Куудул ТАЛАНТ АНАРБАЕВ февраль айында Спорт Ордосунда болбой калган концертин 6-март күнү ошол эле жайда өткөрө турган болду.
СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ учурда «Карт бойдок» деген тасмага продюсерлик кылууда. Бул тасмада актёр Камчы Сарыбаев башкы ролду аткарат.
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ «Туулган күн» деген ырына клип тартуу менен алек.
ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА «Сага жетпей» деген ыр жаздырып, учурда ага клип тартууда.
ДОБР быйыл акыркы курста окуп жаткандыктан, дипломдук иш жазууга киришиптир.
«Айтыш» фонду 14-15-февралда 25 жашка чейинки төкмө акындар айтышын, 20-21-мартта кыргыз-казак ортосундагы чоң айтышты уюштуруп жатат. Бул тууралуу аталган фонддун тең төрагасы АЗАМАТ БОЛГОНБАЕВ билдирди.
МАЛИК АЛИКЕЕВ 26-февралда өтүүчү акын Тууганбай Абдиевди эскерүү кечесине катышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.