«КЫЗДАР, АРЫКТАГЫҢАР КЕЛЕБИ? АНДА БЕТИҢЕРДИ ЖУУП САЛГЫЛА» :)

9-10-февраль күндөрү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоунун» Кышкы фестивалы болуп өттү. Бул фестивалга катышкан командалар «Эң мыкты команда», Эң мыкты оюнчу», «Эң мыкты тамаша» наамдары боюнча ат салышты.
Командалардын өнөрлөрү калыстар тобу тарабынан бааланып, «Эң мыкты команда» наамын «Моника Беллуччи» менен «No namе» жеңип кетти. Ал эми «Эң мыкты тамашага» «Тамадалар», «KG 77» жана «Позитифф-Вукингинин» тамашалары татыктуу болсо, фестивалдын «Эң мыкты оюнчусу» наамы «NutsТандан» Эламанга, «Позитифф-Вукингиден» Шумкарбекке буюрду.

«NUTSТАН»
Таластык кой карышкырды «раз на раз» чакырды.

ххх

Нарында антенна жакшы тартпайт, бирок этти жакшы тартат.

ххх

Үйүнө күнүгө ичип келген адам бир күнү ичпей келет. Аны көргөн үй-бүлө мүчөлөрү сүйүнгөнүнөн ичип кетишет.

ххх

Букага таарынган уй жайлоого кетем деп коркутат.

«ТАМАДАЛАР»
Аябай жалкоо адамдын жалкоо будильниги: «Тийт!»

ххх

Сүйүү Кудайы Купидон 14-февралда өзүнүн сүйүүсүн издеп жүрөт. Жаасын алып, мээлеп туруп атса, бир жигиттин жамбашына тийип калат. Жигит түшүнбөй:
– Сен кимсиң? Каякка атып жатасың?
– Мен Купидонмун. Сүйүүмдү издеп жүрөм.
– Ээ-эй, келесоо. Адамдарды сүйдүрүш үчүн жүрөккө атат. Сен мени жамбашка атып салбадыңбы!
– Эми ал адамдын ниетине, пейилине жараша болот да...

ххх

Жигит абдан «здоровая» сүйлөшкөн кызы менен «разборка» кылып жатат:
– Жаным, мен сени менен болду жүрбөйм! Экөөбүз пара эмес экенбиз, сенин боюң узун, меники кыска.
– Анда мен сага алып берген белектердин баарын кайра бер!
– Макул, «базар» жок» (жигит кийиминин баарын чечип берип жылаңач калат).

«ПОЗИТИФФ-ВУКИНГИ»
Суроо-жооп:
– Дүйнөдөгү эң бат чуркаган жандык?
– Гепард.
– Туура эмес, Бакиев!
– 7-апрель эмне күн?
– Революция.
– Туура эмес, Дүйшөмбү!
– Кыргызстандагы эң күчтүү футболчу?
– Жооп жок!
– Туура!
– Эрмек Нурбаевдин баласы?
– Алтай!
– Туура эмес, он ай!
– «Тамашоудогу» эң күчтүү команда?
– «Позитифф»!
– Туура эмес, калыстар тобу!

«NO NAME»
Кыздар, эки килограммга арыктагыңар келеби? Анда бетиңерди жууп салгыла!

ххх

Ар бир адамда ашказан болот. Мына ошол ашказан ар улутта ар түрдүүчө иштейт:
Кытай эли: Жалаң ачуу тамактар
Орус эли: «Русская водка»
Кыргыз эли: Суюк тамак, боорсок, нан, шорпо, эт, алма, гүлчөтай, лагман, «Дюшес»...

ххх

Телефон чыгарган компаниялар бири-бирине жуучулукка барышса кандай болот?
Эки «кудагыйдын» маегинен:
– Саламатсызбы, сизге жуучу түшүп келдим.
– Каяктан келдиңиз?
– «Беш-Сарыдан».
– Аа, жакшы жерден экенсиз. Кыздарымды четинен көрө бериңиз. Нокиягүл, Моторолла, Сименс...
– Бирөөсү да жаккан жок!
– Эми шагын сындырбай бирөөсүн тандап ала бербейсизби?!
– Жо-ок, өткөндө айылда бир эже китайский келин алып, элдин баарына уят болду. Анткени ага эки симка түшөт экен...
– Анда эң кичүү кызымды чакырайын. Ай, Самсунг гэлакси таб 2, келчи бери!
– Ай-ий, кызыңыздын аты эмне мынча узун?
– Узун эмес, аты-жөнүн толук айтып чакырып жатпаймынбы...

«МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ»
Алмазбек Атамбаев өзүнө келген валентинкаларды окуп жатат:
Камчыбек Ташиевден: «Сижу за решёткой в темнице сырой,
Вскормлённый в неволе орёл молодой».
Атамбаев: – Ушул Ташиевдин апелляциялары тажатты!
Азимбек Бекназаровдон: «Поздравлять делаешь, уважать делаешь, любить делаешь».
Атамбаев: – Бекназаров кыйналбай эле кыргызча жазса болмок экен.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
N.Bakazova
2013-02-18 16:16:35
ха ха ха хааай
+1
beko-
2013-02-18 19:49:49
салам!кайсыл жерден корсом болот достор жардам бергиле
0
Atamdynkyzymyn
2013-02-19 02:05:21
Ha ha ha ha!!!Maga bul oyunda Nur aiymdar komandasynyn Baktyiar Toktorov m-n oinogon tamashasy jakty.Azamatsynar kyzdar!!!!Iygilik.
0
Atamdynkyzymyn
2013-02-19 02:08:09
Men Tamadalar mykty komandany alat go dep kutkom.Jigitter.Dayardyk nacharyraaak.Nur komandasyndagy Baktyyar baykenin biylegenin tuuragan yz.Tolko sen jyldyz oorusu m-n oorubay el koichu.Ali jashsyn "jyldyz "boluuga,to est erte degenim.
0
never-cry
2013-02-19 23:46:13
ha ha az go birok koburok kowsonor bolboibu
+4
KyrgyzBala94
2013-02-21 12:07:07
ахахахаха Тамашоу СУПЕР!!!
+1
pretty-nuri88
2013-02-21 22:26:15
*позитифф-вукинги* супер тамаша... Азаматсынар! Мага абдан жакты.
0
buajara_ruslan
2013-02-22 09:59:37
эрте менен жакшы маанай тартууулады:))рахмааааат тамашоучуларга!!!
0
Karysh
2013-02-22 18:34:16
Но неймдин тамашалары жакшы чыгат ар дайым Но нейм алга.
+1
ramis_kg
2013-02-23 23:28:56
Хахахаха
0
Tifony
2013-02-24 22:00:32
1-си не смешно и не реально!
0
INailia
2013-02-25 13:44:27
мага"тамашоу" курама командасынын Астанадагы,Сочидеги ойногондору аябай жакты.мен силердин жакынкы арадагы Москва шаарындагы боло турган оюнунарга ийгилик каалайм.
0
leopard
2013-07-12 22:28:17
no name алга силерди расса расса жакшы кором
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан