Ырчы Эмил Балтагулов диний ырларга басым жасап, Кудайды даңазалап ырдап жүргөнүн жакшы билебиз. Ырчынын жаңы жаздырган «Аллахтан башка Кудай жок» деген ырын интернеттен угуп калган Казакстандын муфтияты Алматы шаарында өткөн Пайгамбардын туулгандыгына арналган концертке чакырышкан. Бул тууралуу ырчы: «Кудай берген ырыскыны жок деп нааразы болгон пенделерге жооп катары жазылган чыгарма. Аталган ырыбызды Алматыда аткаргандан кийин Караганда, Астана шаарларынан да чакыруулар түшө баштады. Буюрса, мындай ырлардын дагы далайын жаратабыз»,- дейт.