БРАТЬЯ ГРИМ ТОБУ

Оригиналдуу стили менен орус рок-музыкасын жандандырууга жетишкен «Братья Грим» тобу «Ресницы» аттуу ыры менен популярдуулукка жетише алды. Аталган ыр жарыкка чыгаары менен хитке айланып, бардык радиолордон жаңырып, жыйынтыгында, топтун күйөрмандарынын көбөйүшүнө алып келген. Эгиз бир тууган Боря менен Костянын азыркы учурда жылдызы жанып турган учуру. Ошондой эле аталган топ 15-сентябрда Бишкек шаарында өз өнө­рүн тартууламакчы...

– Алгач тобуңардын жаралуу тарыхынан сөз баштасаңар?
Боря: – Негизи, топ 1998-жылы уюшулган. Анда Костя экөөбүз университетте окучубуз. Лекцияда отуруп топко ат коюуну чечип, өз алдыбызча ба­ракка отузга жакын ат жаздык. «Братья Грим» деп кимибиз жазганыбыз азыр эсимде жок. Айтор, бул ат экөө­бүзгө тең жагып, тандап алганбыз. Топтун аты оюбуздагыдай табылды деп сүйүнгөнүбүз эсимде. Эң кызыгы, топ түзүү биздин дипломдук ишибиз болгон. Тырышып отуруп акыры дипломдук ишти жакшы тапшырганбыз. Ошентип, дипломдук ишибиз биздин чыгармачылыгыбызга пайдубал болуп берди.

– Эгиздер би­ри-биринде эмне болуп жатканын сезип турушат дешет. Силерде да ушундай сыяктуу энергиялык байланыш болсо керек?
Костя: – Андай энергия бар деп айтуудан алысмын. Болгону, экөө­бүз дайыма жанаша жүргөндүктөнбү, айтор, табитибиз да, ой жүгүртүүбүз да бирдей. Үн катпай отурганда деле экөөбүздүн оюбуз төп келет. Кээде экөөбүздүн кулагыбызга бир обон угулат. Мунун баары Боря экөөбүз 24 жылдан бери чогуу болгондуктан болсо керек.

– Өз кесибиңер жөнүндө айта кетсеңер?
Боря: – Экөөбүздүн тең кесибибиз мугалим. Самара шаарындагы педагогикалык университетинин музыка бөлү­мүн аяктаганбыз. Практика учурунда Костя экөө­бүз тең иштегенге жетиш­чүбүз. Мен рок боюнча сабак берчүмүн. Алгач ата-энем Костяны Самарадагы медициналык-техникалык лицейге жиберишкен. Эмнегедир атам да, апам да Костянын медик болуусун каалашкан. Бирок, тилекке каршы, Костя ата-энемдин жолун жолдоп медик болууну каалаган эмес. Ошентип, экөөбүз тең чыгармачылыктын чыйыр жолуна чогуу аттанып калганбыз.

– Демек, ата-энеңер силердин музыкант болууңарга каршы болгон тура.
Боря:Каршы болушкан деп айтуудан алысмын. Болгону, алар ырчылык – кесип эмес деп ойлошчу. Ошондон улам бизди бир туруктуу кесиптин ээси болсо экен дешчү. Антсе да алар биздин талантыбызга ишенип, баа беришчү. Костя экөөбүз тең турмушта жүрөгүбүз каалаган жолго бет алдык. Тагыраак айтсам, чыгармачылыкка баш отубуз менен кириштик.

Кандай музыкалык аспаптарда ойнойсуңар?
– Институтта окуп жүргөнү­бүздө фортепьянодо ойногонду үйрөнгөнбүз. Ал эми гитарада болсо бала кезден ойнойбуз. Экөөбүз тең гитараны кыздарга жагынуу үчүн үйрөнгөн элек. Гитаранын сырлары менен таанышып, жакшы ойноп калгандан кийин экөбүз тең рок тобун тү­зүү­нү ойлонуштура баштаганбыз. Анткени, кичинебизден рок музыкасын жакшы көрчүбүз. Анан да­гы атабыз да рокту сүйүүчү­лөрдүн катарына кошулат.

– Өзүңөр тууралуу айта кетсеңер?
– Боря экөөбүз учурда 24 жаштабыз. Самара шаарында төрөлүп-өскөн­бүз. Төрөлгөндө эле рок-жылдыз болуп төрөлсөк керек. Анткени, музыка жазып ыр чыгаргандан башка эч нерсе колубуздан келбейт. Ий, баса, жумуртка кууруганды билет экенбиз.

– Эгиздердин мүнөздөрү бириники шогураак, экинчисиники жоош болот дешет. Силердики кандай?
– Боря: Бизде андай чоң айырмачылык байкалбайт. Себеби, биз алмашып турабыз. Кээде Костя абдан шок болуп кетет. Ал эми кээде тескерисинче, мен. Биз жумушта гана алмашып турбастан, турмушта да ошондойбуз.

– Бала кезде мүнөзүңөр кандай эле?
– Бала кезде экөөбүз тең бир орунга тура албаган абдан шок болчубуз. Бирок, сабакты жакшы окуп, өзүбүздүн аткара турган иштерибизди эч кимге айттырбастан аткарчубуз. Мектепте жакшы окуганыбызга байланыштуу кээ бир мугалимдерден ашыкча суроолорду сурап тажатып, ызы-чуу түшкөн күндөр да болгон. Ошон­дон улам мугалимдер менен келишпестиктер чыгып, мугалимдер апамды мектепке чакырткан күндөр эсим­де. Бала бакчага барып жүргөндө Боря экөөбүз көп мушташып кетчүбүз. Ошондон улам экөөбүздү дайыма жанаша койгондон коркушчу. Боря экөөбүз такыр бир пар­тада отурган жокпуз. Анткени, жанаша отурсак эле жакалашып кетчүбүз.

Ырларыңарды кантип жаратасыңар? Сөзүн ким, обонун ким жа­зат?
– Негизи, обонун сен, сөзүн мен жазам деп бөлүш­пөй­бүз. Экөөбүз оюбузга келгенди жаза беребиз. Анан чогулуп отуруп, жараткан чыгармаларыбызды оңдоп, жакшы чыгармаларды жаратууга киришебиз. Экөөбүздөн тышкары топто дагы үч киши бар. Алар да чоң жардам көрсөтүшөт.

– Кимиңер улуусуңар?
Боря: – Мен Костядан 15 мүнөткө улуумун.

– «От 180 и выше» деген киного кандайча саундтрек ырдап калгансыңар?
– «Ресница» деген ырыбызды биз ага чейин эле жазганбыз. Тасманын режиссёру Александр Стриженов ырыбызды радиодон угуп жактырып калып, бизге телефон чалып сунуш кылган. Бул сунуш бизге да жаккандыктан, ойлонбостон макулдугубузду бергенбиз.

Экөөңөр окшош эмессиңерби? Кыздарга барганыңарда алар силерди айырмалай албай калган учур болсо ке­рек?
Костя: – Биз эч качан бирибиздин кызыбызга бирибиз барбайбыз. Анткени, Боряга жаккан кыз мага жакчу эмес.

– Жеке турмушуңар тууралуу айтып берсеңер?
Боря:Менин Катя Плетнева деген жубайым бар. Экөөбүз 2003-жылдан бери чогуу жашайбыз. Ал дагы чыгармачылыкка жакын адам. Анын дагы кесиби музыкант болгондуктанбы, айтор, Катя экөөбүз бири-бирибизди толук түшүнүп келебиз.
Костя:Ал эми менин жубайымдын аты-жөнү Бурдаева Леся. Биз Лесянын жумуш ордунан, тагыраак айтсам, «Самара Максимум» деген радионун студиясынан таанышканбыз. Радиого мен ди-джей болуп орношкону баргам, а Леся ал жерде иштечү. Алгач мен көп көңүл бөлгөн эмесмин. Кийин жакшы болуп кеттик. Ал менин кү­йөрман кыздарыма жакшы мамиле жасайт. Анткени, алар менин талантымы сыйлаган адамдар экенин түшү­нөт.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан