Йод ачылгандан 3 миң жыл мурун эле адамдар богок оорусун айыктырууда курамында йод көп болгон деңиз балырын колдонуу керек экендигин билишкен.
Йод күтүлбөгөн жерден ачылганы айтылат. 1811-жылы француз окумуштуусу Бернар Куртуа лабораториясында иштеп жаткан кезде анын ийнинде мышыгы жүргөн болот. Бир кезде мышык столго секирип түшөм деп катар турган эки лабораториялык идишти кулатып алат. Алардын биринде деңиз балырынын күлүнүн спирттеги аралашмасы, экинчисинде күкүрт кислотасы болгон экен. Эки идиштеги суюктуктар аралашкан соң реакция жүрүп, сыя өңдөгү буу жаралат. Бернар эми 2 суюктукту атайын аралаштырып, бууну лабораториялык идишке тосуп алат да, анан муздатып көрөт. Ошондо буунун ордунда кара өңдөгү жылтырак кристаллдар пайда болгонун баамдайт. Бирок жаңы элементти «йод» деп атоо Бернарга таандык эмес.
1813-жылы гана Жозеф Луи Гей-Люссак жаңы элементти жакшылап изилдеп көрүп, ага «йод» аталышын берет. «Йод» деген сөз бизче «сыя» дегенди билдирет.