Аваз күзүндө бизге берген маегинде «сүйүктүүм менен ата-энемди тааныштырдым» деп сүйүнүп жүрдү эле. Жыл айланбай, ал кызы турмушка чыгып кеткенин кабарлады. «Турмушка чыгып жатса, артынан Орусияга учуп бармак белем?» деп Аваз кызынын башка жигитти тандап кеткенине кападай. «Ал нерсени көңүлүмө жакын кабыл албай, жашоомду улантам. Ансыз деле сүйүү деп жүрүп, чыгармачылыгым көпкө токтоп калды. Эми менеджер менен иштешип, ишиме кайра жең түрө кириштим»,- дейт Аваз.