Көптөгөн курт-кумурскалар жытты жакшы ажырата алышат. Бирок көпөлөктөр мурут антенналарынын жардамы менен жытты өзгөчө мыкты ажыратары менен айырмаланышат. Түнкү көпөлөктөрдүн кээ бир түрү өзүнүн «уруусундагылардын» жытын 10 чакырым алыстыктан билет. Буларга салыштырмалуу жапайы жаныбарлар жытты бир нече жүз метрден гана биле алат.
Кошумча айтып кетчү нерсе, өсүмдүктүн даамын көпөлөктөр таманында жайгашкан органдары менен ажыратышат. Күндүзгү көпөлөктөр түнкү көпөлөктөрдөн денесинин ичке жана узундугу менен өзгөчөлөнөт. Түнкүлөрдүн денеси толук, кыска, канаттары да ичке, кыска болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg