Башталышы – 19:25 (55 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 150 сом
Көрүүчүлөр – Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрдын 60 пайызы
Өзгөчө номерлер – Султан Садыралиевдин «Сүйүү оту», Мирбек Иманбековдун «Өмүр өтсө мейли»ырлары
5-февраль күнү Ысык-Көл облусунун борбору – Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында Мирбек Иманбеков «Айылым» аттуу жеке концертин берди. Кычыраган кыш мезгилине байланыштуубу, айтор, Каракол шаарына ырчылардын концерт коюп келе элегине бир топ болгон эле. Мирбектин келгенин угуп, эл катары мен да концертке жөнөп калдым.
Алгач эле билеттер ар башкача экендигине көзүм түштү. Көрсө, мурунку концертинде басылып, калып калган билеттер да бүгүн сатыкка чыгыптыр. Саат 19:25те сахна көшөгөсү ачылып, ак калпак кийип, өзүн көлдүк Кешамын деп тааныштырган алпаруучу мырза чыга келди. Жылына бир гана жолу гастролго келген Мирбектин концертинен укмуштуудай сахна жасалгасын күтпөсөм да, жылдыздуу жылмайган сүрөтүн көрөм го дегем. Сахнада театрдын жалтыраган көшөгөсүнөн башка эч нерсе көрүнбөйт.
Концерт өз нугунда уланып жатты. Чыңгыз Турдубеков деген жигит гитара асынып чыкканынан «ии, гитара менен ырдайт экен» десек, бир ыр бою гитарасына колун тийгизбеди. Мындан улам көшөгө артында гитара коё турчу жер жокпу деген суроо туулду. Андан соң Мирбек өзү чыгып, «эми гитара менен ырдайлы» дегенинен чынында кубана түштүм эле, бирок «Өмүр өтсө мейли» деген ырын баштап алып, «сөзүн унутуп калдым, анан кандай эле?» деп баарыбызды күлдүрдү.
Мирбекти жалгыз жибербей, сахналаш достору Султан Садыралиев, Нурмат Садыров, Акбар Сүйүнбаевдер келишкен экен. Араларына бир ырчы кыз кошуп алышса, андан да сонун болмок окшойт. Сахна адамдары дайыма эл алдында болгон соң карабайын десең да караткан өзгөчөлүгү болот эмеспи. Бул жолу Султандын келишкен сакалы элди өзүнө бурду. Мирбектин сүрөөсү менен Султандын ырына өзүнчө, сакалына өзүнчө кол чабуулар болуп жатты. «Сүйүү оту» деген ыры жаңырганда магдырап отурган көрүүчүлөр бир жандана түшүштү.
Деги ырчылар концертке даярданып келишеби же жөн эле зериккенденби? Сахнага Кеша чыгып, «кечке эле ырдай бербей, оюн ойнойлу» деп бир жигит менен бир кызды сахнага чыгарып алып, бир топ бушайман кылды. Ырдап, бийлеп, сүйлөп берген оюндун эки катышуучусуна жок дегенде белек катары Мирбектин сүрөтү түшүрүлгөн плакат деле берип койсо болмок. Андай болбоду.
Нурмат Садыров «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген жаңы ырын аткарып берди. Жакшы ыр экен. Мирбек өзүнүн репертуарындагы жакшы ырларынын көбүн аткарып берүүгө жетишти. Билинбей убакыт өтүп, саат 22:25те концерт соңуна чыкты.
Акыйкат Адилов
star@super.kg