Тири укмуш беренелер коюлуп күнөөлөнүп жаткан депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун үстүнөн сот процесси Биринчи Май райсотунда уланды.
Кайра-кайра эскерип турганыбыз жакшы. Бул сот процесси жалаң гана «Кумтөрдө» болуп жаткан былык иштердин айынан болуп жатат. Бул жөнүндө 31-январдагы сот процессинде Садыр Жапаров мырза аябай жакшы айтып берди.
Эмесе, анын сөзүнөн угалы: «Урматтуу төрага, урматтуу прокурорлор, адвокаттар жана залда катышып отургандар, биздин, үч депутаттын, темир тор артында отурганыбыздын эң негизги себепкери «Кумтөр» болуп жатат. Анда болуп жаткан былык иштер минтип бизди соттотуп жатат. Мен депутат да эмес, министр да эмес, жөн гана карапайым ишкер болуп турганда «Кумтөргө» барып, ал жердеги булганган сууну, турпаты бузулуп бараткан мөңгүлөрдү, туш-тушта жаткан таштандыларды көрүп келгем. Ошондон соң кандай да болбосун элимдин келечеги үчүн, жаш муундарыбыздын ууланып жашабашы үчүн күрөшөм деп сөз бергем. Ал оюмдан кайткан жокмун, колдон келген күрөшүмдү жүргүзүп жатам.
Парламент комиссиясын түзүп, «Кумтөрдө» болуп жаткан укмуштуудай былык иштерди кылдат изилдеп туруп парламентке алып чыктык. Иликтеген убактагы кыйынчылыктарды айтып отурбайын. Парламентке алып чыккандан кийин депутаттардын 90 пайыздан ашыгы бизди колдоп турду, «Кумтөрдөн» казылып жаткан алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар 100 пайыз кыргыз мамлекетине калыш керек дегенди. Анан эле чечим кабыл аларда "бир аз коё туралы" деп талкууну бир жумадай артка жылдырышты. Ошол бир аптадан кийин баягы 90 пайыз депутаттардын бир катары 180 градуска тескери кетиптир. Сыягы, бийлик тарап аларды жакшылап «тарбиялаган» өңдүү. Ошентип, биздин комиссиянын сунушу кабыл алынган жок.
Анткен менен биздин эмгектин аркасында «Кумтөрдө» болуп жаткан негативдер: алтындан алдатып жатканыбыз, экологиябыздын бузулуп жатканы жана башка маселелер бүткүл элге маалым болуп калды. Бул дагы биздин жеңиш эле. Ошондон кийин мага болгон коркутуулар башталды, "тамагыңа уу кошулуп калбасын, авария болуп калба..." сыяктуу. Бирок мен алган багытымдан кайткан жокмун. Ошондон соң бийлик биротоло менин артымдан түштү... "Сизде курал болгон, парламентке курал менен киргенсиз" деп да күнөөлөп жатышпайбы. Ооба, куралым бар. Ал куралды өмүрүмө коркунуч келгенин баамдап, мыйзамдаштырып туруп алгам. "Аны парламентке алып кирбегиле" деген эч кандай көрсөтмө жок. Мына азыр деле парламенттеги жыйырмадай депутат курал менен жүрөт, жан сакчылары да куралчан. Бир мисал айта кетейин, бир ирет Өмүрбек Текебаевдин тапанчасы костюмунун этегинен көрүнүп калыптыр, ошондо мен "Өмүрбек Чиркешович, куралыңыз чыгып калыптыр" деп айткам.
«Садыр Жапаров эмне үчүн Бакиев тушунда бул маселени көтөргөн эмес?» деп жатышпайбы. Туура, ал кезде бул маселени көтөргөн эмесмин, анткени колумда «Кумтөрдүн» тескери иштерин тастыктаган документтер толук эмес болчу, чогултуп жаткам, чогулган болсо ошондо эле көтөрмөкмүн.
Канадалыктар ушунчалык көпкөн экен, бул кенди башкарып тургандардын аялдары да бекер жерден акча алып турушкан. Мен 2012-жылы 20-июнда Жогорку Кеңеште жасаган докладымдын аягында «прокуратура, УМКК, ИИМ жана финполициядан турган тергөө тобун түзүп, күнөөлүүлөрдү аныктап, каматчусун камап, кустурчусун кустуралы» дегем. Анымды бийлик угуп да койгон жок. Анткени далай чиновниктерибиздин күнөөсү аныкталмак.
Кызык, 3-октябрдагы митингде Кожоналиев экөөбүз «төңкөрүш жасайбыз» деп сүйлөшкөн имишпиз, аны митингчилердин арасында тургандар угушуптур. Биздин шыбырашканыбызды жарым метр жерден да угулбачудай ызы-чуу болуп жатса, митингчилердин арасында турган неме кантип угат эле? Күнөөлөгүсү келсе күнөөлөй беришет экен да...
«Кумтөр» маселесин көтөрүп, анда болуп жаткан негативдүү иштердин баарын токтотуп, эл байлыгын алдатпай, ошол эл үчүн кызмат кылдыралы деген тилек минтип бизди темир тордун артына алып келди.
Урматтуу сот, Сиз сот катары дагы, атуул катары дагы туура чечим чыгарышыңыз керек. Элибиздин жакшылыгы үчүн, кийинки муунубуздун келечеги үчүн чындык жагында турушуңуз керек. Бул жерде бири сот, экинчиси прокурор, үчүнчүсү соттолуп жаткандар. Ал эми тиги дүйнөгө барганда баарыбыз бирдей укукта жооп беребиз».
Садыр Жапаров маселенин баарын камтып, түшүнүктүү, сот процессине катышып жаткан адамдарды муютуу менен сүйлөдү, анткени анын кеби чындык болуп жатпайбы. Ал сөзүн бүткөндөн кийин өзүн жактап жаткан адвокаттардын ондогон суроолоруна жооп берди. Мына ошол суроо-жооптордон кийин «мамлекетти басып алууга аракет кылган» деп Садыр Жапаровго коюлуп жаткан айып жөө тумандай тарап кеткендей болду окшойт.
«Садыр Жапаровду камап бергиле» деп «Кумтөр» тараптан «заказ» түшүптүр» деген кеп бир ирет эл арасына тарап кеткен…
Сот процесси уланып жатат.
Айбек Асанбеков