ЖУМГАЛДЫКТАР КУБОГУН ЭЧ КИМГЕ ЫРАА КӨРҮШКӨН ЖОК...

9-10-февралда Жумгал районунун Чаек кыштагында хоккей боюнча эл аралык стандарттагы борттун ачылыш аземи болуп, 2 күн аталган райондун ачык кубогуна арналган мелдеш өттү. Хоккей боюнча жаңылык болуп жаткан соң биз да Нарынды көздөй аттанып калдык.

«ЭЛЕСТЕТ, ЖУМГАЛДА БОРТ САЛЫНЫПТЫР...»
«Элестет, Жумгалда борт салыныптыр...» Кабарды уккандын көбү ушинтип таң калып жатты. Ошондой таң калууну жараткан эл аралык стандарттагы борт 9-февраль күнү ишке кирди. Жалпысынан эл аралык стандарттагы бортту Чаектеги сейил багынын аймагына орнотуу үчүн 600 000 сом акча каражаты жумшалып, 15 күн ичинде бүткөрүлгөн. Каражат Жумгалдын чыгаан кулундарынан чогултулуп, жалпы колдоо алдында салынды.
Бул долбоорду чийип чыгууда Жумгал суу курулуш ишканасынын жана Жумгал жылуулук берүү ишканасынын башчысы Таалай Алымкуловдун жана «Жумгал суу курулуш» ишканасынын башкы инженери Нургазы Исагуловдун ролу чоң экенин айтышты жергиликтүү эл. 2010-жылкы 7-кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча Кыргызстан курама командасынын көбүн ушул жумгалдыктар түзгөнүн эске алып, бул алардын кийинки баскычка умтулуусу болуп калды десек болот.

ЖУМГАЛДЫКТАР – ЧЕМПИОН!
Ачылыш аземинен соң мелдештерге орун берилип, катышып жаткан 6 команда 2 тайпага бөлүндү. Командалар тайпалардан чыгуу үчүн өз ара оюн өткөрүп, 2 тайпадан биринчи болуп чыккан командаларга финалга жолдомо берилмей болсо, 2-болуп чыккандар 3-орунду талашмай болду. Мал бакканы малын, соода кылганы соодасын таштап, кары-жашына карабай келип, хоккейчилерди сүрөп турушту. Көк музду коньки тиле сызып, улам шайбаны тыным алдырбай 2 тарапка кубалаган хоккейчилердин оюну эч кимди кайдигер калтырбады. Анан кантип ооздон көк буу чыгара кыйкырып, сүрөгөнгө болбосун?!

«А» ТАЙПАСЫ
«Жумгал-Шортон» (Чаек)
«Чолпон-Ата» (Ысык-Көл)
«Тенти-Аке» (Байзак)
«Жумгал-Шортон»-»Тенти-Аке» – 13:0
«Чолпон-Ата»-»Тенти-Аке» – 3:4
«Жумгал-Шортон»-»Чолпон-Ата» – 9:2

«В» ТАЙПАСЫ
«Ала-Тоо-Дордой» (Нарын)
«Ормон Хан» (Кочкор)
«Барчын» (Миң-Куш)
«Ала-Тоо-Дордой»-»Барчын» – 5:4
«Ормон Хан»-»Барчын» – 3:4
«Ала-Тоо-Дордой»-»Ормон Хан» – 5:1

3-орун үчүн
«Барчын»-»Тенти-Аке» – 5:1

Финал
«Жумгал-Шортон»-»Ала-Тоо-Дордой» – 5:1

Рахат Абышев, «Жумгал-Шортондун» башкы машыктыруучусу:«РАЙОНУБУЗДУН КУБОГУН ӨЗҮБҮЗ ЖЕҢДИК»
– Бизге жеңиш көп машыгуунун артынан келди. «Ала-Тоо-Дордой» командасы менен жакында Нарында облустун губернаторунун кубогунда беттешип, утулуп кал­ганбыз. Азыр өз ра­йо­нубуздун кубогун өзүбүз жеңип, кубанып отурабыз. Атаандаштардын мыкты коргоочулары келбей калып, утулуп калышты. Анан да губернатордун кубогунан кийин машыгышпаганын айтышты.

