Ырчы Токтобек Асаналиев кыштын кыраан чилдесинде үй-бүлөсү менен Дубайда эс алып кайтты. Жылуу өлкөгө болгон саякаты тууралуу ырчы сезимдери менен бөлүштү: «Дубай өзгөчө бир сыйкырдуу, табышмактуу шаар экен. Үйрөнчү жактарыбыз көп эле, көчөдөгү айдоочулардын бири-бирине жасаган мамилесине, элинин ыймандуулугуна абдан баа бердим. Дүйнөдөгү эң бийик имарат Дубайда курулган, ошол көз жоосун алган Халифа мунарасын көрүп келдик»,- дейт.
Муну менен кошо шоу-бизнестин дагы бир өкүлү ырчы Замир Мырза үй-бүлөсү менен күнөстүү Дубайда эс алуу менен бирге «Mу baby girl» ырына клип тартып келгенин айтат. Эмне демекчибиз, Дубайдан алып келген дем-күчүңүздөр менен жыл бою күйөрмандарыңыздарды кубантып жүрө бериңиздер!