Тагдыр адамга көптөгөн сыноолорду берет. Мындайда башты жерге салып, мүңкүрөп чөгүп калбаган адамдардын күчүнө суктанам. Биз сөз кыла турган бийкеч тубаса азиз экен. Бирок ошого карабай Айганыш – Нарынга таанымал болуп калган ырчы кыз. Алгач кызы тууралуу Айганыштын апасы Элмира айым сүйлөп берди.
– Айганыш 1995-жылы төрөлгөн. Кызымдан көзүмдү албай чоңойттум. Дарылатуу үчүн көп эле жерге алып бардым, жыйынтык берген жок. Убагы келгенде жасала турган кымбат операция бар экен. Эгер ошол операция ийгиликтүү жасалып калса, көзү көрүп кетер деген үмүттү дарыгерлер айтышууда. Өзүм жалгыз бой энемин, учурда кызымды карап үйдөмүн. Айганышка бөлүнгөн жөлөкпул менен өзүн кийиндирип-ичинтем.
Кызым кичинесинен бери эле ыр-бийге шыктуу. Бир көзү азиз, ал эми экинчи көзү бүдөмүк көрөт. Ошондуктан китептерди, сүрөттөрдү көзүнө жакындатып алып көрөт. Баарын өзү жасайт, үй оокаттарын кылат, мага жардам берет. Өзү деле коомдон бөлүнүп калбаш үчүн көп аракеттерди кылып келет. Базар аралап дисктерди сатып келип, атактуулардын чыгармачылыгы менен таанышат.
Апасынан кийин Айганыш менен маектештик.
– Айганыш, канча жашыңдан бери ырдайсың? Алгачкы ийгиликтериң тууралуу айта кетсең...
– Мен 3 жашымдан бери эле ырдайм. Ар бир ырды талыкпай жаттайм, телевизордон көргөнүмдү туурап, кыймыл-аракетин да окшоштурганга аракет кылам. Кыргызча ырлардан сырткары орус, англис, араб, индия, өзбек, казак тилдериндеги ырларды билем. Жаттагандарым 400гө жетет. Чоң сахнага чыкканымды алгачкы ийгилигим катары эсептейм. 2010-жылы «Арнайм сага, апаке» аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусундагы концертте Айгерим Расул кызы менен бирге дуэт ырдап чыккам. Бул концерт жыл сайын өткөрүлүп турат.
2011-жылы Асел Турдалиева, 2012-жылы Иса Өмүркулов менен дуэт аткардым. Мындан сырткары көптөгөн сынактарга катышып жүрөм. 2011-жылы обончу Камчыбек Жусуповдун «Камчыбектин кайрыктары» деген сынагында автордун ырларын аткарып, баш байгени жеңип алдым. Булар мен жаратчу ийгиликтердин башталышы гана. Себеби келечекте Кыргызстанды тааныткан ырчы болгум келет.
– Чыгармачылыкта досторуң барбы? Кимдин таланты сени таасирлентет?
– Иса Өмүркулов менен жакшы досмун. Жакында үйүнө конокко да барып келдим. Абдан бактылуу үй-бүлө экен. Жакшы сыйлап жөнөтүштү. Асел Турдалиева да кеп-кеңешин берип турат. Ал эми Диана Гурцкаяны абдан баалайм. Бишкектеги «Юмор FM» радиосунун ди-джейлери мага интернет аркылуу анын дарегин таап беришти. Мен Диана менен таанышып, социалдык тармактардан байланышып калдык. Ушул кезге чейин ал СМС-каттарды жазып, мага дем берип турат. Келечекте үй-бүлөдө да, сахнада да ийгилик жараткан кыргыз кызы болом деген тилектемин.
– Ырчылыктан сырткары эмне менен алектенесиң?
– Ыр жазам, аларга обон чыгарам. Апама түрдүү тамактарды жасаганга жардам берем. Жалпысынан 30дай обондуу ырым бар. Буюрса, жаз алды менен Нарын жергесине алгачкы тушоо кесүү концертимди берсемби деп турам.
Жаштын тилегин берет эмеспи, Айганышка ийгиликтерди каалап, 24-январда өткөн туулган күнү менен куттуктап узаттык.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg