эле кете берет.(((Убалыныз уктатпай калсын Бакиевти.
0
Attokurov
2013-02-11 16:39:42
fariuri, кой антпе Бакиев эмес Убактылуу окмот болушу мумкун ошо аткандар
0
indeec
2013-02-11 19:04:46
Attokurov, Sen bakievge bolushpasan bakievdin ele kishileri atkan al ubakta Ubaktyluu okmottyn kishileri kamaluu bolchu
0
uty
2013-02-14 00:25:12
indeec, сен оз козун менен коргбогондон кийин бироону каралай бербе
0
usenov.
2013-02-12 19:45:19
fariuri, күнөөсүнө жараша жазасын алып жатса керек
-1
Kg.lady
2013-02-12 12:26:09
кудайым шыпаасын берсин ...ким атсада кудай жазасын берет
+1
BEKA-KAGAN
2013-02-12 16:48:02

fariuri ,
indeec Сен экоон тен адашасын? биринчи озунорду билгиле анан кийин айткыла? кыргызда соз бар озунун устундогу добону корбой бироонун устундогу чопту корот болуп атасынар, эн жакшысы ошол чыккан кишиге шыпаасын берсин,денсоолук,омурун берсин. бироонун куноосун озунорго алып не кыласынар? озунорду билгиле....
0
altinim
2013-02-12 17:03:28
кудай шыпаасын берсин, кантсе да кун келет ошол кылмышкерледин бети ачылат , бир гана убакыт керек акаевдин былыгын бакиев ачты , бакиевдин былыгын атамбаев ачты сабыр тубу сары алтын азыркы окмоттун былыгын аччу кун келет себеби Кудай бар, жазасыз калтырбайт.
0
sadagasy
2013-02-12 17:19:00
Ок чыгарган Бакиев эмес убактылуу окмот бийликти алыш учун алар ошону уюштурган Бакиев чыныгы президент болчу убагында керек болсо телефондо мунотуну 7сомдонда суйлошуп жургонбуз бирсомго которсо эл кемейип кеттиби не азыр кыйратып бекер суйлошпойтасынарго эми деле тополон кылгыла кыргыз элим коп нерсеге маани бергилечи Атамбаев Бакиевтей иштей албайт
+3
Шаиста Шатманова
2013-02-14 13:48:17
sadagasy, Таң калтырдыңыз... Ооба, учурунда 7 сомдон төлөп деле уюлдук телефонду колдонуп жүргөнбүз, бирок уюлдук байланышта атаандаштык жаралды, анын негизинде кызмат акысы да арзандады. Ажонун бир уулунун капризи же чөнтөгү үчүн 5 миллион эл эмнеге күн сайын, саат, мүнөт сайын ашыкча акча төлөшү керек? Бакиевди коргогуңуз келсе жүйөлүү бир шылтоо тапсаң
+1
chicho
2013-02-16 01:16:14
sadagasy, сен учун ата бабандын жерин саткан киши (Каркыраны) элин аттырган киши чыныгы президент болсо анда сен бакиевтин тууганы болушун керек. Бакиевти Кр-га эч качан киргизбеш керек.
0
kuba.kg
2013-02-12 23:27:06
эээ бакиев айтса айтпасада окмоттун адамдары ататда балким оздору биринчи ок чыгарып эле анан окмоттун адамдары ок чыгаргандыр ким билет?эч ким билбейт биргана куудай анан уюштурган адамдар билишим мумкун
+2
altinim
2013-02-13 11:35:00
кыргыздар озубузго озубуз кылдык эми эмне болду? Жашоо жакшырдыбы? Жоок кундон кунго оорлошуп ата бабан укпаган кылмыштар, коруппция ,таламай тономой,зордомой кобойуп баратат кошну мамлекеттер даже бизди тоотушпай бизди олко катары корбой баратышат тажиктер кимле? Эми буларда атака кылып башташканго, озбек кытай казака табылбай эле турат. Эми 5 6жылдан кийинки келечек кандай болот
+1
LEP888
2013-02-14 13:23:09
altinim, Элибиз качан сатылганды токтотот ошондо мамлекетибизде онугуу, жакшы жашоо орнолот. баардыгы элдин пейилинде болуп жатпайбы, шайлоолордо 1 сотка менен 1 бутылкага алданышып сала берет добуштарын, анан жеп жутаарлар кели, жашообузду кыйындатып жатпайбы. Баардык эл эмес, бирок кыргызда соз бар да, бир кумалак, карын майды чиритет деп, так ошондой болуп жатат
0
Kunnur
2013-02-13 21:05:07
Кимди ким атса ар бир инсан бир кун келип жазасын алат.корбой билбей туруп Ар кимди кунолойбуз Ар кимди соттойбуз.бир кун келет Ар ким оз куносу учун жооб берет.
Албетте
Аллах коруучу. Аллах билуучу
+1
REKETIR
2013-02-14 02:32:47
келгиле дос кичине ойлонуп королу ак уйду айланып канча адам турду эмне учун эч ким аткандарды кармай алган жок эмнеге ушул убакка чейин кармашпайт ушул жерде эл алданып калды бир жагынан жакшы эле болду фасолуна чейин кирминалдашып
0
otin
2013-02-14 09:26:39
мурун деген бир партия жесе азыр беш партия жеп жатат ...... болгону разница ушу эски бийлик менен жаны бийликтин озунор тандагыла
0
Aidai2010
2013-02-14 13:26:06
Жаныш Бакиев аттырган элин, снайперлер башка куралдарды алып кирип атышкан, ошону учун ал куралдар табылбай калды. Ошол убактагы СГОдо иштеген адам, бул ишке шектуу деген адам Бекназаровдун жакын тууганы болуп чыкты, мына Бекназаров чет олколук снаперлер жонундо эмнеге айтып чыгып, кайра унчукпай калганы...
0
tt8888
2013-02-15 19:28:32
негизи бут эле олкодо лидерден зависит баардыгы менин оюмча. эл кыйналса значит бийликте слабый адамдар.революция болсо тем более.колунан эчтеке келбегендер болсо эл кыйналып журо берет да бул жакшы-бул жаман деп.депутаттардын жумушу бири-бирин видеого тартып алмай,ар кайсыны талашып отура бермей болуп калган давно эле..
0
chicho
2013-02-16 01:09:46
эмнеге ушунчалык кенен алып ойлонбойбуз. Бакиев абдан куу киши .элди эмне менен алдаса болоорун билген. мисалы айткылачы Каркыраны эми бизге ким алып берет ушу киши жакшы кишиби ?ата бабандын жерин сатуу жакшыбы озу эле кичинекей жерибиз бар жэ аны бакиев билген эмес беле. ошого катышы бар биздин чондор деле журот бети кызарбай .
0
mone
2013-02-25 09:10:22
Бакиевдин убагындагы сассык саясатчылар азыр деле журбойбу сасып.ошолорду да тазалаш керек,алар сасыктыктын уюткусу да.алар кандай кылып элди алдаганды аябай жакшы билишет.себеби уже опытный болуп калышкан го.
0
uluk1982
2013-08-27 10:05:15
азыр арзанчылык болуп атабы!!! мурдагыдан да жаман!20-жылдан бери бийликте жургондорду баарын жок кылыш керек!
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан