«Супер ырчы айым» наамын үч жылдан бери багынтып келаткан Каныкей эми өзүн телеалпаруучу жаатында сыноодо. Дегенибиз, ал өзүнүн жашоо урааны болгон «Жашоо бар» деген аталыштагы долбоордун үстүндө иштей баштады. «Жашоо – бул жалтур-жултур нерсе эмес. Андыктан бул долбоор аркылуу мен калкыбыздын чыныгы карапайым турмушун баарына жеткирсем дегем. Режиссёр Ырыс Океновага идеямды сунуштасам, ал жактырып, буюрса, берүүбүздү тартууга кириштик. Долбоордо карапайым кесип ээлеринин турмушу, ой-тилеги, көз карашы чагылдырылмакчы»,- дейт Каныкей. Өзүн стандарттуу эмес алып жүргөн ырчы кыздан кандай алпаруучу чыгат экен, байкап көрөлү.