Ата-эненин тарбиясы – баланын келечегинин пайдубалы. Баласынын жөндөмүнө, талантына, кызыгуусуна карап аны туура жолго салса, албетте, ал бала турмушунда өз ордун табат. Учурда бийиктиктерди багынтып, «кыргыздын уулу» деп сыймык арттырып жүргөн таланттуу мекендешибиз, белгилүү кинорежиссёр Нурбек Эгендин апасы Гүлсүн апа менен баарлаштык.
«ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ – БУЛ БАЙЛЫК»
-Жолдошум экөөбүз бир кыз, үч уулду тарбиялап-өстүрдүк. Нурбек уулдарымдын улуусу, кызыбыздан кийинки экинчи балабыз. Балдар кичине кезинде тарбиясына мен көбүрөөк көңүл буруум керек болду. Себеби атасы мектеп директору, ага бир гана өзүбүздүн эмес, жалпы айылдын балдарынын тарбиясы менен алектенүүгө туура келчү. Эртең менен жумушка кетип, кечинде чарчап келип жатып калат. «Бизге материалдык байлыктын кереги жок. Балдарыбызга татыктуу тарбия берсек, ошол биздин байлыгыбыз» деп көп айтар эле. Бала бакчага барган кездеринен эле дээрлик баары искусствого жакын экенин байкагам. Таланты болсо жардамы тийсин деп музыкалык аспаптарды алып берчүбүз.
«ЛЕНИНДИН БАЛАСЫМЫН ДЕП АТАСЫН ТААРЫНТКАН»
-Нурбек бала кезинде эле абдан ой жүгүртүүсү кенен, башкача ойлонгон бала болчу. «Апа, асманда жашынмак ойногон жаман да, ээ?» дейт бир күнү. «Эмнеге, балам?» десем, «ал жакта жашынганга эч нерсе жок да» дейт. Күлүп эле калдык. Ушул сыяктуу ойго келбеген суроолорду көп берчү. Анда мен кинорежиссёр деген кесиптин бар экенин деле билбейм да, суроолорду көп бергенине карата эле «Нурбек чоңойгондо сот болот» деп койчумун.
Бир күнү атасы Нурбекти чакырып алып, «балам, сен чоңойгондо ким болосуң?» деп сурады. Анда Нурбек болгону 10-12 жаштар чамасында болсо керек эле. Ойлонбой туруп «Талас облусунун обкому болом. Талас жакшы да, Манас атанын күмбөзүн көрөсүз. Мен сизге машинамды жиберем го» деп калды. Уулунун бул сөзүнө кубана эркелетип, «кимдин баласысың сен?» деп сураса, «Лениндин» деп жатпайбы. Атасы ошол жоопко кадимкидей таарынып жүрдү.
«МАТЕМАТИК БОЛОТ ГО ДЕГЕМ»
-Бир күнү атасы «биздин мектепке Оштогу математикалык багыттагы лицейге эки орун берилди» деп айтып калды. Мен ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп «Нурбекти сынакка катыштырып көрбөйлүбү» дедим. Атабыз көнүп, сынакка барып өтүп кетти. Ошентип, 7-класстан баштап Ошто окуду. Мен соода тармагында эмгектенчүмүн. Жума сайын Ноокаттан Ошко базарга товар алганы барчумун. Эми эле көрүп келсем да, кайра кийинки жумага чейин санааркай берчүмүн.
Ошондой күндөрдүн биринде ата-энелердин чогулушуна чакырып калышты. Барып, Нурбектин «Тоок минип тоого чыкканда» деген апыртмасы «Жаш Ленинчи» журналына чыкканын угуп кубанганымды айтпа. Аны кыркып алып сактап койгом, азыр да бар. Анан 8-Мартка карата мугалимдерге пьеса коюп бергенин айтышты. Ошентип, бул тармакка кызыгуусу жаралды. Математиканы да жакшы окучу, математик болот го дегем.
«АТАСЫ ЭМИ БАЛАҢ САХНАДАН ТҮШПӨЙТ ДЕДИ»
-10-класста окуп жүргөндө бир күнү Ошко барсам, «апа, мага бир аз акча керек эле» деп калды. Уул баланын «акча керек» дегенин укканда коркосуң да. Көрсө, Ош драма театрын ижарага алып, жеке пьесасын койгону жатыптыр. «25-май» деп аябай чоң афиша илиптир, айтор, даярданып алган. Атасы аны укканда урушуп чыкты, «математика багытына биз аны эмнеге бердик? Баламдын чыгармачыл адам болушун каалабайм» деп. Нурбек экөөбүз сүйлөшүп алганбыз, эгер эл келбей калса, атасынан жашырып ижара акысын мен бермек болгом. Бирок ошол күнү гүлдөрүн көтөрүп алып элдин көп келгенин айтпа. Ичимден кубанып калдым. Балам болсо бирөөнүн көйнөгүн, дагы бирөөнүн туфлисин сурап кийип кычырап алыптыр. Атасы үйгө барарыбыз менен эле «эми балаң сахнадан түшпөйт» деди.
«СТУДЕНТ КЕЗДЕ КӨП КЫЙНАЛДЫ»
-Талашып-тартышып жүрүп, акыры борбордогу Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда кинорежиссёрлукка окуп калды. 6 айдан кийин жолдошум «кызыгуусу тараган чыгар, барып Нурбекти алып кел» деп мени шаарга жөнөттү. Келсем, өзүнүн кеткиси жок, мугалимдери да «бул баладан чыгаан режиссёр чыгат, алып кетпеңиз» деп суранып калышты. Таштап, кайра айылга кетип калдым. Атасы «ии, мактап койсо эле келе бердиң да» деген бойдон унчуккан жок.
Ошентип окуп жүрүп, алгачкы «Жоолукчан» деген киносун чыгарды. Өзүнүн анча-мынча жакшыраак кийимдерин сатып, карызга да акча алыптыр, ал киносу үчүн. Кийин тасма жарыкка чыкканда материалдык жактан колдогон байкелери талантын баалап, Москвадан билим алууну сунуштап, анын артында балам ошол жакта окуп калган. Эми студент кездеги кыйналганын айтпа. 90-жылдар, баарында акча тартыш мезгил. Нурбектин ошол жылдары абдан эле кыйналганын билгем, бирок ал күндөрдөгү чыныгы кыйынчылыктарын кийин гезиттен окуп-билдим. Мага айтчу эмес.
«ЭЭНСИРЕГЕН ҮЙ» СӨЗ БОЛСО УЯЛЫП, КАЧЧУМУН»
-Баламдын эмгегинен жаралган тасмалар биринин артынан бири чыгып келет. Дайыма анын ийгиликтерине кубанып, маңдайым жарылат. Акыркы чыккан тасмасы – «Ээнсиреген үй» жарыкка чыкканда бизди шаарга чакырган. Келип, көрүп кеткенбиз. Анан эле эл туш тараптан сындай баштабадыбы. Гезиттердин бирин калтырбай окуп алып, балам жөнүндө кичине терс сын жазылса эле капаланып калчу болгом. Нурбектин өзүнө да айтып жүрдүм, «балам, кайдан гана мындай кино тартып койдуң эле? Тартпай эле койсоң болмок экен. Мен бул киноң сөз болгон жерден кадимкидей уялып, кача турган болдум» деп. Нурбек болсо «апа, эмне үчүн дайыма эле мени мактай бериши керек, сын сөздөр да керек. Бул турмуштук чындык. Сиз уялбай эле коюңуз» деди.
«ОРУС КЫЗЫНА ҮЙЛӨНДҮ ДЕП КАТУУ ТААРЫНГАМ»
-Нурбек кино, окуу, жумуш деп жүрүп кеч үйлөндү. Келген сайын «балам, тиги кызын берем деди, барып көрсөң боло. Мунун кызын көрчү» дей берчүбүз. «Ии, ооба. Убакыт жок, колум бошобой жатат» деген бойдон кайра кетет. Кийин «Аталар керээзи» («Сундук предков») деген тасмасын тартканы келгенде «Бишкекке келиңиз, сизге сүйлөшкөн кызымдын сүрөтүн көрсөтөм, тааныштырам» деп калды. Сүйүнүп, учуп эле келдим. «Алып келчи, кызыңды көрөлү» десем, Иринанын сүрөтүн көрсөттү. «Мунуң орус го» деп чочуп кеттим. «Жакшылап карасаңыз, жакшынакай эле кыз, апа» дейт, «карабайм эле, карабайм» деп жатып акыры көнгөнгө туура келди. Көрсө, ал кезде келиним Ира экөөнүн тун баласы Данияр үчкө чыгып калыптыр. «5 миллион кыргыздын ичинен сага бир да кыз табылбаган экен да, балам» дедим. Башка сөз айта алган жокмун. Ошондо Нурбекке аябай катуу таарынгам.
Пенденин эмес, Жараткандын айтканы, каалаганы болот экен. Айылга алпарып, ырымын кылып жоолук салдык. Жаман эмес. Ира аябай күйүмдүү чыкты. Ийкемдүү, бир жериме кал чыгып калса да ошону байкап, ой-боюма койбой дарыгерлерге көрсөтүп, күйүп-бышып сыйлап турат. Өзүбүзгө эле окшош экен деп калам, ичимден кубанып. Же бул Нурбектин камчысынын катуулугунанбы, айтор, баары жакшы. Азыр Бишкекке көчүп келишкен. Нурбек болсо тасма тартуу иштери менен убактылуу Орусияда жүрөт. Үй-бүлөнүн эки жакта болгону жаман деп жаттым эле. Жок, азыр компьютер менен күнүгө жүз көрүшүп сүйлөшүп турушат экен. Мага да «апа, балдарыма кыргызча үйрөтүп, эркелетип жанында болсоңуз» дейт. Улуусу мектепте окуйт. Кичинекейи Каныкей аябай мага окшош. Ира да «апа, сизге окшоштуруп төрөп койдум» деп күлүп калат. Нурбек аны «кара кызым, ширин кызым» деп эркелетет.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg