КОКОС

Кокос португалдардын «coco» – «маймыл» деген сөзүнөн келип чыккан. Мындай аталыш жаңгактын бетиндеги темгил тактардын маймылдын мурдуна окшоштугунан улам коюлуп калган.
Мекени – Түштүк-Чыгыш Азия. Бийиктиги 27-30 метрди түзөт. Кокос жаңгагынын салмагы 1,5-2,5 килограммга чейин жетет. Жаңгактары топ-топ болуп 15-20дан өсөт да, 8-10 айда бышат. Кокос пальмасы 50 жылга чейин жашайт жана бир пальма 1 жылда 60-120 жаңгак берет. Быша элек жаңгактары койр деп аталып, алар самын, косметика каражаттарын чыгарууда, маргарин жасоодо колдонулат. Бир жаңгагынан 0,5 литр түссүз кокос сүтү алынат. Сүттү жаңгактын этин сүргүчтөн өткөрүп алышат.
Кокосту эң көп өндүрүүчү өл­кө­лөр – Индия (жылына 19 600 тонна) жана Филиппин (жылына 14 825 тонна).

Ден соолукка пайдасы:
Май жана сүтү күчтүү афродизиактын ролун аткарат.
Кокос сүтү жана кокос эти күч-кубатты калыпка келтирип, көрүүнү жакшыртат.
Кокос майы жана кокос эти курамындагы лаурин кислотасынын арты менен кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат.

Кокос майы:
Тамакты аш кылуучу системдин, калкан сымал бездин жана боордун иштешин калыптандырат.
Иммунитетти көтөрөт.
Ич өткөктөн, өт оорусунан дарыланууда жардамы чоң.
Майы жана эти ичтеги мите курттун (лямбля) чыгышына көмөктөшөт.

Лямбляны чыгарууда
Кокостун 3 жерин тешип, ширесин агызып алуу кажет. Эми кокосту жарып, этин сүргүчтөн өткөрүп, эртең менен жана кечке маал жеш керек. Курс 5 күнгө созулат. Эртең менен жегенден кийин түшкө чейин эч нерсе жебеш керек. Кечки тамакты саат 5терде жеп, кокос этин уктаар алдында жеш сунушталат.

Кулинарияда
Кокосту чийки жесе да, балга же жашылчаларга кошуп жесе да болот.Кулинарияда көбүнчө кокос кырындысы (стружка) жана кокос сүтү колдонулат. Сүтүнөн суусундуктар жана десерт даярдалат. Башкысы, кокос сүтү суусунду жакшы кандырат. Этин жашылчадан жасалуучу тамактарга кошушат.

Косметикада
Бетти тазалоочу кокос маскасы (бардык типтеги терилер үчүн)
Кокос этин сүргүчтөн өткөрүп, 1 аш кашыгын бөлүп алабыз. Ага 1 чай кашык бал кошуп, аралаштырабыз. Эгер бет майлуу болсо, 2 аш кашык айран, эгер кургак болсо, 1 аш кашык каймак кошулат. Эми даяр ботко менен бетти 2 мүнөттөй сүргүлөө кажет. Аягында алгач жылуу суу, артында муздак суу менен жуулат.

Кургак бет үчүн маска
Кокостун сүргүчтөн өткөзүлүп майдаланган этинен 1 аш кашык алып, ага 1 аш кашык эзилген бананды кошуу кажет. Бетке 15-20 мүнөт жабылып, артынан жуулуп салынат. Маска терини жумшартып, нымдандырып, бырыштарды жазат.

Майлуу бет үчүн маска
Кокостун этин сүргүчтөн өт­кө­рүп, анан ага лимондун 5-6 тамчы ширесин кошобуз. 20 мүнөттөн кийин жууп салса бет сергип, айымдын өңү жашаргансып калат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 536, 8-14-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан