ЖАЗГА ДАЯРДЫКТЫ ПАРНИКТЕН БАШТАҢЫЗ

Парникте өстүрүлүп, отургузулган өсүмдүктөрдөн июнь айынын аяк чендеринде түшүм алына баштайт. Бул айдагы түшүм эрте түшүмдөрдүн катарына кирет жана аны алуу үчүн аракетти кыштын акыры, жаздын алды менен баштоо зарыл. Витаминдүү жашылча-жемиштер дасторконуңузда болсун десеңиз, анда парникте өстүрүүнү үйрөнүү да кажет.

АЛГАЧКЫ ДАЯРДЫК ФЕВРАЛДА БАШТАЛАТ

  • Кыштын акыркы айы – февралдын аяк ченинде огороддогу топурактан жашиктерге салып, тоңу кетиш үчүн үйгө алып киребиз.
  • Бир жумадай коюп, тоңу эригенден кийин абдан майдалап, кык аралаштырылат. Андан соң жашиктеги топуракты 5 сантиметрдей калыңдыкта, үстүн тегиздеп жаят. Топурак нымдуу болушу керек.
  • Кийинки кадам март айынын башында башталат. Жашылчанын уругун 1-3 сантиметр аралыкта себип, үстүн 0,5-1 сантиметр калыңдыкта көмүп, алакан менен таптап коюу зарыл. Таптагандан кийин лейканын (өсүмдүк сугаруучу идиш) жардамы менен сугарылат.
  • Жашиктердеги урук 7-10 күндө өнүп, өсүп чыгып, бою 7-8 сантиметр болгон себилме пайда болот.


  • Эскертүү! Уруктарды өстүрүүдө дары колдонуунун кереги жок.

ЭКИНЧИ КАДАМ

  • Жашиктеги уруктар өнүп, парникке көчүрүп отургузууга даяр болгонго чейин огороддогу топуракты даярдоо керек. Топурактын үстүнө кык чачылат да, ал жер аңтарылып казылат. 1 чарчы метр жерге 4-5 килограмм уйдун, жылкынын кыгы болсо жетет. Ал эми койдун же канаттуунун кыктары күчтүү болуп, өсүмдүктү күйгүзүп жибергендиктен, 1 чарчы метрге 1 килограмм жетиштүү.
  • Андан соң парник жасалат. Парникти колго жасай аласыз. Ал үчүн калың зымдарды колдонсо болот. Парник төмөндө (1-сүрөттө) көрсөтүлгөндөй тартипте жасалат. Ал эми үстүңкү жабуусу күн нуру өтүп тургандай материалдан болушу шарт. Учурда полиэтилен клеёнкасы колдонулат. Аны калыңдыгына жараша эки, үч каттап жабуу ылайык.

ПАРНИКТИН ЖАСАЛЫШЫ (1-СҮРӨТ)

  • Калың зымдан жасалган жаа түрүндөгү тирөөчтөрдүн туурасы 1 метр.
  • Жерден бийиктиги 0,5 метрде орнотулат.
  • Алардын аралыгы 0,5 метрден болгону оң.
  • Мисалы, туурасы 1 метр, узундугу 10 метр парник жасоого 21 жаача темир, узуну 12 метр, туурасы 1,5 метр болгон полиэтилен клеёнкасы керектелет. Бирок жылуулукту сактоо үчүн клеёнканы эки катташ керек. Мында узуну 24 метр, туурасы 3 метр болгон клеёнка кетет.

ҮЧҮНЧҮ КАДАМ

  • Жашиктерге себилген уруктар өсүп чыккандан кийин алар парникке көчүрүлөт. Ар бир уруктан пайда болгон себилмелер өз-өзүнчө бөлүнүп, парниктеги топуракка отургузулат. Себилмелердин аралыгы 5 сантиметр алыстыкта болушу шарт.


  • Парниктеги себилмелер май айынын башына чейин өстүрүлөт.
  • Сугаруу, отоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу керек. Бирок өтө былчылдатып сугарууга болбойт. Аба ырайына карап, кургап бараткан учурда сугаруу оң.
  • Абанын температурасы 12 градустан жогору болгон кездерде клеёнкасын ачып, желдетүү талап кылынат. Болбосо өсүмдүктөр күйүп кетиши мүмкүн.

ТӨРТҮНЧҮ КАДАМ

  • Апрель айынын аяк чендеринде парниктеги себилмелер өсүп чоңойгондо көчөт болот. Мына ошол көчөттөрдү сырттагы абага көндүрө башташат. Бул үчүн жылууланган клеёнканы күн жылуу учурда кеч кирип, аба муздай баштаган маалга чейин үстүн ачып коюшат.
  • Ушундай жол менен көчөттөрдү көндүрүп алган соң аба ырайына карап майдын башынан тарта парниктен чыгарып, огородго отургуза баштаса болот.

ПАЙДАСЫ КАНЧА?
Жогорудагы көчөттөрдү өстүрүп, эрте түшүм алууга кандай эмгек кылуу керектигин айтып, кеп-кеңешин берген Бишкектин 72 жаштагы тургуну Шафика Бадалова эненин бул чөйрөдө эмгектенгенине быйыл 46 жылдын жүзү болот. Ал өзү Өзбекстандын Сырдарыя облусунан Кыргызстанга 1962-жылы көчүп келип, 1967-жылдан бери көчөт өстүрүп сатуу чакан бизнеси экендигин айтты. Учурда уруктарды себүү иштерин, буюрса, ушул айдын аягында баштайм деп турган чагы. Ал канча киреше табууга болорунан бир мисал келтирип өттү.
Мисалы, туурасы 1 метр, узуну 10 метр болгон 10 чарчы метр аянттагы парниктен орто эсеп менен 2500-3000 көчөт алууга болот дейт. Мында помидор, бадыраң, баклажандан тартып гүлдөргө чейин өстүрүлөт. Булардын баалары сортуна жараша өткөн жылы ар бир даанасы 1 сом 50 тыйындан 2 сом 50 тыйынга чейин сатылыптыр. «Базардагы көчөттөрдүн баалары ошол жылдагы уруктун баасына жараша 50 тыйынга чейин айырмаланып турат. Өткөн жылы голланд сортундагы помидордун уругунун 10 граммынын баасы 400 сомдун тегерегинде болсо, быйыл 5 граммы 530 сом болуп кетиптир. Ал эми бадыраң, капуста, калемпир, баклажандардын уруктары 10 граммы 40 сомго чейин болот. Бирок мен бир гана ушул голланд сортун сатып алам, калган жашылча-жемиштердин уруктарын жыл сайын өзүм даярдайм» дейт эмгекчил эне.
Ошондо орточо бааны 2 сом деп алсак, 10 чарчы метр аянттагы парниктен 5000-6000 сом пайда табууга болот.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erali
2014-06-16 22:10:51
Эн керектуу материал.
0
Shekeev969798
2015-10-03 10:26:59
кол менен таптаса катып оспой калат
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан