Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынан депутаты, вице-спикер Бөдөш Мамырова «Кумтөр» боюнча өкмөт комиссиясынын жетекчиси Темир Сариев корутунду сөзүн айтып жатканда: «Силер түштөн кийин төш какпай эле койгула, мунун баарын Садыр Жапаровдун комиссиясы изилдеп койгон»,- деп ачууланды. Ырасында эле өкмөт комиссиясы жоо чаап келгендей айтып жаткандарынын баарын булар айта албай, болбосо, жашырып койгондорун кошуп Жапаровдун комиссиясы эң сонун далилдеп келген. Демек, Жапаровдун комиссиясынан кийин өкмөттүн комиссия түзүп, анын чыгымына 48 миллион сом коротушунун эч кандай зарылдыгы жок болчу. Андан көрө иштин жакшылыгы болсун деп, уялбай эле, намыстанбай эле Жапаров жетектеген комиссиянын иликтөөлөрүн курал кылып, анан чечимдерин чыгарса болмок.
Айбек Асанбеков