ТАРЫХТЫН БУРУЛУШУ 7-АПРЕЛДЕ БОЛГОН

«Тарыхты кайра башкача багыттоого болбойт» дешет. Демек, мурда болбогон нерсени кайра талдоонун кажети жок, себеби болбогон нерсени болтура албайбыз. Бирок Кыргызстанда азыр болуп жаткан тагдыр чечкен тарыхый окуялар көп кырдуулугунан, купуя сырлары эмдигиче так ачыла электигинен улам мындай сенек аныктамага дал келбейт. Ал тургай болгон окуяларды өзүнө ылайыктап, тескери жоругусу келгендер четинен чыгууда.

Алсак, учурда оппозициянын айрым жетекчилеринин 7-апрелден кийинки жүрүм-туруму, кылгандары Бакиевдердин кылмыштуу тобуна каршы туруп, канын төккөн мекендештердин ак ниетин каралап, адал максаттарына көө сүртүп жатат. Аларга ар кайсы коңулдардан чыга калган талап-тоногучтар шыкак болуп улутту уят кылып, революциянын асыл ой-тилегин булгаганы да бар. Ошентсе да 7-апрелди өлкө тарыхын ала салдырган көөнө окуя, сейрек учур катары карап көрөлүчү.

РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КЫРДААЛ КАНДАЙЧА КЕЛИП ЧЫКТЫ?
Апрель ыңкылабынын алдында өлкөдө жогоркулар жаңыча башкара албаган, ал эми төмөнкүлөр эскиче жашагысы келбеген классикалык абал түзүлүп калган. Бийликтегилер карапайым элди жетер чегине жеткире эзип салган болчу.
Бул тууралуу тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин мындай деп тактайт: «Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатуу – 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптын эң маанилүү майнаптарынан болуп калды. Бул аркылуу келечекте башкаруунун ар кандай кеп кийип алып, үй-бүлө болуп топтошкон түзүмүнө жол бербөөгө жол ачылды». Чоротегиндин пикиринде, Жаныш жана Максим Бакиевдер башында турган «үй-бүлөнүн» чектен чыккан жоруктары Кыргызстандагы ыңкылап кырдаалынын башкы себептеринен болгон. «Булардын биринчиси жарым паша катары саналып, ага караштуу банда бир катар саясатчыларды, депутаттарды жана журналисттерди өлтүрүп (Медет Садыркулов, Геннадий Павлюк жана башкалар), дагы далай жарандарды өлкөнү таштап кеткенге мажбурлаган (Сыргак Абдылдаев, Чолпон Орозобекова, Бермет Букашева, Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов жана башкалар). Ал эми Максим Бакиев экономикалык башкарууда жаралып келаткан либералдык түзүмдү басып алуу жагынан жарым пашага айланган (ЦАРИИ деп аталган мыйзамсыз түзүм Максим Бакиевдин баскынчылык кыялдарынын жеткен чеги болчу)».
Аналитик Эльмира Ногойбаева да «элди бир макулук, мамлекетти өздөрүнүн менчиги деп эсептеген бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн жин оорусу мамлекетке карата укукту басып алганы, тышкы оюнчуларды, элди киши катарына кошпогону, сөз эркиндигин басып салганы элдик ыңкылапка алып келди» деп эсептейт.
Ногойбаеванын пикиринде, ушундай кырдаалда өлкөнү «үй-бүлө–бийлик–кылмыштуулук» ашташмасы күтүп турган. Ресурстардын баары бир топтун ичинде өз ара бөлүшүлмөк да, алар өз ара ыркырашып, урушуп-согушуп жүрө беришмек.
Чоротегин 7-апрелдеги элдик ыңкылаптын зарылдыгын тарыхый жагдайдан мындайча ырастайт: «Балким, бир аз кечирээкпи же башкача түрдөбү, баары бир бул окуя болмок. 6-апрелде Таласта болгон окуя Курманбек Бакиевдин саясатына карата жалпы элдин нааразылыгынын бир жарылышы болчу. Андан мурда Ош, Нарын облустарынын тоолуу аймактарындагы окуялар башат болуп берген. 7-апрелге караган түнү оппозициядагы партиялардын көптөгөн жетекчилери шашылыш камакка алынса да, карапайым адамдар Бишкектин көчөлөрүнө чыгышты. Ал гана эмес, жөн эле кызыгып «Ала-Тоо» аянтына чыккандар да нааразы болгондорду колдоп, ыңкылапчыларга дем берип турушпадыбы».

«ӨЛКӨБҮЗ КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ЖҮДӨГӨН КЕЙПИН КИЙМЕК»
«Эгерде элдик ыңкылап кечиксе, анда Москва менен Астана Бакиевдин бийлигине карата обочолонуу саясатын киргизмек» деп улайт Чоротегин. «Анткени Жаныштын «чоң муштум» желдеттеринин колдоосу астында кылмыш дүйнөсү гүлдөп кетмек. АКШ ансыз да К.Бакиев менен ымалалашып кеткен (жолдошу Медет Садыркулов өлтүрүлгөндөн кийин да ал бийликтеги топтун үгүт ишин башкара берген Оксана Малеваная менен АКШнын ошол кездеги элчиси ынак болчу дешет)». Ал эми экономикалык жактан болсо, италиялык мафия менен байланышкан кызыл кулактар менен шойкомдуу кишилерди кыргыз экономикасына аралаштыруу аркылуу от менен ойногон Максим Бакиевдин кылыктары өлкө ичинде гана эмес, тышкы экономикалык карым-катыштарда да өтө жоболоңдуу, ал тургай кыйраткыч кесепеттерге алып келери анык эле. Бул Кумтөр кенинен алынган алтынга карата акаевдик саясаттан да ашып түшкөн жоболоңго алып келмек (аталган «алтын икаясы» А.Акаевдин кайтып келер-келбесине, аны жергиликтүү кийинки саясий элита кечирер-кечирбесине карабастан, кыргыз коррупциясынын тарыхында жазылып кала берет).
Саясат иликтөөчү Марс Сариевдин пикиринде, мындай саясаттын арты Кыргызстан үчүн мамлекет катары бардык жагынан кудуретинен толук ажырап калуу менен аяктамак. «Кыргызстан эл аралык мамилелерде четте калышы ыктымал эле. Эсиңердеби, бийлиги Конституцияга каршы деп эсептеп, Бакиевди бир дагы өлкө расмий сапарга чакырбай келген. Экономикалык жактан алганда мафиялык мамлекетке айланган Кыргызстан арам акчалар «адалданган», баңгизат алынып өткөн жана Кытай товарлары тынымсыз контрабандаланган капсалаңдуу аймактын кейпин кийип калган».
Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев болсо минтет: «Бакиевдин жетегиндеги Кыргызстан аймактарын улам кертип сата берген, табигый жана минералдык байлыктарын жарыбаган пайдага тартуулаганга маш өлкөгө айланган. Өлкөбүз Максим жана анын табакташтары тарабынан сатылып, ал эми калган жерлерибиз Кокон хандыгына окшогон жүдөгөн кейипке келмек. Өлкө бытырап, феодалдык түзүлүш орномок».

БАКИЕВДЕР ӨЧ АЛУУ КАМЫЛГАСЫНДА
Арадан үч жыл өттү. Ошондон бери өлкө саясий туруксуздуктан кутула албай келет. Андан бери түштүктө болуп өткөн кайгылуу окуялардын тагы жүрөктөн кете элек. Өлкөдө референдум, парламентти, президентти шайлоо болду. Коррупция менен катуу күрөш башталды, бийлик ашынган улутчулдуктун тамырын кыркууну көздөөдө. Сөз эркиндигинин нугунда бардык маалымат каражаттарынан сын агылып турат. Ошентсе да элдеги тынчсыздануу кетпей, коомчулук өзүн коомай сезгендей. Эмне себептен?
Токтогул Какчекеев бул боюнча мындай дейт: «Мындай туруксуздук өз бийлигин курал менен болсо да коргоймун деген Бакиев тарабынан башталган. Мунун өзү Бакиевдердин баарынын, алардын урук-туугандарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн ынанымы болуп калган. Убактылуу өкмөттүн бир кемчилиги – Бакиевдин бийлигин башынан эле кылмыштуу катары ачык жарыялабагандыгында. Эми болсо алар мурдатан эле Бакиевдерге жан-дили менен кызмат кылган, алардын жоболоңдуу иштерине жана кылмыштарына тикелей дагы, кыйыр дагы катышкан соттордун илең-салаңдыгынан, атайын создуктурганынан пайдаланышууда. Алар бүгүн да дал ошол соттордун жардамы менен ар кандай кызматтарды ээлеп турушат. Демек, Бакиевдердин көптөгөн объектилеринен кылмыштуу схемалар аркылуу дале ири суммада акчалар өлкөдөн чыгарылып, кожоюндарынын чөнтөгүнө түшүүдө».
Т.Какчекеевдин айтымында, Бакиевдердин кишилери кайрадан бийликке келиш үчүн ар кандай кол топтоодон жана 7-апрелдеги окуялар боюнча сотторду кысымга алуудан баштап жапырт маалымат согушуна чейинки аракеттерди жасап жатышат. «Албетте, Бакиевдер азыркы алсыз бийликти жаманатты кылуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышууда. Алар бийликке, күч, тартип сактоо жана сот түзүмдөрүнүн катарына келишүүдө. Бул – өч алуунун камылгасы. Чындыгында эле акыйкаттыкты жана чындыкты каалаган кишилердин Коргоо кеңешине жазган ачык каты – бакиевчилердин аракеттеринин бир гана көрүнүшү» деп эскертет саясат иликтөөчү.

«БИЗДЕ БҮГҮН КОЛ ТИЙБЕСТЕР ЖОК»
Эльмира Ногойбаева болсо, «эки ыңкылап окуясынан кийин коом эми адилетсиз бийликти жөн гана алып түшүү жетишсиз, башкысы – бийлик алмашкандан кийин анык өзгөрүүлөр башталышы керектигине ишенет» дейт.
«Дароо эле эбегейсиз чоң секирик болорун күтүү акылсыздыкка жатар эле. Парламенттик түзүм бийликке жулунган жана анда турган саясий топтордун бири-бирин көзөмөлдөөсүнө шарт түзөт. Мурда эмнеси болсо да, иши кылып жеңип чыккандар ак деген аныктама бар эле. Эми болсо, таза жеңип чыккандар гана бийликке татыктуу деген жобо пайда болду. Кыймыл башталып, жылыштар акырындык менен болсо да туруктуу мүнөзгө ээ болду. Алсак, бизде кол тийбестер бүгүн жок. Өмүрбек Текебаев – ыңкылаптын кыймылдаткычтарынын бири, ал эми Азимбек Бекназаров ыңкылаптын жүгүн артынгандардан болуп саналса да, биринин айрым партиялаштарына байланыштуу экинчисинин өзүнө байланыштуу чуулгандуу маалыматтар жана далилдер ачык билдирилүүдө. Ошентип отуруп, баары мыйзам алдында бирдей жооптуу болгудай кырдаал түзүлүп баратат»,- деп эсептейт саясат иликтөөчү Марс Сариев.
Тарыхчы Чоротегин азыркы бүдөмүк абалдан чыгуунун бир жолун жаңы парламенттик шайлоодон көрөт. «Өлкө жаңы парламентти шайлоосуз оңдой албайт. Азыркы парламент да учурдагы парламенттик-президенттик түзүмдү чыңдоо үчүн мыйзамдардын тутумун жана колдонуудагы мыйзамдарга алымча-кошумчаларды киргизүүгө, экинчиден, алдыдагы шайлоодо анын жыйынтыктарын бурмалоого болушунча жол бербеген механизмди түзүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Ошондуктан кийинки парламенттик шайлоо будамайланган эмес, айкын-ачык добуш берүү аркылуу азыркыдан сапаттуу жана жашыраак саясий элитаны алып келгенге көмөк болушу керек. Жаралып жаткан жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну жеткире түшүнбөй, заматта эле Швециядагыдай жашоо болбой калганы үчүн гана жаңыдан жаралып келаткан нерселерди буттан чалып, муунтуп салгысы келгендердин чырагына май тамызууда» деп жыйынтыктайт тарыхчы.

ЖАКЫНДА ЖАЗ. САЯСАТЧЫЛАРДЫН ТААРЫНМАЙЫ КҮЧ АЛАТ
Ал ортодо жаз жакындап, демек, өлкөдө жарандык жигер артып, митингдер жана саясий тиреш көрүнүштөрү күтүлүүдө. Дагы эле мурдатан калыптанып кеткен көйгөйлөр, саясатчылардын өз ара таарынмайы, ыйкы-тыйкылары, ич күптүлөрү сыртка тээп чыгат. Буга көнүп деле бүттүк. Эң башкысы, ошол саясий талаптардын жана кыр көрсөтүүлөрдүн айынан өлкөнү дагы бир коогалаңдуу ыңкылапка алып келип такабасак болду. Анда Кыргызстан көптөгөн жылдарга артка кетип, чакчелекей будуң-чаң болобуз да калабыз.

Анара Юсупова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Begim8678
2013-02-18 14:12:01
Кыргызстаныбызда тынчтык болсун! Коррупция жоюлсун! Бизге дагы революциянын кереги жок! Бизге ынтымак керек. Бизге ыйман керек! Жаштарга билим керек!
0
Likvidator
2013-02-18 20:50:14
Кеткен адамдын артынан эрдемсип соз айткандар кобойуп барат. Бул нерсе абдан уят.
0
Zverchik
2013-02-19 16:16:47
Бул создор болгону азыркы бийлике жагынгысы келгендердин созу экени айдан ачык корунуп турат. Булар эртен азыркы бийлик кетсе аркасынан жамандашы турган кеп.
+1
Taisiya
2013-02-20 19:50:51
Адамдын жаман сапаттын айтарда,жакшы сапаттарын да эске алсак...
Азыркы бийлик да кыйратып аткан жок. Андыктан бир кундору ушундай кунго кабылып калбоосун ойлоп, таза ишто керек...
0
altinim
2013-02-21 15:33:30
бийлик бул кептерканага окшош бири кетсе кийинкиси келет дайыма орун алмашуу болот ошондой экен кеткен адамдын эле артынан ылай шыбай беруу туура эмеско, айрыкча ММКлар ашырып ийишет же заказ беришеби ошого ким келсе мактап жактап кетсе шыбап
0
Erik777
2013-02-22 21:02:32
биз ушул жерге жакшына кылым комент жазабыз,,бирок ушу коменттарий лерди окушабы депуттаттар,или призидент.
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан