Бир кезде «кыздардын сулуусунун баары сеники» деп Ильяз Абдыразаковдун күйөрмандарына көз арта ырдап жүргөн Мажитти билесизби? Жылдар өтүп, ошол мотурайган бала чоңоюп, «Бойдоктор бурчу» рубрикабыздын коногу болууга жетишти.
Толук аты-жөнү – Абдырашитов Бекжан Кабылович
Туулган жылы – 1995-жыл, 6-ноябрь
Лакап аты – Мажит
Бою – 172 см
Салмагы – 55 кг
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокал боюнча сабак алат
– Мажит, кандайсың? Көптөн бери көрүнбөй кайда жүрдүң?
– Жакшы, рахмат. Өткөөл куракта үнүң корулдап калат эмеспи. Мындайда ырдоо бир аз ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан үнүмдүн калыбына келишин күтүп, көрүнбөй жүрдүм. Эми кайрадан чыгармачылыкка аралашып, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыра баштадым.
– Сен ырчы эле эмес, пародист, куудул да болуп кетесиң. Кайсынысы сага жакыныраак?
– Эң алгач сахнага пародия аткарып чыккам. Ошол номерлеримди азыр көрсөм, аябай уялам. Негизи, ырчылыкка көбүрөөк ыктайм. Билбейм эми кандай болот, бирок келечекте үч өнөрдү тең бирдей алып кетүү оюмда бар.
– Мажит деген өзгөчө атың бар. Бул ысымды ким койгон жана эмнени түшүндүрөт?
– Раматылык Манас Бердибеков – менин аяш атам. Анда кичинекей элем. Бир күнү ал үйгө келип калып, «Мажит, светти өчүр» деп тамашалап койгон болчу. Ошондон улам Мажит атка конгом. Бирок эмнени түшүндүрөрүн билбейм.
– Анда өз атың ким?
– Бекжан. Үйдөгүлөр, туугандарым өз ысымымдан эле чакырышат.
– Мындан 3-4 жыл мурда «Ильяз братан, кыздарыңдан бөлүшсөң боло...» деп ырдап жүрчү элең. Эми өзүң да эр жеттиң. Кыздардын жүрөгүн четинен багынтып жатсаң керек?
– Мен эмес, кыздар меникин багынтып жатышат дебейминби (күлүп). Анткени тааныбаган эле кыздар телефон чалып тийише беришет.
– Үйдөгүлөр үйлөн деп тынчыңды алып жатышкан жокпу?
– Жо-ок, азыр жаш элемин да. Анан да жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин.
– Анда Мажиттин кыялындагы кыз кандай болду экен?
– Бакыраң көз, чачы каре кыздар менин табитимде. Бою мени менен эле тең болсо экен. Өтө узун бойлуулар жакпайт. Көз алдыма дайыма дал ушундай кыздын элеси тартылып турат.
– Кандай кыздар Мажиттин жинине тийиши мүмкүн?
– Билбесе деле калп эле чойроңдоп орусча сүйлөгөн кыздарды жактырбайм. Орусча баарыбыз эле билебиз. Бирок кыргыз болгондон кийин бири-бирибиз менен эне тилинде сүйлөшүбүз керек деп ойлойм. Анан да тамеки чегип, арак ичкен кыздар жакпайт.
– Эгерде ошондой кызды аябай сүйүп калсаңчы?
– Кудай сактасын. Эгер чынында эле сүйүп болбой калсам, айтып көрмөкмүн, «мындай жаман адаттарыңды ташта» деп. Болбосо «кет, жолуң ачык» дейм.
– Кыздардын эмнесине биринчи көңүл бурасың?
– Сүйлөгөн сөзү маанилүүбү, биринчи эле ошонусуна карайм.
– Кыргыз шоу-бизнесинен кайсы ырчы кыздар жагат?
– Жаным Айзат деген эженин келбети, жүрүм-турумуна баа берем.
– Ырчы, куудул, пародист жигиттин эл билбеген дагы кандай өнөрлөрү бар?
– Кээде эргүү келгенде ыр жазып калмайым бар.
– Жаш, чыгармачыл адам китеп окууга убакыт тапса керек? Акыркы жолу кимдин, кайсы чыгармасын окудуң?
– Чынын айтсам, ушул убакытка чейин чоң чыгарма окубаптырмын. Туй ата! Бул уят. Эми окуйт окшойм.
– Маегиңе рахмат.
Асел Асанова
star@super.kg