 

 

БАШ БАЙГЕ 50 000 СОМ БОЛДУ
Сыйлоо аземине КРнын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков, Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов, Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев жана башка белгилүү инсандар катышты. Чемпиондорго сыйлык тапшыруу алдында бир катар наамдар боюнча хоккейчилер сыйлык алышты. «Мыкты оюнчу» наамы «Барчын» командасынын оюнчусу Төлөгөн Жолдошбековго тийсе, «Мыкты дарбазачы» Айбек Тилек уулу («Ормон Хан»), «Мыкты коргоочу» Жуматай Дубашев («Тенти-Аке»), «Мыкты чабуулчу» Эмилбек Жумалиев («Ала-Тоо-Дордой») жана «Мыкты гол киргизген оюнчу» деп Канат Абылмечин уулу («Жумгал-Шортон») табылды. Баш байге 50 000 сом, 2-орунга 20 000 сом, 3-орунга 15 000 сом, 4-орунга 5 000 сом ыйгарылды.

ШОРТОН КӨЛМӨСҮ – КЫРГЫЗ ХОККЕЙИНИН БАШАТЫ
Эгерде хоккей оюнунун Кыргызстанда өнүгүү жолу жазыла турган болсо, анда Чаектеги Шортон деген көлмө сөзсүз жазылат. Анткени тээ илгертеден эле аталган айылдагы саз хоккей оюнунун майданынын ролун ойноп келген. Хоккей боюнча саамалыктын Жумгалда өтүп жатканы тууралуу мындай пикирлер айтылды:

Муратбек Бегалиев, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору:«ИЛГЕРИ ШОРТОНДО ҮШҮП ЖҮРҮШЧҮ ЭЛЕ»
– Тоо койнунда кенедей балдар-кыздар коньки тээп, мелдеш өткөнү кубандырат. Кыргыз спортуна дагы бир спорт келип, ордун тапты. Илгери Шортондо үшүп-шишип жүрүшчү эле.

 

 


Барчынбек Орозобеков, дыйкан: «СЕЙИЛ БАК АРАК ИЧИЛЧҮ ЖАЙГА АЙЛАНЫП БАРАТКАН»
– Экономикасы артта калган райондо ушундай борт салынып, мелдеш өткөнү эле чоң жеңиш. Суу тартылып, тоңдуруучу күчкө ээ болуп, жарык коюлду. Балдарыбыз түнкү саат экиге чейин ушул жерде ойношууда. Кечээ эле арак ичилчү жайга айланган сейил бак бүгүн балдарыбыздын оюн борборуна айланды.

 

 


Мурат Жакыпов, Бишкек шаардык Хоккей федерациясынын президенти: «ЭМИ ЖАЙКЫСЫН РОЛИК, КЫШЫНДА КОНЬКИ МЕНЕН ОЙНОЙБУЗ»
– Бортту эми жайкысын ролик менен, кышында коньки менен ойногудай кылабыз. Эмки жылдан баштап жеткинчектер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында мелдеш өтөт. Губернатор милдеттеме берип, эмки өлкө чемпиондугу ушул жерден өтмөй болду. Тарыхка кайрылсак, 1998-жылы Жумгал райондук спорт комитетин жетектеп турган Качыке Бейшен уулу агабыз жазган «Кыргыз хоккейи» деген долбоордун негизинде хоккей жанданууда. Башта жөнөкөй музда ойноп, кийин карды тоңдуруп майдан жасасак, азыр минтип, бортто ойной баштадык.

 


Ошентип, 2 күндүк мелдешке күбө болуп, Бишкекти көздөй жөнөдүк. Бокстун казаны АКШнын борбору Вашингтондо эмес, Нью-Йорк шаарында кайнагандай эле, кыргыз хоккейи Бишкекте эмес, Теңир-Тоодо өнүгүп жатыптыр деген жыйынтыкка келдик. 5-6 ай кар жаткан теңир-тоолуктар жакшы эрмек таап, ал эрмеги менен кыргыз спортуна салым кошуп жатышат.

 Кыстарылган видео 
Жумгалдагы хоккей чемпиондугу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aza090387
2013-02-21 01:15:08
Азаматсынар Саяктар!
+1
boztalaa
2013-02-23 12:16:35
azamatsunar kyrguzdar
+1
kuba_kg-ss95
2013-02-24 10:40:11
азаматсынар!!!бирок жаны форма алып алышса жакшы болмок!!!Чаек алга!!!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан