ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Асман мелтиреп ойлуу.
– Азыр эмне кылабыз? Кыздар, бырылдап ыйлаганыңарды токтоткула. Бүгүн кечинде кафеге барабыз.
– Ыйлайбыз да, биз балалык менен коштошуп жатабыз. Мына эртең паспорт алдың, бүттү, турмуштун түйшүгү башталат.
– Кыздар, силер эмне ыйлайсыңар дейм да? Даяр үйгө барасыңар. Бизге, эркектерге кыйын, үй-жай салып, аял алып, бала бакканга даярданабыз.
Ушинткен кыздар-балдар бири-бирин сооротуп, каткырып күлүп класс демейдегиден өзгөчө шаңга толуп турат. Кечинде саат 6дан кечикпей кафеге бармак болушту, балдары менен кошо ата-энелери да барышат.
– Кызык, сенин ата-энең Орусияда го, ким келет?- деди Асман Берметке карап.
– Досуля, чоң апам барат, көйнөк алып жасанып отурат, бабушка тың го, билесиң. Мени жалгыз жибербей калсын ал.
– Менин да апам барат, тим койсо Самат байкем барып алгысы бар...
Кыздар кызуу сүйлөшүп баратып, артынан ак машина аңдып келатканын капар алышпады.
Качан гана айнектен башын чыгарган Космос деген бала кыздарга тийишкенде карап калышты.
– Кыздар, мектепти бүтүшүңөр менен!
Шыпылдаган Бермет «рахмат» деп жооп бергенге үлгүрө койду эле, Асман нукуп алды.
– Жооп бербе, капкара болуп, көзүн кара жыртайып. Теңине тийишпейби.
– Асман, ушу сен адамдарды өңүнө карап бөлбөчү,- деди чыртыя түшкөн Бермет.
– Ары-бери өткөн сайын тийише беришет. Анан да мунун апасы Жылдыз эжемдин колун сурап үйгө келиптир.
– Анда болочок жездең болот турбайбы.
– Кой, ары карап үч түкүр, ушу кантип жездем болсун?
Кыздар шыбырашып баратышат, машинаны аларды жандап жай айдап калды.
– Бермет, карындаш!
– Ов!
– Курбуң экөөңөрдү сыйлап койбойлубу?
– Ой, сыйыңарга рахмат. Силер эле калдыңар...
Берметтен озунуп Асман үн катты. Ошол замат машина токтоп, үч жигит чыгып келатат. Бермет калчылдап алган.
– Сен да, унчукпа десем, эми булар сөгөт бизди,- деди Бермет бүжүрөй.
– Сөгүп көрсүн...- дегиче болбой бирөөсү Асманды шап көтөрө калды. Берметтин чапкылаганына карабай олбурлуу үч жигит машинага Асманды салып зуу коюшту. «Коё бер» деп тепкилеп, кыйкырып, сөгүп-тилдеп баратат балдарды.
– Коркоктор, кем акылдар!
– Кой дейм, карындаш, жемелебе бизди.
– Коё бергиле, алып келген жериңерге алып барып койбосоңор, өмүрүңөр түрмөдө чирийт!
– Корктук, корктук, түрмөдө биз чирибейбиз, а сен биз барганда Космостун көшөгөсүнөн чыгып, чай куюп сыйлап турасың.
Ушинткен жигиттин сөзү жакты белем, жанатан бери башын кашып алдыңкы орундукта келаткан Космос ырсайып алды.
– Айтканың келсин, дос! Ак куу моюн аяштуу болгону калдык, ии-ий.
Толкунданган бирөөсү ушинтип айтып ого бетер машинанын ичи Асмандын ыйына эмес, жигиттердин күлкүсүнө толуп кетти.
Кептин төркүнүн эми түшүндү кыз. Ала качат деген үч уктаса түшүнө кирбеген окуяга эмне дээрин билбей алайды. Бая классташы сынай карап суроо бергени бекер эмес экен. «сениби, Бермет! Менин эң жакын курбум деп жүрсөм, кылганың ушул беле?» деп ичинен ызырынды ага. Бир көчө ылдый бурула бергенде апасынын караанын көрө койгон кыз кыйкырып калды.
– Апа, апа дейм!
Көчөдө бараткан апасы кайдан уксун, анын үстүнө бир-эки кыйкырганда эле кыздын оозун жаап, зымырап өтүп кетишкен. Арткы айнектен апасынын караанын карап, үнү бүттү кыздын. Жанатан бери эркек мүнөзүнө салып ыйлабай келаткан. Апасын көрүп эреркеп алды белем, эми көзүнүн жашын көлдөтүп өксүп баратты.
– Эй, Космос!- деди бир убакта сөгүнгөнүн токтотуп, жазылган чачын оңдогон кыз.
– Апаңды үйгө жөнөткөндө Жылдыз эжемди сурап келишти эле го, мен Асманмын, Жылдыз эмес. Билесиңби ошону, мен анын сиңдисимин!
Космоско сүйлөтө койбой эле жанындагы досу үн катты.
– Ой, билебиз, адашкан жокпуз. Сен Асмансың. Биздин аяш Асман!
– Коё бер колумду, көк мээ! Ооруп кетти.
– Сен тепкиленбей отурсаң, коё берем!
– Тепкилемек турсун өлтүрүп салам, уктуңбу, өлтүрүп!
– Мына келип калдык, эми жеңелерге уят кылбай, машинадан өзүң акырын түш...
Асмандын мындайды биринчи жолу көрүшү. Миң аракет кылбасын, айланып-тегеренген апалар үйгө алып кирип кетишти. Ак жоолугун көтөрүп келаткан аяш энеси Асманды көрүп, таң кала шалдайып туруп калды. 
– Алып чыгып кетиңизчи, сиз мени билесиз го, мен азыр турмушка чыкпайм,- деп боздоп кирди Асман тиги аялды кучактап ыйлап. Чынында, Асманды көрүп аяш энесинин да эси чыгып кетти. «Жылдызды ала качып келишкен окшойт, андайда курбума өзүм жооп берем» деп айтып алган эле. Эми кантет?..
– Асман, чырагым, ыйлаба. Балдар адашып Жылдызды эмей эле...
– Жылдыз да, мен да тийбейбиз балаңарга. Алар адашпай эле мени ала качып келишти. Сиз кылган турбайсызбы баарын,- деп апасынын курбусуна бакырып чыгып баратканда алдынан улгайган кемпир чыга калып, отура калды.
– Айланайын кызым. Буудайдын барар жери – тегирмен, кыздын барар жери Теңирден. Буйрук экен, биздин босогону аттап келдиң. Эми чыга көрбө.
– Сиз менин чоң энемдей эле аял экенсиз, аяп коюңузчу,- деп жалооруй ыйлады ага карап.
– Мен балаңарды тааныбайм, мектепти бүгүн бүтүп жатам, апаке. Келечегиме балта чаппагылачы, сураныч,- деп жалдырай баштады.
Кызды ким укчу эле мындайда. Баягы эле «биз деле ушинтип келгенбиз, мына кара, эми минтип бир үйдү зымылдатып кармап, экинин энеси болдук. Тигине сага окшоп келип байбиче болгондор бар» деп жооткоткон дежур сөздөр. Асман чыдабады, акыры кыйкырды.
– Космосту чакыргыла, мага күйөө болчу ошолбу же башкабы?
– Чакыралы, чакыралы,- деп күйпөлөктөп калышты, жанатан бери жоолук сала албай ар кимиси ар кайсы бурчта отурган келиндер. Башын шылкыйтып күнөөкөр келди.
– Эй, Космоссуңбу, вертолётсуңбу, мага ким экениң баары бир. Менин жигитим бар, сага тийбейм. Уктуңбу, ошондуктан убара болбой, уят боло элегиңде жеткирип кой үйгө. Самат байкем укса, моюнуңду үзөт. А Мелистин мүнөзүн сага айтпай эле коёюн,- деди жигитинин атын айтып кайраттана.
– Мен коркпойм эч кимден, мага да баары бир. Сен ушул үйдө каласың, болду, сөз бүттү. Саматты жакшы тааныйм, карындашы мендей жигитке барганын укса сүйүнөт ал деле,- деди ого бетер кыздын жанын кашайтып.
– Баары бир отурбайм, апамды чакыргыла,- деди жинденип, колуна эмне тийсе ыргытынып.
– Апаң азыр келет, айтышкан. Кудагыйды жакшылап коноктойлу,- деп сыртка эки келин чыгышты.
Ыйлагандан көзү шишип, колдору көк ала болгон кыз тизесин кучактай телмирип отурат. «Эмне деген шумдуктуу салты бар эле кыргыздын? Апам байкушту булар жеп коюшат го, ар бири сүйлөгөндө эле «макул» деп салбаса экен. Анда мен өлөм. Терезеден секиремби, жүрөккө бычак матырамбы, кыскасы, сүйбөгөн адамга башымды байлагыча, жер кучактап тынч жатайын» деди кыз ичинен. «Жакын эле турган жерге кантип жетпейт, жетип келбейби?» деп апасынын келбей жатканына кейип сүйлөнүп алды. Бир убакта чай көтөрүп Космос менен досу киришти.
– Оо, аяш, жоошуп калыпсың, айылга бекер концерт коюп бердиң го сен.
– Азыр антракттан кийинки концертти күт,- деди кыртышы сүйбөгөн Асман.
– Ха-ха, антракт учурунда чай ичип, өзөк жалгап алыңыз, аяш.
Колу-бутун кармап, оозун жаап машинага салып келгени аз келгенсип, эми чай көтөрүп кирип какшыктаган жигитке жини келген кыз чайнекти бир тепти. Ысык чай килемге төгүлүп, аз жерден тиги шакылыктаган досу күйүп кала жаздады.
– Ой-бой, өнөрүң күч экен го сенин. Эртең ушул килемди өзүң жууйсуң, ошондо мен сага айна алып келип берем,- деди күлгөн жигит.
– Азыр тиги тамакты досуң экөөңдүн башыңа аңтарып коё электе жоголгула!
Ушул убакта сыртта аялдардын үндөрү чыгып калды. «Апам» деди сүйүнгөн кыз.
– Апа, апа, мен бул жактамын. Апа...

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Ayanur555
2013-02-18 09:43:17
дагы бир жума кутуу...
0
Nakinai
2013-02-18 12:23:33
толук эле жазып койгулачы же китеби барбы ? Кутууго чыдам жетпей кеттат
0
kg_8787bk
2013-02-18 12:29:08
бир жума кутуш крек эн жакшы жерине келбедиби э!!!
0
Bayas_Tural
2013-02-18 15:40:59
jigiti je agasi keldi go alip krtiwse eken kantip uwul salt bolsun bul kylmyw suibogon balaga tiise baari bir baktyluu bolbooit bala dele koiberse bolmok
0
N.Bakazova
2013-02-19 01:11:08
Emi kyzygyna kele bawtady korunot, kelgile emi 1 jumany choguu kutolu,
0
Periwa
2013-02-19 01:58:14
Kosmos kosmoto uchup jurup bir dagy kyz mn taanywa albai koigon go ee?anan alakachty da))))
0
Брэд
2013-02-19 09:14:39
атаганат асман эми алакачуунун курмандыгы болуп калбаса экен. окунучтуу салт деп ала качып алган
0
Ayarym
2013-02-19 19:52:29
иий,Асман,айла жок отурат болушу керек,байкуш кыз,
0
Адам
2013-02-21 17:10:34
Асман, ушул күнгө чейин менин оюмдагыдай кыз болуп келдиң, эми ошонуңду улантып, сени алып качып келген зөөкүр менен кала көрбө!
:-)
0
hanzada_samatova
2013-02-22 20:13:09
Мен мурда кызыкпайт болчум мындай сериалдарды окуганга, Тагдыр оюунун окугандан кийин, мен да кун санап бул жаны сериалды кутуп баштадым. Кызыктуу экен.
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан