ГОА - БЕРЕКЕЛҮҮ, ЭКЗОТИКАЛЫК ЖЕР

Макаланы жазарда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести эсиме түштү. Анда кыш чилдеде жылуу кийинген Инкамал апай окуучуларына картаны көрсөтүп, Цейлон аралы тууралуу баяндап берет эмеспи. «Ал жакта күн жылуу, маймылдар, пилдер, банандар, башкача өсүмдүктөр... Эң башкысы, алар кыш дегенди билишпейт. Күн чайыттай ачык... Түнбү, күнбү, сууда сүзүп жыргайсың. Сага күрмөнүн, шапке, өтүктүн кереги жок...» Индиянын Гоа штатын мен да ушинтип баяндап баштаар элем. Чалкып, толкуну жээкке урган көк деңиз, маймылы бакта секирип, жер-жемиштин баары бышкан маал...

ИНДИЯГА ВИЗА АЧУУ ОҢОЙ ЭМЕС
Буга чейин «Супер сулуулар» бир канча экзотикалык өлкөлөргө барып, эс алып кайтышкан. Бул жолку саякат үчүн Индия өлкөсүн тандап алдык. АКШ, Германия, Кореяга виза ачтыруу кыйынга турат дешет. Бирок булардын катарын Индия да толуктайт өңдүү. Дегеним, виза жасатуу үчүн Кыргызстандагы Индиянын элчилигинин эшигин жыртканга туура келди. Бир күнү бир документ сураса, экинчи күнү «мен кечээ айткам» деп дагы башка кагаз сурап, акыры ал жакка барууга уруксат мөөрдү араң басып беришти.
Гезиттен экенибизди билгенде элчиликте иштегендер ого бетер «эмнени жазасыңар? Эмнени коёсуңар?» деп суракка алып, кооптонуу жаратты. Акыры бизди Индиянын Кыргызстандагы консулу кабыл алып, «Кыргызстан менен Индиянын достугун даңазалаган макала даярдайсыздар деп ишенем, жакшы эс алып келиңиздер» деп жылуу узатты. Ошентип, кыш чилдеде «Супер сулуу» Гузеля Келдибаева экөөбүз Гоага сапар тарттык.

УЧАКТА ТАМАК-АШТЫН БААСЫ «АСМАНДА»
Бизде Индияга түз каттам жок, Алматыдан Бириккен Араб Эмиратынын Шаржа эл аралык аэропортуна учуп, андан ары Индиянын Гоа штатына учуш керек. Кымбатчылык казактардын аэропортунда гана окшойт деп калдым. Биздин учак 2 сааттан ашык кармалып жаткандыктан, Алматынын аэропортунда өзөк жалгап отуруп баш чайкадык, анткени баалар асманды тирейт. Буга бекер эле таң калыптырбыз, «Араб аба жолдорунун» учагына түшкөндө тамак-аштын баасы чын эле «асманда» экен. Бир убакта учактын ичи тамак жыттанып эле жатып калды. Тыпылдаган стюардесса келип, «сиз отурган орундукта меню бар, баалары жазылган» деп айтып кетти.
Стюардесса дегенде сулуу жүздүү, тыкан кийинип, учакта жүрүүнүн жол-жобосун айткан адамды элестетебиз. Арабдардын учагынан мен андай асман карлыгачтарын көрбөдүм, кафедеги эле кадимки официанттар. «Бул мынча доллар, бул тамакты алсаңыз, сизге «Кола» бекер беребиз» деп эле соодалашкан кыздар. Бир убакта бир эже алаканына дарысын салып стюардессадан суу сурады. «Бир кружка сууга 2 доллар төлөңүз, бекер берилбейт» деп жылмайды.
Кыскасы, Шаржага конгуча «официанттар» жүргүнчүлөрдүн акчасын кагып алганга үлгүрүштү. Шаржадан Гоага чейин да ушул эле көрүнүш кайталанды.

«ЖИММИНИ ТААНЫЙБЫЗ»
Гоанын «Даболим» аэропортунан бизди индус жигит тосуп алды. «Хинди тилин билесиңби?» дейт, «англис тилин билгенге шүгүр де» десем, каткырып, отелди көздөй алып жөнөдү. Мына, түнкү Гоа. Булар жарыкты бизге окшоп эле үнөмдөшөт өңдүү. Анткени көчөлөрдө анда-санда гана бүлбүлдөп жанган жарык болбосо, дээрлик караңгы жол менен баратабыз. «Орусиядан келдиңерби?» деди бир убакта тиги киши.
– Жок, Кыргызстандан.
– Кандай дейсиң, кайра кайталасаң?
– Кыргызстан!
– Аа, Орусиянын бир шаарыбы?- деп коёт. Ушул жерден жарылганга туура келди, мекенибиз тууралуу кыскача айтып бердим.
– Бизден кимди тааныйсыңар?
Кантер экен деп мен да «Жиммини» деп койдум. Тиги жигит каткырып болбой эле калды, жанындагысына «Митхунду таанышат экен» деп коёт. Ушинтип дагы бир нерселерди сурап отуруп, таңкы саат 5терде акыры отелге жеттик. Бизди жылуу тосуп алышты, отелдин кызматкерлерине да «Кыргызстандан келдик» деп айтып отурсак, кагаз толтурган бирөөсү улуту дегенге орус деп жазып жатат, кыргыз деп оңдотуп, анан эс алганга шаштык.

БИЗДИН МҮРӨК СУУГА ЖЕТПЕЙТ
Тамак-ашынан абайлап отуруп, бизге тааныш тамактарды алдык. Картошка, күрүч, помидор, бадыраң, шире. Бизди көрүп кашка тишин көрсөтүп официанттар күлүшөт, «бул тамактарды мекениңерде деле жейсиңер да, Индияга келип, биздин даамдан ооз тийгиле» деп. Ачууга өчү бардай булардын. Эмне тамак болбосун, ачууну аянбай салышат экен. Анан да атайын кошумча татымалдарды кочуштап эле салып жиберет окшойт тамакка. Анысынын жыты жакпай калды...
Мөмө-жемиштерге бай. Банан, ананас, лайм, манго сыяктуу жемиштерин жеген сайын жегиң келет. Алардан жасалган шире да табигый, эч кандай кошулмасыз, таза. Индияга келип айтылуу чайын ичпей кеткен болбостур. Чыныгы жыпар жыттуу чайы шакыйды басып, суусунуңду кандырат. Жер-жемиштердин баалары да арзан. Айрыкча чет жерден келген туристтерге Гоа эс алууга ылайыктуу, арзан, берекелүү жер.
Биз конгон Калангут шаарынын жол жээктеринин баары дүкөн, отель, кафе-ресторандарга бай. 10 столду коюп деле сыртына ресторан деп жазып коё беришет. Эртең менен отелден, калган маалда сырттан тамактанып жаттык. Улам бир кафе-ресторанына кирип, тамак-ашты тандап татып көргөнгө жетиштик. Таптаза абалуу жерден, тунук булактын суусунан ичип чоңойгон биз үчүн бул өлкөнүн суусуна көнүү кыйынга турду. «Крандан суу ичпегиле, таза эмес» деп айтышкан эле, ал жакка барып келгендер. Атайын тазаланган суусун ичсек деле окшошпой койду.

КАРАЛБАЙ КАЛГАН ЗООПАРК
Кыргызстандан элчиликте иштеген бир индустан «Гоада пил барбы?» деп сурасам, «кайдагы пил, ал жактан сүрөткө түшүп келип, пилдин сүрөтүн жармаштырып, фотошоп менен жасап кой да» деп күлдүргөн болчу. Барганда эле сураганым пил болуптур. Отелдин кызматкерине «биз пилди, маймылды көрүшүбүз керек» десем, «анда зоопаркка баргыла» деп кеңеш берген. Анын кеңеши менен Гузеля экөөбүз «Бондла» деп аталган зоопаркына бардык. Бизди алып барган айдоочу Салих гид болуп берди.
Зоопаркта жыландын түрлөрү, крокодил, маймыл, тоос, жолборс, леопард, аюу, бугу, буйвол жана башка жаныбарларды кездештирдик. Крокодил камалган жерде суусу кургап, байкуш крокодилдер өлөйүн деп калыптыр, араң жылып жүрүшөт. Кобрадан баштап килтейген жыланга чейин бир канча түрлөрү бар экен, алар деле кыймылдап койбой, жансыздай жатышат. Маймылдар ал дарактан бул даракка секирип, аюу ач айкырык салып жүрөт. Зоопарктын абалын көргөн соң жаныбарлар коргоого алынганы менен, жакшылап көңүл бурган жан жок окшойт деп калдым.
«Бизге пилди көрсөт» деп Салихти шаштырдык. Пил байкушка деле кыйын экен, алдына койгон чөптөн жеп коюп турист менен сүрөткө түшкөнгө «көңүлү» жоктой. Ошентип, жолдун узактыгына байланыштуу бир күнүбүз кечке зоопаркта өттү.

ПИЛДИН АТЫ – НАТАША
Кийинки экскурсиябызды жунглиге саякаттоодон баштадык. Аянты 67 гектарды түзгөн атайын тропиктик токой бар экен. Бак-дарактын түрү, мурч дарагы, 120 жылды карыткан кокос дарагы, атайын табак жасай турган дарактар, ден соолукка пайдалуу түркүн өсүмдүктөр өскөн жерге бардык. Өсүмдүктөр дүйнөсү өзүнчө бир кызык. Ар биринин тарыхы, кайсы өсүмдүк эмне ооруларга дары экенин билүү биз үчүн пайдалуу болду. Гид кокос дарагынын жанына келип «биз үчүн бул дарактар ыйык, там салганда да кыйбайбыз бул дарактын түрлөрүн» деп айтты.
Элдин баары эле үймөлөктөшкөн жерге барсак, пил кишилерди жуундуруп жатыптыр. Башкача айтканда, пилге отурасың, ал сага мурду менен суу чачат. Кыркалекей тизилген туристтерден акыры бизге убакыт жетти. «Пилди жанынан көрсөм» деп кыялданган Гузелдин ою ордунан чыкты. Бир күн кечке адамдарга шоу көрсөткөн пил чарчабайбы деген кызыгуу менен анын кызматын алып жаткан кишиге суроо узаттым. «Чарчабайт, биз убактысы менен дем алдырып, тамак берип турабыз. Пилдин аты – Наташа, 20га чыкты» дейт. Биздин сулуудан үч жаш улуу экен деп күлүп калдык.

СООДАЛАШКАН БОЮНЧА АЛДЫГА КИШИ САЛДЫРЫШПАЙТ
Гоалыктардын көпчүлүгү өздөрүнүн жергиликтүү конкани тилинде сүйлөшөт. Анан да хинди жана англис тилдеринде жакшы баарлашат. Орус тилин дээрлик билишпейт. Бирок туристтик аймак болгондуктан, орус туугандар көп баргангабы, анча-мынча сөздөрдү, соодалашканды билип калышыптыр. Супермаркет, дүкөндөрдөн сырткары кээ бир базарлар күнүгө эле иштей бербейт.
«Мапуса» деген базарга бардык. Бул базардын көрүнүшү борбордогу «Ош базарынын» мурдагы абалындай экен. Тамак-аш сатканы, жерге коюп арзан буюм-теримдер сатканы, иши кылса быт-чыт. Бир нерсени сурай койсоң, бүттү, балээге калдың, айрыкча аялдардан. «Канчаны аласың, канча акчаң бар?» деп жабышып алат. Айымдардан айырмаланып, соодада эркектери кардарга мамиле жасоону жакшы билишет экен.
Соодалашкан жагынан, оо, булар алдына эч кимди салчудай эмес. Ар ишембиде штаттын Арпора шаарында атайын түнкү жайма базар болот. Жарыктар жаркырап, жерде жайнаган аксессуарлар, күмүштөн жасалган зер буюмдар, кийим-кечек, сувенир жана башка ушул сыяктуулар сатылат.
Аралап баратсаң, «эй, мадам, давай посмотри» деп кыйкырышат. Аргасыздан жылмаясың. Кыздын көзү кызылда деп Гузеля экөөбүз айымдардын көз жоосун алган зер буюмдарынын жанынан жыла албай көпкө турдук.

ТАР КӨЧӨЛӨРҮНДӨ ТЫГЫН
Өсүмдүк, жаныбарлар, эли, жери менен таанышкан соң Гоаны кыдырууну чечтик. Гоанын борбору Панаджи шаарына, Эски Гоа деп аталган шаарга жана башка кызыктуу жерлерине барып, саякатыбызды уладык. Транспорту автобус, жеңил машина, тук-тук (моторлуу рикша), анан мотоцикл. Жолдору өтө тар, жол чырак деген «жашабайт». Тар жолунда мотоцикли деле, машинасы, велосипед, тук-тугу, рикшасы, автобус, КамАЗы, жөө-жалаңы деле аралаш аркы-терки жүрө беришет. Биз дээрлик такси менен жүргөндүктөн, жөө адамды качан уруп кетет экен деп корктук. Айдоочулары көнүп калышыптыр, ызгыткан бойдон айткан жериңе жеткирип коёт.
Автобусуна түштүк, тук-тугуна түштүк, эми мотоциклге түшөлү деп ниеттенип жүргөнбүз. Жолдо баратып биздин көз алдыбызда катталган жол кырсыгынан улам үйгө тынч кетели дедик. Көчөлөр тар болгонго кечкисин бир аз тыгынды жаратат. Жол жээктеринде таштандылар үйүлүп, шаар анчейин таза эмес. Эмнегедир биз жашаган аймакта дүкөндөрүнө бут кийимди чечип киришет экен, чыккыча тамандагы кирди айтпай эле коёлу. А биз бут кийимчен эле кирип кеттик.

ДЕҢИЗ ЖЭЭКТЕЙ...
Күн чайыттай ачык. Мындайда отелде жатып, бассейнге түшүп отурган кимге жаксын?.. Дароо деңиз жээгине чуркайсың. Бир жолу пляжга камындык. Лифт жүрүп баратып эле токтоп калса болобу?! 5 мүнөт өттү, иштебейт, 10 мүнөт, 15 мүнөт, акыры кондиционери да өчүп калды. Телефон чалсак, «мына, азыр, баратабыз» деп, келиши кыйын болду. Демибиз кысылып баратканда, Кудай жалгап, лифтти ачышты. «Эстен кеткис күн болду» деп деңиз жээгин көздөй жөнөдүк. Баары ысыктан качып сууда жүрүшөт. Деңиз толкуну келип урат, ысык шамал... Мына ушундай кызыктын баарына «Супер сулуу» Гузеля күбө болуп келди.
«Супер сулуу» аталып, таажы кийгенде өзүмө келалбай жүргөм. «Мен чын эле сынактан уттумбу?» деп толкунданып бүтө электе экзотикалык өлкөгө түшүп калдым. Бул мен үчүн жашоомдогу эң бактылуу күндөрдүн бири. Бул үчүн гезит жетекчилигине ыраазычылык айткандан тажабайм. Мен көргөн кызыктарды кийинки жылдын «Супер сулуусу» да көрүшүн каалайт элем» деп таңданып, толкунданат Гузеля.
Гоалыктар – меймандос, тааныбаган адамга деле жылмайып учурашкандан тажабаган эл. Улам бири Гузеляны карап «сулуу кыз экен» дегенинен улам наамды татыктуу адам жеңгенине кубандым. Ошентип, 10 күндүк эстен кеткис, эң жакшы эс алуудан өз үйүбүз, өлөң төшөгүбүзгө кайтып, кубандык.

Бишкек-Гоа-Бишкек
Бурул Исмаилова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер сулуу-2012" Индиядан кайтты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Sezy
2013-02-18 22:53:18
Башка жер калбай калгансып Индияга эмне бардынар, нормально эс алгандай болбоптурсунар, эмнеси болсо да аман эсен кайтып келиптирсинер
0
chicagogirl
2013-02-21 00:32:58
Sezy, вахаха чын эле
0
maha_zum
2013-02-19 01:35:44
Osho da bashka jer kalbay kaliptirbi yaaa,andan goro Turkiyaga, Taylandga,Dubay degen dele kooz olkolor bar ele go es aluu uchun ,men bilgenim en en balit olkolodun biri İNDİYA DA,gocholoru gir jaman musor,gedeyler ayabay gop shalashtarda jashashat,erkeklerin karasan uyalbay ele artti karap turup oturup tualet kilp alishat .Jaan jaaganda chakalap jaayt da,gun ayabay isik ,alardin ruppisi bizdin som menen barabar ,giyim geche alsan arzan anan dagi chach tarach jok desen ...
0
Aibiyke12
2013-02-19 03:42:53
чын эле баргын келбей калат экен
0
ХАНЗАДА
2013-02-19 09:11:54
Ким эле Индияга барып жатыптыр? Андыктан супер сулууга ийгилик жылмайды десек болот бул жаатта. Биге келген туристтер деле ушинтип айтары анык. Анткени ойдо-томону, ак-карасы, жакшы-жаманы менен турмуш кызык
+1
altinim
2013-02-19 12:12:34
охоо тимле швейцарияда жашагандар жазганго ээ бул жерге, ар кимдики озуно ай корунот козуно Индия балит кедей бирок ушул нерсе алардын башкалардан айымалантып дуйно жузундогу туристтерди озуно тартып турат, канчалаган адамдар атайын ошо балит кир Ганди дарыясын коргонго шашат. Мышык майга жетпей сасык дептир болбогулачы . Азамат Супер Инфо ушундай кызыктуу саякат уюштурганына
0
Aisuluu7
2013-02-19 15:17:25
altinim ,биринчиден Супер-Инфого эч ким жаман соз айткан жок,болгону Индия жонундо жазылгандарды окусан баргын келбей калат экен деп жазылган.
0
altinim
2013-02-19 22:34:34
Aisuluu7, сени мн кайым айтышыш ниетим жок, жакшылап окусан мен супер инфону жактабай эле, саякат жо жазгам
0
Датка кыз
2013-02-19 15:39:02
maha_zum, менимче "Супер-Инфонун" максаты дуйно жузун кыдырып чыгуу болсо керек. Сен айткан Туркия, Дубай, Тайландга барып келишкен.Жазышкан го бул тууралуу, окуган эмессинби? Туура кылышат, барбаган олколоруно барып, коруп элге жазып, айтып беришсин да. Мисалы мен бул макаланы окуп озум да барып келгендей эле болдум. Буюрса биз да "саякатчы бака" болорбуз деген умуттомун.
0
Leili
2013-02-19 16:27:48
сонун коруп отуруп барып келгендей эле болдум
0
patriot_jigit
2013-02-19 18:43:03
томондо жазгандар асмандан тушо калышкан немелерго я биринчи озунор барып эс алып келип анан суйлогуло да. жакшы эн жакшы Гузеля жакшы эмоция менен келиптир.
0
Burul_Ismailova
2013-02-20 09:40:22
Биринчиден, Гоага барбаган киши арманда калат, ылайым насип кылып ар бириниздер барганга жетишиниздер. Экинчиден, макаланын максаты жамандоо эмес, кадимки саякат учурундагы кездешкен корунуштор, окуялар, эмоциялардан жыйылган. Темасы айтып тургандай, Гоа берекелуу, экзотикалык жер. Эсиниздерге салсак, Супер сулуу 2007 Айгерим -Антальяда, Чинара 2008 Малайзияда,2009Бегайым, Жамиля Мисирде,2010 Бурул Таиландда,2011Айсулуу Хайнанда эс алып кайтышкан. Кийинки жылы дагы бир керемет олко кутот!
0
admin_media
2013-02-20 09:40:36
Aisuluu7, altinim,
Сиздерге эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар!
0
Cyldyzka
2013-02-20 11:33:08
kança akça ketet eken 3 kişige kımbatpı super info sizderden suranıç sayakat üçün kança ketet ölkölörgö maalımat berip koysonuzdar bolobu
0
aika_sv
2013-02-20 18:11:15
Эх эн жакшы, сонун жерлерди коруп келишиптир.
0
asel.kgz
2013-02-21 06:01:31
мен да барат болчум ех акча жоокта
0
vip.asylzat
2013-02-23 18:15:25
Azamatsyn guzel'ya!Dagy-dagy kop-kop choon iygilikterge jetip juro ber!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан