КЫРГЫЗСТАНДА ПРОМОУТЕРЛЕР БАРБЫ?

ЭМИЛ ТОКТОГОНОВ, Кулатуу, Эр таймаш, ММА сыяктуу спорт уруш түрлөрү боюнча башкы машыктыруучу, КРнын Вале тудо федерациясынын президенти:
Промоутер – бир беттешти же кандайдыр бир мелдешти уюштурган адам. Ал федерацияга же бир мамлекетке көз каранды болушу мүмкүн. Ошол эле учурда көз карандысыз промоутерлер да болот. Алар жалданып мелдеш өткөрүп беришет да, бул иши үчүн акча алышат. АКШда, Европа өлкөлөрүндө атайын адис промоутерлер бар. Мындайча айтканда, менеджер деген түшүнүктү берген адис.
Кыргызстанда Азия же Евразия чемпиондугун өткөрүш керек болсо, Эл аралык спорт федерацияларына же Дүйнөлүк федерацияларга кайрылыш керек. Булар промоутердин иши. Айрым өлкөлөрдө бул милдетти түрдүү спорт түрлөрү боюнча федерациялардын президенттери, вице-президенттери аткарат же эл аралык промоутерлерди жалдашат.
Кыргызстанда көбүнчө мындай милдетти башкы машыктыруучулар аткарышат. Анткени биз мелдештерге барып жүрүп, кайсы жерден кантип жолдомо алыш керек экенин билип калганбыз. Кай бир учурларда Казакстан, Тажикстан өлкөлөрү менден суранып, промоутерлик милдетти беришет. Дагы бир нерсени айта кетейин, Азия жана Евразия чемпиондуктары боюнча Евразиянын чемпиондугу деп аталып, мелдеш өткөрүлөт. Карай келсең, 5-6 гана мамлекет. Эми себебин айтып койсом, жалаң азиялык спортчулар менен кошо Орусиянын спортчулары бир мелдешке чогуу катышса, демек, Евразия чемпиондугу аталып калат. Эл аралык федерацияларга кайрылып жатканда ушунун баарын эске алабыз.
Промоутерлер спорттун өнүгүшүнө зор салым кошушат. Кыргыз спортунда промоутер жетишпейт дегенге болбойт. Бизде каражат эле жок. Спорттун деңгээлин көтөрүү үчүн чет жерден да спортчулар келиш керек. Алардын бири кеминде 5 000 долларга келип кетет.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MMA_1
2013-02-23 00:28:15
Бизде каражат жогунана коп жерлерден, коптогон ийгиликтерден куру калабыз. Мамлекетти дуйного тааныта турган бул спорт. Спорт жаатына жакшыраак конул болуу зарыл!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан