Кубатбек Жусубалиев, жазуучу:«ЧЫГАРМАМДЫ ЧЫНДЫК ИЗДЕП ЖАШАГАН АДАМ ГАНА ТҮШҮНӨТ»

Жазуучу Кубатбек Жусубалиев Алайда экенин уккандан кийин агай менен жолугуп келүү үчүн жол тарттым. Унаада баратканда биз менен сапарлаштар Кубатбек агайдын түнт, көңүлү келбеген адам менен баарлашпай турганын айтышты. Алардын сөзүнөн соң жазуучу менен сүйлөшүү мага бир топ түйшүк жаратат окшойт деген ойго келдим. Ошентип, жазуучу менен өткөн жылдын апрель айында жолуккан элем. Адырдын бооруна салынган кооз үйдүн астында агай жууркан-төшөгүн күнгө жайып жүрүптүр. Зериккенби же көңүлүнө туура келдикпи, жазуучу менен ачык-айрым баарлашууга мүмкүн болду.

– Кубат агай, балалыгыңыз туурасында айтып берсеңиз...
-Бала кезим 10 жашыма чейин Алайдын ушул Кердегей айылынын жаратылышынын коюнунда, суу, кар, жамгыр, күндүн күркүрөшүнө аралашып, бактылуулук менен өтүп жаткан. Кийин менде, азап десем болбойт, кандайдыр бир кайгы пайда болду. Себеби ошол жашка келгенде атамдын жок экенин билдим. Атам 1939-жылы үйлөнүп, аскерге кетип, өпкөсүнөн ооруп 1940-жылы келсе, апамдын мени төрөйүн деп жүргөн кези экен. Ошол жылы күз айларында суу боюндагы боз үйдө мен төрөлүпмүн. Андан үч күндөн кийин атам каза болуптур. Ошондон кийин мени чоң энем чоңойткон, анын көзү азиз болчу. Менин «Күн автопортретин тартып бүтө элек» сыяктуу чыгармаларымда, аңгемелеримде көбүнчө ошол кишинин образы чагылдырылган.

– Сиздин чыгармаларыңызды көпчүлүк түшүнүшпөйт. Кандай стилде жазасыз?
-Менин чындыкка болгон мамилем абдан зор. Көркөмдүк кошпостон, чыныгы турмушту болгонун болгондой чагылдырган үчүн чыгармаларымды оор сезишет. Ошол себептен чыгармаларымды басмадан чыгарбай да жүрүштү. Кийин көп окуп, көп нерсени түшүнгөн соң жазгандарым эң туура көз карашта экенин байкадым. Бул көз караш адамдарга, коомго, деги эле эч кимге жакпаган нерсе экен. Менин чыгармаларымды чындык издеп жашаган адам гана түшүнө алат.

– Сиз чыгармаларды Бишкекте же Москвада жашап жатып да жазсаңыз болот. Алайда тоо коюнунда жалгыз жашап, жазып жатканыңызга эмне себеп?
-«Дүйнөнү өз корооңдон чыкпай туруп деле таанысаң болот» деген кеп бар. Төрөлгөндөн баштап бой жеткенге чейинки жашоомду уурдап алган табияттын коюнунда мен башка дүйнөнү да тааный берем. Биринчиден, адам өзүн таанып-билиши керек. Өзүңдү тааный албасаң, башка дүйнөнү кантип тааныйсың?

– Агайыбыздын тамагына ким кам көрүп жатат болду экен?
-Тамагым кадимки эле кайнак суу менен нан. Азыр мен сага негизги тамагымды алып чыгайын (үйүнө кирип эки баштык алып чыкты. Баштыкта сары мейиз менен грек жаңгагынын маңызы бар экен). Менин тамагым ушулар. Мен 40 жашымдан бери эт жебейм. Организмим ошого көнүп калган.

– Тоо арасында долбоору мыкты түзүлгөн мындай үй бар деп эч ким ойлобосо керек. Үйдүн архитектуралык идеясы өзүңүзгө таандыкпы?
-Ооба, башка кимге таандык болмок эле? Бул үйдү тургузуу боюнча жаңы эле иш баштаганымда Оштогу бир архитектор досум жардам берди. Калганы өзүмдүн аракетим болду. Бул үйдү бир сом акчам жок туруп салгам. «Асаба» гезитине макала жазам, ага Мелис Эшимканов иним калем акы чыгарып берет. Ошо менен көп иш бүтүрүп алдым. Кызым Жамбы да бир топ ишке кол кабыш кылды. Бирок оюмдагыдай үй тургуза албадым.

– Сизди раматылык Мелис Эшимканов менен аябай сырдаш деп укчу элем. Ал киши туурасында сизден эки ооз кеп уксак...
-Бул бала туурасында эки ооз эмес, бир эле ооз сөз айтам. Ал аябай ак көңүл, мыкты инсан болчу. Мен аны аябай сүйчүмүн (терең үшкүрүп).

– Үйдүн, багыңыздын тыкандыгын көрүп таң калып жатам. Мындай нерсени агрономиялык түшүнүгү терең адам гана алып кете алат. Күнү менен буларга кандай жетишип жатасыз?
-4-5 саат эле уктайм. Аябай чарчап калсам, уйкум 6 саатка созулат. Көбүнчө эртең менен эрте турганда көп иштерди бүтүрүп алам. Азыр бактардын ашыкча шактарын кыркып жатам. Аны да чыгармачылык менен кыркыш керек экен. Эптеп-септеп кыркып койсоң, дарак кооз болбой калат. «Багбанчылык – өзү акылмандык» деген эле кеп тура. Мисалы, турмушта мааниси терең «сүйүү», «акылмандык», «сулуулук» деген сөздөр бар. Буларды түшүнүү менен аткарган бир гана багбан болот. Ар бир даракты кунт коюп бутап жатып таң калдым. Дарактын бири-бирине тоскоол болгон бутактарын кесе бердим, кийин четке чыгып карасам, сулуулук пайда болду. Мен акылмандык менен сүйүп иштеп, сулуулукту жараттым.

Кубат агай бизди багына жылаңаяк ээрчитип бара жатканынан улам суроо берип калдым.

– Агай, эмне үчүн жылаңаяк жүрөсүз?
-Кызык экенсиң, эй (күлүп)! Бут кийим кийип алып жердин жылуулугун, жумшактыгын кантип сезесиң? Мен көнүп калганмын, жерден энергия алып турам.

Азыр техниканын өнүгүп жаткан учуру. Компьютер колдоносузбу?
-Ооба, кой десем болбой кызым Жамбы ноутбук алып берген. Илимдин карылыгы жок. Мындай заманда же акылман болушуң керек, же келесоо болушуң керек. Кышында Жамбынын үйүндө 2 айча жашап калдым. Америкалыктардын атайын бир программасы бар экен, англис тилин үйрөткөн, Жамбы ошону көрөт экен, мен да көрүп, азыр англис тилин үйрөнүп жатам (күлүп). Сыналгыга программаны улап, ал сүйлөсө, артынан кайталап үйрөнө берет экенсиң. Аз эле убакыттын ичинде 150 сөз жаттап алдым. Жамбы эми телевизор алып берем дейт. Ошондо бул жерде отуруп эле тил да үйрөнө берем. Булардын артынан түшүп, баарын таштадым. Мисалы, тамеки чекчү элем, чекпей калдым. Ичимдик иччү элем, ичпей калдым. (Тамашалап) кыздарга барчу элем, барбайм дегендей.
Жаш кезимде Будданын сөзүн окуп калдым. «Адам болуш кандай кыйын?!» деп ыйлап жиберген экен. Мен ойлоп отуруп, «ал пайгамбар киши болсо, анан ушинтип айтып жатса... Анда мен кантип адам болом?» деп кайгырып келем. Чынында, адам болуш аябай татаал жагдай тура.

Кубат агай менен коштошуп, ага кошуна жашаган 90 жаштагы апасы Канимет Жаанбаеванын уулу туурасында энелик оюн билүү үчүн кайрылдым.

– Канимет эне, Кубат агайдын балалык кези, оор мүнөзү жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
-Кубаттын бала кези эсимде жакшы деле калбады. Ал үч күндүк кезинде атасынан ажыраган. Чоң энеси багып чоңойткон. Мен башка турмуш уланткам. Кубат жаш кезинде эле бир нерселерди ойлоп, жаза коюп жүрчү. Жетим бала башка киши ойлобогон ойлор менен жашайт тура. Азыр да келип, мени менен сүйлөшүп отуруп калат. Көп нерселерди унутуп калыпмын. Эстей албай калдым.
Былтыр 70 жылдыгын өткөрүп, мени да борборго алып барышты. Чоң имаратта, толтура элдин алдында мааракесин белгилеп жатса аябай сүйүндүм. Эл алдында кадыр-баркы, атагы бар экен. Баламдын мындай сыйлуулугун ойлоп кубанып калам.
Кубаттын «Конфуций», «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар», «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген чыгармаларын бүт кыргыз билет.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Happymom
2013-02-14 14:51:23
Орустун улуу жазуучусу Лев Николаев Толстойдун асыл кептерин окугум келип турат,аны акылынар менен калчап жүрөгүнөр менен туюп өткөрсөнөр мааниси канчалык экенин тушунөсүңөр. Демек Кубат агайдын чыгармалары да ошондой.
0
N.Bakazova
2013-02-14 17:33:54
Китептерин окуш керек экен . . . .
0
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан