Мукам үндүү Жумагүл Райимжан кызы «Бир келип кетчи Ош жакка» деп ырдай берип Ошко кимдерди гана чакырбады. Бул ырдан улам Жумагүлдү издеп Ошко келген адамдар да болгон экен. Анда ырчынын сырына баарыбыз күбө бололу.
– Жумагүл, жыл башы болуп отурат, жылдык пландар түзүлүп жатабы?
– Бир жылдык план болбосо да, жакшылык иштерге максат кылып жатам. Бирок «жакшылыкты жар салып койсоң ишке ашпай калат» деген кеп бар эмеспи, ошого таянып мен да айтпай турайын. Ишке ашканда, албетте, сиздер аркылуу кыргыз элим менен тең бөлүшөм.
Азыр бош убактым аз эле болот, эгер бош болуп калсам, апама жардам берем. Себеби эл кызматында жүрүп ага кол кабыш кыла албай калам. Апам менен өткөргөн убактымда өзүмдү бактылуу сезем.
– Кыз баланын ырчы болушуна көпчүлүк учурда ата-энеси каршы болот. Сизде да мындай учур болгонбу?
– Негизи эле мен эмнени кылам десем, ошону сөзсүз аткарам. Менин чыгармачыл чөйрөгө аралашып калганыма ыраматылык атам түрткү болгон. Атамдын үнү аябай жакшы эле, орус элинин ырларын жакшы ырдачу. Мен кичине кезимде да майрамдарга, сынактарга көйнөк алып берип, өзү жетелеп барчу. Тилекке каршы, эл алдына чыкканымды көрбөй кетти.
Ырдап чыгышыма бир тууган эжем бир аз каршы болгон, калгандары колдоп, кубаттап эле келе жатышат. Ар убак чыгармачылыгыма шарт түзүп бергенге аракет кылышат. Ырымды да биринчи үйдөгүлөргө угузам, формам да биринчи ошолордун сынынан өтөт.
– Өзүңүзгө кандай ырчымын деп баа бере аласыз?
– Апам мага «шашпа, акырындык менен ырларың эл арасына сиңип кетет. Көңүлгө бат кабыл алынып, бат көңүлгө тийген ырлардан алыс бол» деп калат. Ошол сөзү мен ар бир ырды жаздырып жатканда кулагымда болот. Мен өзүмө «мындай ырчымын» деп баа бере албайм.
– Мүнөзүңүз кимди тарткан?
– Бала кезде абдан шок элем, азыр токтолуп калдым. «Кыз-Буракта» жүргөн кезде гастролго чыгып калсак, Кенже эже мени элдин астына «биздин токтоо, так жана аз сүйлөгөн кызыбыз» деп мүнөздөмө берип чакырчу. Апам «мүнөзүң атаңды тарткан» деп калат. Бирок менде апама да, атама да тийиштүү болгон мүнөздөр бар.
Апам кичине кезибизде кыргыздын улуттук көйнөктөрүн тигип берчү, аны кийип алып үйдө сынак уюштурчубуз. Анда өзүм алып баруучу, өзүм калыс болор элем. Эшигибиздин астында өрүк бар эле, ошонун башына чыгып алып Саламат Садыкова, Динара Акулова эжелерди туурап ырдачубуз.
– Шоу чөйрөсүндө бут тосуулар жок эмес, чыгармачылыкта душмандарыңыз көппү же досторуңузбу?
– Менин душмандарым жок деп айта алам, досторум болсо чыгармачылыкта эле эмес, башка тармакта да аябай көп. Дос күткөндү жактырам. Мисалы, Асел Касымова экөөбүз мектепте, жогорку окуу жайында да бирге окуган курбуларданбыз. Азыр да бири-бирибизге кеп-кеңештерди берип турабыз. Өзүмдөн улуу да, кичүү да досторум бар. Мен бактылуумун.
– «Бир келип кетчи Ош жакка» деген ырды кандайча ырдап калдыңыз?
– Ал ырды 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата майрам болордо Маданият башкармалыгынан мага телефон чалышып, ушул ырды тез арада жаздырышымды сунуштап калышты. Өзүмө да жагып жүргөн ыр эле, аябай кыска убакыттын ичинде жаздырып, майрамда ырдап чыккам.
– Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
– Бала кезден «турмушка кеч чыксам экен» дечүмүн. Апам турмуш жаатында кеп козгоп калса, сүйлөтпөй «мен турмушка кеч чыгам» деп оозун жабат элем. Өзүм айткандай эле болуп жатат. Бирок кээде айтып калам, «сүйүү жагынан жолсузмун» деп. Себеби мага кезиккен жигиттердин баары чыгармачылыгыма каршы болушат. Мен үй-бүлөгө караганда карьерага басым жасайт экенмин. Жумушун сүйгөн адам жигиттерге убактысын бөлө албай калат тура. Учурда жүрөгүмдү ээлеген адам жок. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн адам болсо дейм.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg