Бишкек башкы архитектура мекемесинде өткөн жыйындын жүрүшүндө борбор калааны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планы иштелип чыккандыгы белгилүү болду.
Аталган мекеменин бөлүм башчысы Жыргалбек Асаналиев: «1999-жылы Бишкек шаарынын аймагын жана курулуштарын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынып, ал 2006-жылы иштелип чыккан. Башкы план үч этап менен ишке ашырылган. Аны биротоло бүттү деп эсептөөгө болбойт, азыр да улантылып жатат, мындан ары да айрым оңдоп-түзөөлөр киргизиле бермекчи»,- дейт.
Адистин айтымында, ушул тапта ордо калаанын аянты 16,5 миң гектар аянтты ээлейт. 2025-жылга чейин анын жалпы аянты 25,8 миң гектарга чейин кеңеймекчи. Шаар Сокулук районундагы Новопавловка жана Аламүдүн районундагы Лебединовка айылына чейин өсөт. Алдын ала иликтөөлөр жүргүзүлүп, анда 2025-жылы Бишкектин калкы 1 миллион 200 миң адамды түзүүгө тийиш. Ал эми күнүмдүк келип-кеткендерди эске алганда, 1 миллион 500 миң адамдан ашары белгиленген.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg