МУЗДАК КАНДУУ МЕНЕН ЖЫЛУУ КАНДУУЛАР ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ?

Жылуу кандуулардын денесиндеги температура чөйрөдөгү температурадан көз каранды болбой, туруктуу болот. Ал эми муздак кандуулардын денесиндеги температура чөйрөдөгү температурага жараша өзгөрүп турат.
Жылуу кандууларга сүт эмүү­чүлөр (алардын ичинде адам) менен канаттуулар кирет. Калган жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр, балыктар жана омурткасыз жаныбарлардын баары муздак кандуулар болуп эсептелет.
Муздак кандуулардын организминде зат алмашуу процесси жылуу кандууларга караганда 20-30 эсе жай жүрөт. Алардын денесинин температурасы чөйрөдөгү температурадан 1-2 градус гана жогору болот.
Муздак кандуулар күн жылуу учурда гана кыймылдуу болушат. Температура ылдыйлаганда кыймылдары азайып, ал эми кышында кышкы уйкуга киришет.
Жылуу кандуулар муздак кандууларга караганда түрдүү климаттык шарттарга ылайыкташып жашап кете алат. Башкача айтканда, ысыкта да, муздакта да активдүүлүгүн сактайт. Жылуу кандууларда ысыкта организмден тер бөлүнүп чыгып, дененин муздашын шарттайт.
Муздак кандуулардын артыкчылыгы эмнеде?
Жылуу кандууларга денесиндеги температураны кармап туруу үчүн көп энергия керектелет. Башкача айтканда, тамак-аш. Суукта тамак-аш жок болсо, алар өлүп калышат. Ал эми муздак кандуулар суукта уйкуга кирип, кышты тогото беришпейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан